Комментарий

Сеулдеги саммит ким үчүн маанилүү?

Сеулдеги саммит ким үчүн маанилүү?

2026-жылдын 16-сентябрында Түштүк Кореянын борбор шаарында «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматындагы саммит өттү. Кореянын президенти Ли Чжэ Мёндун төрагалыгы астында өткөн саммитке Казакстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын лидерлери чогулду. Тарыхый жолугушуунун башкы жыйынтыгы Сеул декларациясынын кабыл алынышы болду.

Ага ылайык, тараптар кызматташтыкты системалуу мүнөзгө келтирүүгө жана “Борбор Азия – Корея” форматындагы саммиттерди ар эки жылда бир жолу туруктуу негизде өткөрүүгө макулдашышты. Катышуучулардын көңүл чордонунда экономикалык кызматташтык маселелери турду. Анын ичинде стратегиялык жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо, критикалык маанидеги минералдарга туруктуу жетүүнү камсыздоо, жашыл энергетика, санариптик технологиялар, жасалма интеллект тармагындагы долбоорлор, ошондой эле транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү бар. Саммит Түштүк Кореянын Евразиядагы позицияларын чыңдоого, аймакка технологиялык альтернатива жана узак мөөнөттүү инвестицияларды сунуштоосуна жол ачат.

Комментарий:

Түштүк Кореянын Борбор Азиядагы мындай экономикалык таасирин кенейтүүсүнүн артында анын жеке коммерциялык кызыкчылыктары гана турбайт. Мунун артында, АКШнын аймактагы Кытай менен Орусиянын таасирин азайтуу боюнча стратегиялык милдеттери да байкалат. Ошондой эле бул Вашингтондун глобалдык технологиялык лидерлиги үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү минералдарга жетүүнү камсыздоо максатын көздөйт. Сеулдун Борбор Азияга карай багыты АКШнын сейрек кездешүүчү минералдарды көзөмөлдөө жана Бээжин менен Москванын технологиялык үстөмдүгүн чектөө боюнча глобалдык стратегиясына шайкеш келет. Вашингтон ишенимдүү союздаштардын (мисалы, Түштүк Корея жана Жапония) Евразиянын ресурска бай аймактарында бекемделүүсүнө, ошол жерде Батыштын геосаясий атаандаштарын четтөтүү менен ачык-айкын эрежелерди, стандарттарды жана технологиялык хабдарды түзүүсүнө кызыкдар. АКШ үчүн бул жогорку технология тармагында экономиканын аман калуу маселеси болуп саналат. Сеул жарым өткөргүчтөр, электроника, автомобил куруу жана аккумулятор сектору үчүн чийки заттардын үзгүлтүксүз жеткирилүүсүнө көз каранды. Борбордук Азиянын ресурстук базасын Кореянын кайра иштетүү технологиялары менен бириктирүү Сеулга Кытайдан келүүчү монополиялык жеткирүүлөрдөн көз карандылыкты азайтууга жана глобалдык жеткирүү чынжырларын диверсификациялоого шарт түзөт.

«Борбордук Азия — Корея» форматындагы өз ара кызматташтык Сеулга чийки зат коопсуздугун жана сатуу рынокторун камсыз кылып, АКШга жана анын саясатына көбүрөөк пайда алып келет. Ал эми аймак өлкөлөрүнө альтернативдүү инвестициялар жана технологияларды гана убада кыла алат. Бирок аймактын ичиндеги экономикалык айырмачылыктан улам, экономикалык дивиденддер, заводдор жана индустриалдык долбоорлор Казакстан менен Өзбекстанга көбүрөөк тиешелүү болот. Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөлөргө көп тараптуу саммиттер дипломатиялык тең салмактуулук куралдарын берет. Бирок, объективдүү түрдө саясий жактан экинчи ролдо калып, чектелүү гранттар жана санариптештирүү долбоорлору менен гана чектелип калуу коркунучу бар.

Абды Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button