Кабар

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн жылына 1 млрд доллар жумшалууда

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн жылына 1 млрд доллар жумшалууда

Кыргызстандын Кытайга карызы 1,4 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Умутжан Аманбаев билдирди.

Атканминердин айтымында, бүгүнкү күндө бул карызды төлөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок, учурда карыз этап-этабы менен төлөнүп жатат.

«Карыздарды төлөөгө 77 миллиард сом бөлүндү. Анын 70 пайызы тышкы карызды төлөөгө жумшалды. Азыркы учурда карызды төлөө боюнча мөөнөт өтүп кеткен учурлар жок. Өлкөнү өнүктүрүүгө алынган насыялардан коркуунун кереги жок», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Мамлекеттик карызды төлөө көлөмү улам жогорулап бара жатат. Жогоруда аткаминер айткандай, мамлекеттик карызды төлөө үчүн 77 млрд сом (болжолдуу 0,9 млрд доллар) жумшалыптыр, жыл айыгына чейин бул көлөм 1 млрд доллардан ашуусу шексиз. Бирок аткаминерлер дагы да карыз алууга үндөп келишет. А бирок, алынып жаткан карыздар кайсыл тармакка жумшалып жатканы жөнүндө так маалымат ачыкталбай келет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button