Жапаров БУУну реформалоону сунуштады

Жапаров БУУну реформалоону сунуштады
22-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаты башталды. Быйылкы жыйын дүйнөнүн бир катар аймактарында согуш жана чыңалуу уланып, БУУнун гуманитардык кризистерди жөнгө салуу аракеттери натыйжа бербеген учурга туш келди. Дебаттардын биринчи күнү БУУнун келечеги жана эл аралык коопсуздук маселеси негизги темалардын бири болду.
Кыргызстандын президенти өз сөзүндө дүйнөдөгү согуштар менен гуманитардык кризистер эл аралык процесстердин татаалдашканын көрсөтүп жатканын айтты. Жапаров сөзүнүн негизги бөлүгүн БУУну реформалоого арнады. Ал Коопсуздук Кеңешинин курамын кеңейтип, Африкага эки, Латын Америкасына бир туруктуу орун берүүнү сунуштады. Ошондой эле БУУ кабыл алган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөчү жаңы механизм түзүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө берилген вето коюу укугу туура эмес колдонулуп жатканын белгилеп, кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна берүүнү сунуштады.
Комментарий:
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жеңип чыккан ири державалар дүйнөнү өз ара бөлүп алышкан. Алар өз таасир аймактарын сактап калуу, алар менен атаандаша турган башка ири державалар пайда болбостугу үчүн Бириккен Улуттар Уюмун түзүшкөн. Бул эл аралык уюм өзүнүн резолюциялары жана эрежелери менен дүйнөнү чеңгелинде кармап турат. Ким анын эрежесинен чыкса катаал жаза белгилеп, аны ишке ашырат. Ал вазыйпаны Коопсуздук Кеңеши аткарат. АКШ, Британия, Россия, Франция, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп эсептелет. Бул туруктуу мүчөлөр Коопсуздук Кеңешинде вето колдонуу укугуна ээ. Башкача айтканда бул туруктуу мүчөлөр кылмыш кылышса да эч кандай жаза тартпаганга мүмкүнчүлүгү бар. Маселен, алар ар кандай резолюцияга вето коюп, резолюцияны кабыл алдырбай коё алышат. Демек алар өздөрүнө жана саясатына каршы ар кандай резолюциянын ишке ашуусуна бөгөт коё алышат. Ошондой эле алар өз союздаштарын жана малайларын да вето аркылуу коргошот.
Ошон үчүн Кытай режими уйгур мусулмандарын куугунтуктап, камакка алып, дининен кайтарып жатса да, АКШ Иракка, Ооганстанга, Иранга кол салып, миллиондогон адамдын өмүрүн кыйса да, Россия Кавказда мусулмандарды кыргын кылып, Украинага согуш ачса да, Британия менен Франция өзүнүн мурунку колонияларында миллиондогон адамдарды өлтүрүшкөн болсо да эч бир жазага тартылышпады. Себеби, жогоруда айтылгандай алар «вето» укугу аркылуу корголушкан. Ошондой эле, Америка “Израилди” өз кызыкчылыгы үчүн Газадагы кыргынга, Батыш жээктеги аккупациялык аракеттерине карабай коргоп-колдоп келүүдө.
Демек, Бириккен Улуттар Уюму жана анын органдары адамзаттын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн эмес жана ал эч качан алсыздардын же эзилгендердин коргоочусу болгон эмес. Ал чындыкты бурмалап, алсыздарды алдоо үчүн колдонулган курал. Бул уюм колониалдык мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылып, аларга көз каранды мамлекеттерди баш ийдирүү жана эзүү саясатын улантууга шарт түзөт. Алар адам укуктары жана эл аралык мыйзамдар боюнча өздөрү кабыл алган эрежелерди өз кызыкчылыгына жараша колдонушат. Ошентип, бул уюм чыныгы адилеттүүлүктү орнотууга эмес, басмырланган элдердин көтөрүлүшүнө тоскоолдук кылууга кызмат кылат. Андыктан, бүгүнкү дүйнөдөгү адилетсиздикти БУУга кайрылуу же аны реформалоо аркылуу оңдооо чоң адашуу болуп эсептелет. Бүгүнкү эл аралык система жана анын институттарына катышуунун ордуна мусулмандар Исламга таянып адилеттүү эл аралык системаны курушу керек.
Ал эми Ислам мамлекети өтмүштө адам укуктарын урматтоо, келишимдерди жана мыйзамдарды бекем кармануу менен айырмаланган. Бул мыйзамдарды сактоо Аллахтын буйругу жана Анын ыраазылыгына жетүүнүн жолу катары каралган. Аллах Таала келишимдерди аткарууну ыйман менен байланыштырып, такыбалыктын белгиси катары сүрөттөгөн. Андыктан, бүгүнкү зулумга баткан дүйнөнү Ислам мамлекетин кайрадан тикелөө аркылуу гана бакубаттыкка алып чыгуу мүмкүн!
Акыл Исаков




