Кабар

Кыргызстандыктардын жарымынын топтогон акчасы бир айга жетпейт

Кыргызстандыктардын жарымынын топтогон акчасы бир айга жетпейт

Кыргызстандыктардын 50 пайызы негизги киреше булагынан ажырап калса, учурдагы чыгымдарын карыз албай бир айдан ашык убакыт жаба албайт. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы калктын финансылык сабаттуулугу боюнча изилдөөсүндө айтылат.

Изилдөөгө ылайык, респонденттердин 18 пайызынын каражаты бир жумага да жетпейт. Дагы 32 пайызынын акчасы бир жумадан бир айга чейин жетет.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 29 пайызы чыгымдарын бир айдан алты айга чейин жаба алат. 15 пайызынын топтогон каражаты алты айдан ашык убакытка жетет. Калгандары бул суроого жооп бере алышкан эмес.

Изилдөөдө белгиленгендей, киреше булагынан ажыраган учурда каражаты бир айга же андан аз убакытка жетчү адамдардын үлүшү акыркы төрт жылда өскөн. 2021-жылы бул көрсөткүч 39 пайыз болсо, 2025-жылы 50 пайызга жеткен.

Мындан тышкары, сурамжылоого катышуучулардын 59 пайызы акчасы жетпей калат деп тынчсызданарын билдирген. Ал эми 39 пайызы «эптеп-септеп жан багып жатабыз» деген пикирге кошулган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button