Президенттик шайлоо үчүн 1,2 млрд сом бөлүнөт

Президенттик шайлоо үчүн 1,2 млрд сом бөлүнөт
Президенттик шайлоону өткөрүүгө алдын ала 1 миллиард 200 миллион сом өлчөмүндө каражат каралууда. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы чыгымдардын бардык беренелерин дагы бир жолу деталдуу карап чыгып, аларды оптималдаштырууга аракет кылат.
«Мүмкүн болгон бардык жерден чыгымдарды кыскартууну каалайбыз. Эгер чыгымдар азайса, үнөмдөлгөн каражаттарды башка социалдык муктаждыктарга багыттоого болот. Акыркы бюджетти эртең бекитебиз», – деди Тынчтык Шайназаров.
БШКнын төрагасы депутаттардын шайлоодо лотерея өткөрүү жана шайлоочуларды кызыктыруу боюнча сунуштары да шайлоонун бюджетин талкуулоодо карала турганын кошумчалады. Депутаттар президенттик шайлоого биринчи жолу катышып жаткандарга белек берүү менен шыктандырууну сунушташты.
«Биз болжолдуу эсептеп чыктык, эгер аларга белек тартуулай турган болсок, анда бул үчүн дагы кошумча 137 миллион сом талап кылынат. Эгер, бул идеяны колдосоңор, биз аны иштеп чыгууга даярбыз», – деди БШК төрагасы.




