Комментарий

Орусия жана КМШ өлкөлөрү терроризм жана экстремизм тууралуу маалымат алмашууну күчөтөт

Орусия жана КМШ өлкөлөрү терроризм жана экстремизм тууралуу маалымат алмашууну күчөтөт

Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу «РБК» маалымдады.

Документке Орусиянын башкы прокурору Александр Гуцан, Беларустун башкы прокурору Дмитрий Гора, Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов, Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов, Тажикстандын башкы прокурору Хабибулло Сайдулло Вохидзода жана Өзбекстандын башкы прокурору Нигматилла Юлдашев кол койгон.

Келишимде терроризм жана экстремизмдин, анын ичинде нацизмди актоого байланышкан көрүнүштөрдүн жайылышына тынчсыздануу билдирилген. Тараптардын пикиринде, мындай коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугуна, ошондой эле саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулугуна олуттуу зыян жеткириши мүмкүн.

Комментарий: терроризм жана экстремизм түшүнүктөрү Исламга жана мусулмандарга каршы күрөш экендиги эбак ачыкталган. Алардын шылтоосу менен Ислам даваты чектелип, мусулмандардын биримдигин жана шариятты талап кылгандар камалып жатышат. Ошол эле учурда, диктатор режимдер бул түшүнүктөрдү өздөрүнүн бийлигин сактоо, каршылаштарын жок кылуу үчүн колдонуп жатышат. Бул түшүнүктөргө кошумча эми «нацизмди актоо» деген түшүнүк кирип келе жатат. Бул да колонизатор мамлекеттердин колониялдык саясатын коргоонун бир куралы болуп эсептелет.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button