Макала

Казакстандагы каргашалуу окуя: Генералдардын жазаланбашы – армиядагы оор көйгөйдөн кабар берет

Казакстандагы каргашалуу окуя: Генералдардын жазаланбашы – армиядагы оор көйгөйдөн кабар берет

Каспийдеги каргашалуу окуядан кийин коргоо министри Даурен Косановдун кызматтан кетиши, Казакстандын аскердик башкаруу түзүмүндө олуттуу көйгөйлөр бар экенин ачыктады. Бирок министирди алмаштыруу менен аскер тармагындагы бардык маселелер чечилип кетпейт.

Капитализмдин түпкү көйгөйлөрү ачыкталмайынча, атап айтканда, системалуу коррупция, жоопкерчиликтин жоктугу жана жогорку аскер жетекчилигинин кесиптик даярдыгы менен жөнөмдүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөр жоюлмайынча, кадрдык өзгөрүүлөрдүн өзү олуттуу натыйжа бере албайт.

Каспийде машыгуу учурунда 2005–2007-жылдары туулган 14 кырчындай жоокердин каза болушун жөн гана «каргашалуу кокустук» деп түшүндүрүүгө болбойт. Бул капиталисттик башкаруу түзүмүнүн жана Казакстандын аскер-деңиз күчтөр жетекчилигинин кылмыштуу шалаакылыгынын жыйынтыгы экени маалым.

Аба ырайынын чукул өзгөрүшү жөнүндө эскертүү берилген соң, алдын ала инженердик чалгындоону өткөрбөй туруп, нөөмөттө турган куткаруучу катерлер камсыздалбаган шартта жоокерлерди оор ок өтпөс жилеттер менен сууга түшүрүү, бул аскердик коопсуздуктун негизги талаптарын одоно бузуу болуп саналат. Мындай шартта берилген буйрук жоокерлердин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч жараткан.

Жаңы чакырылган жоокерлердин сууга чөгүп бараткан жоокердин үстүнө секирип жатканын чагылдырган видео үзүндүлөрү, машыгуу процессинин канчалык деңгээлде уюштурулганы тууралуу олуттуу суроолорду жаратат. Жоокерлер генералдардын колунда отчётту тапшыруу үчүн сарпталуучу каражат катары иштетилип баштаганда, армия аскердик кызмат өтөөчү жай эмес, өзүн-өзү өлтүрүүчү майданга айланат.

Ак Ордо Коргоо министрлигин ички текшерүүнү жүргүзүү укугунан ажыратып, текшерүү милдетин күч түзүмдөрү менен каржы органдарына өткөрүп бергени менен, башкаруу системасынын өзү өзгөргөн жок. Жылдар бою коргонууга, мамлекеттик сатып алууларга жана логистикага бөлүнгөн бюджеттик каражаттар аткаминерлердин кабинеттеринде «жоголуп» келген.

Армия эң жөнөкөй нерселерден, тагыраагы, куткаруу каражаттарынан, чалгындоо иштеринен жана негизги камсыздоо иштеринен акча үнөмдөп келген. Генералдар бюджетти бөлүштүрүп, жапжаңы болсо да кырсыкка учураган техникаларды мисалы, Су-30СМ кыйраткыч учагын, же EC-145 тик учагын сатып алып жатканда, жоокерлер машыгууга согушка бараткандай жөнөтүлүп келген.

Жогорку офицердик курамдын чыныгы кырдаалга көңүл бурбай жатканы чындыгында чектен ашып кеткен. Косановдун Сенаттын коридорлорунда аскерге чакырылган жоокерлердин өлүмү тууралуу суроого жооп берип жатып, чын дилинен күлүшү жана Астанада нааразылык акциясына чыккан энелерди тоготпошу, бул журналисттерге эле эмес, Казакстандын жалпы коомчулугуна да каратылган ачык мазактоо болуп эсептелет.

Жогору жактагылардын мындай маскаралыктан жазаланбашы жагдайды күчөтүп, аскердик бөлүктөргө олуттуу басым жаратууда.

Статистикага кайрыла турган болсок: өлкөдө бир жыл ичинде 236 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ал эми тергөө баскычындагы иштердин басымдуу бөлүгүнүн аягына чыкпай, токтотулушу системадагы олуттуу көйгөйлөрдү көрсөтүп турат.

Муну менен бирге, армиядагы өз жанын кыюу фактыларынын саны да кооптуу деңгээлде өсүүдө. Жаш жоокерлер басмырлоого, зомбулукка жана командалык курамдын толук кайдыгерлигине туруштук бере албай, же психологиялык жактан сынып, же өз жанын кыйууга чейин барышууда. Адамдын өмүрү эч кандай бааланбаган жерде мындай каргашалуу окуялардын кайталанышы адаттагы көрүнүшкө айланат.

