Диний темаларды чагылдырган блогерлерге чектөө киргизилет

Диний темаларды чагылдырган блогерлерге чектөө киргизилет
Кыргызстанда динге байланыштуу бардык темаларды чагылдырган, видео тартып, подкаст уюштурган блогерлер атайын уруксат алышы керек. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин башкы адиси Нургазы Кыргызбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы мыйзамда “диний насаатчы” деген термин пайда болуп, блогерлер бул талапты аткарышы керек.
“Дин тууралуу иш жүргүзөм деген кызматкер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына барып, диний билимин тастыктап, кайсыл жаатта блог алып бара турганын маалымдап, андан кийин улуттук агенттиктен бир жылдык күбөлүк алышат. Эгер бир жылдан кийин анын ишмердүүлүгү туура эмес багытта жүрсө, туура эмес идеологияны тартып, мыйзамдан тышкары иштер жүргүзүлсө күбөлүгү чектелип, кийинки жылы берилбейт. Бул жалпы эле интернеттеги подкаст алып барып жаткан, диний жаатта ишмердүүлүк жөнүндө сүйлөп чыгам деген, баян айтам дегендерге тиешелүү”, – деди Кыргызбаев.
Эске салсак, Кыргызстанда 2025-жылдын 21-январында “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу” жаңы мыйзам өлкөдөгү калктын калың катмарынын каршылыгына карабай кабыл алынган. Дин комиссиясы мына ушул мыйзамдын алкагында жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө аракет кылып жатат. Мыйзамда каралган “насаатчы” деген термин диний ишмерлердин интернет жана аймактардагы баяндарын көзөмөлдөп, чектөө максатында киргизилген. Мисалы, мечиттин имамдары өзү катталган аймактан башка жерде баян айтып, диний ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. О.э журналисттер же диний билим алган мусулмандар өз алдынча диний темада блог алып баруусу үчүн Дин комиссиясынан жыл сайын каттоодон өтүп турушу шарт. Эгер берүүлөрдүн биринде бийликтин кызыкчылыгына каршы же, мыйзамга тескери бир шарий милдетти баяндаган болсо, Дин комиссиясы анын ишмердүүлүгүн дароо токтотуу укугуна ээ болот. Ал эми, каттоого алынбагандар насаат айтуу укугунан ажырайт.
Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Аны таштагандар кудум намазды таштаган сыяктуу күнөөкөр болушат. Буга кошумча, шарият боюнча, сиз өзүңүз жакшы билген маселеде аалым эсептелесиз жана аны билбегендерге жеткирүү, үйрөтүү мойнуңуздагы милдет болот. Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам): “Айрым бир жеткирилүүчүлөр угуучулардан (т.а. Росулуллах салаллаху алайхи вассаламдан угуп, кийин тигил жеткирилүүчүлөргө үйрөтүп жаткандардан) жакшыраак аңдап жетүүчү болушат”, – деген.
Демек, аталган мыйзам долбоору аркылуу бийлик мусулмандардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөп, коомго терең кирип бара жаткан Исламий дааватты тосууну көздөп жатат. Ал эми, диний тармакта кабыл алынган чечимдер үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттер жана алардын куралдарына айланган эл аралык жана аймактык уюмдардын басымы аркылуу кабыл алынууда. Эгер бийликтегилер каапыр колонизаторлордун мажбурлоосуна баш ийип кылса, фасыктык кылган болот. Мажбурлоого каршы чыкса, мындай мункар иштерди аткаруудан баш тартса, үлкөн ажр-сыйлыктарын алат. Ал эми, момундар айрыкча, аалымдар мындай мункарды кылуучуларды бул иштен кайтарышы фарз.
Расулулла (с.а.в) мусулмандардын жоопкерчилигин эскертип мындай деген: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».
Негизи, Ислам биздин жеке ибадаттарыбыздан тартып, мамлекетти башкарууну, саясат кылууну, экономиканы кантип өнүктүрүүнү, бюджетти кандай бөлүштүрүүнү, жаза-чараны кандай белгилөөнү, саламаттыкты сактоону, таалимди туура берүүнү жана аял-эркек алакасынан келип чыга турган социалдык маселенин баарын тартипке салып бере турган толук дин! Аны мамлекетке аралаштырбоо бүгүнкү күндө мусулмандар башынан өткөрүп жаткан кордукка дуушар кылат. Ал эми мамлекеттик деңгээлде колдонуу хулафаи рошидиндердин доорунан тарта Усманий халифалык кулаганга чейин уланып келген адилеттүү системаны, бакубат жашоону камсыз кылат.
Аллах Таала айтат: “Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча момун боло алышпайт”.
Акылбек Исаков