Мындан туура 11 жыл мурун 2015-жылдын сентябрь айында, дал ушул деңиз жээктеринде жоокерлер сууга чөгүп каза болушкан. Ошол учурда күнөөлүү офицерлер убактылуу элдин көңүлүн алган гана мөөнөткө кесилип, кийин мунапыс менен эркиндикке чыгып кетишкен. Демек, татыктуу жазаланбоо мындай окуялардын кайталануусуна сөзсүз түрдө кайра алып келет. Бул дагы бир ирет абал канчалык деңгээлде олуттуу көйгөйгө айланганын тастыктайт.

Эгер Жогорку аудитордук палата, УКК жана Башкы прокуратура жүргүзүп жаткан масштабдуу иликтөө кайрадан «жеңил өкүмдөр» менен жана көз боёмочулук үчүн гана айтылган сөгүштөр менен аяктаса, азыркы түзүм согуш жок болгон жагдайда да убактылуу кызмат өтөп жаткан жоокерлердин өмүрүн алууну уланта берет.

Андыктан министрлерди кызматтан алуу менен гана чектелбестен, мамлекеттик түзүлүштүн бардык тармактарын ичинен чириткен капиталисттик башкаруу түзүмүн кулатуу мезгили келип жетти.

Мунун каршысында Ислам тарыхына, чыныгы амирлердин кадыр-барк салтын, ошондой эле Аллах Таала белгилеген Ислам түзүмүнүн турмушка ашырылышынын натыйжаларын эске салбай коюу мүмкүн эмес.

Армиядагы жоокерлерге карата мындай кайдыгер мамиле, Пайгамбардын ﷺ доорундагы жана Рошид халифтердин мезгилиндеги исламий аскердик тарбияга, башкаруунун негиздерине – мабдалык жана адеп-ахлактык жактан таптакыр карама-каршы келет. Пайгамбарыбыз осуят кылган эреже жана салттарга ылайык, амир өзүнүн кол астындагы жоокерлеринин абалынан эч качан ажырап турган эмес.

Халид ибн Валиддин сактыгы буга өзгөчө мисал боло алат. Атактуу кол башчы, «Аллахтын кылычы» деген атка конгон Халид ибн Валид жоокерлери уктап жатканда, эч кимге билдирбестен, өзү жалгыз душмандын оругуна кирип, чалгындоого чыгып турган. Ал өлүм коркунучун катардагы жоокерлерге жүктөбөстөн, душмандын ордосун өзү чалгындаган.

Анын белгилүү: «Мен үчүн мусулмандарды кайтарып турган түн майрам түнүнөн да кымбат» деген сөзү чыныгы жетекчинин маңызын толук чагылдырат.

Умар ибн аль-Хаттабдын жоопкерчилиги да өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Ал ар бир жаран үчүн жеке жоопкерчиликти көтөрүүнүн мисалын көрсөтүп, жада калса «жолдун начардыгынан төөнүн ботосу мүдүрүлүп кетсе, анын жоопкерчилиги менин мойнумда болот» деген белгилүү сөзүн айткан. Ошол доордо өзүнүн кол астында болгон адамдарынын өлүмүнө күлгөн амирди элестетүү мүмкүн эмес эле.

Ошондой эле Шамдагы аскердин башкы колбашчысы Абу Убайданы да эске алуу керек. Ал өтө жөнөкөй жашап, дүйнө жыргалчылыктарынан баш тартып, катардагы жоокер менен бирдей тамактанып, жерде уктаган. Кол башчы менен жоокердин ортосун байлыкка, ашыкча жыргалчылыкка жана текеберликке болгон умтулуу бөлүп турган эмес.

Аллах Тааланын каалоосу менен, биз Пайгамбарлык минхажы негизиндеги башкаруу кайрадан кайтып келип, амирлер өз жоокерлери үчүн курмандыкка барууга даяр болгон Ислам бйилигинин жакынкы күндөрү иш жүзүнө ашырылышына үмүт кылабыз.

Дал ушундай түзүм орногон соң, өз мамлекетин коргогону чыккан ар бир жоокер өзүнүн кызматы менен сыймыктанмак, анткени бүтүндөй үммөттүн коопсуздугу жана адилеттүү Исламды жер жүзүнүн бардык булуң-бурчуна жеткирүү жоопкерчилиги түздөн-түз алардын кызматына байланыштуу болмок.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button