Роя гезити

Америка, Кытай жана жок болууну күтүп турган жалган цивилизациялар

Америка, Кытай жана жок болууну күтүп турган жалган цивилизациялар

Американын президенти Трамп 2026-жылдын 23-сентябрында, шаршемби күнү, Вашингтон шаарына жакын жайгашкан аскердик аба базасында кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинди кабыл алды. Бул Кытай президентинин үч күнгө созулган расмий сапарынын башталышы болду.

Кытай 1970-жылдары дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири болгон. Кийин ал дүйнөдөгү экинчи ири экономикага айланып, «дүйнөнүн фабрикасы» аталып калды. Бирок бул өзгөрүү кокусунан болгон жок. Ал узак мөөнөттүү көз караштын, кылдат иштелип чыккан пландын жана стратегиялык сабырдуулуктун натыйжасы болду.

Бул жолдун башталышы Дэн Сяопиндин 1978-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигине келиши менен байланыштуу. Ал мабданын ордуна экономикага артыкчылык берип, төмөн эмгек акыга жана тышкы экспорттун жогорку көлөмүнө негизделген экономикалык моделди түздү. Ошондой эле чет элдик инвесторлорго эшиктерди ачып, 1979-жылы Кытайдын чыгышындагы шаарларда атайын экономикалык аймактарды (SEZ) түздү. Ал эми 2010-жылдан тартып Кытай дүйнөдөгү экинчи эң күчтүү экономикага айланды.

Ал эми аскерий жактан алганда, Кытай өзүнүн экономикалык күчүн аскерий күчкө айландыруу жолунда бара жатат. Анткени ал жыл сайын аскерий чыгымдарын көбөйтүүдө. Кытай 2025-жылга карата улуттук коргонуу бюджетин 7,2%га көбөйтүүнү пландап жатат, бул коргонуу бюджетинин онунчу жылы катары менен бир орундуу сан менен өсүшүн белгилейт. Өлкөнүн ушул жылга пландалган коргонуу чыгымдары 1,784665 триллион юанга (болжол менен 249 миллиард АКШ долларына) жетет.

Ошол эле учурда Кытай армиясынын кадимки жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү да өнүгүп жатат. АКШнын Согуш министрлигинин шаршемби күнү Конгресске сунуштаган баяндамасында 2024-жылдын ортосунда Кытайдын 600дөн ашуун өзөктүк дүрмөтү болгону, ал эми 2030-жылга карата алардын саны миңден аша турганы айтылган. Кытай 2025-жылдын 3-сентябрында өткөрүлгөн аскерий парадда өзүнүн өнүккөн куралдарын көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурган.

Ошондуктан бүгүнкү Кытай жетимишинчи жылдардагы жана андан мурдагы Кытай эмес. Аны менен жүргүзүлө турган сүйлөшүүлөр да мурдагыдай болбойт. Бүгүн Америка алдында көз жаздымда калтырууга болбой турган эбегейсиз аскерий жана миң ирет эсептешүүгө мажбур кылган зор экономикалык күч турат. Бул АКШ администрацияларынын, өзгөчө Трамп администрациясынын Кытайга болгон мамилесинен ачык көрүнүп турат.

Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата бин Халил Абу ар-Раштанын 22.11.2025-жылы чыккан «Кытай жана анын чектелген аймактык көз карашынан бошонуусу» аттуу суроо–жообунда мындай деп айтылган:

«Дүйнө полициясынын ролун ойногон Америка өзүнүн Азия стратегиясына ылайык, кээде аскерлерин жана жабдууларын Европадан Тынч океан аймагына көчүрүү менен, кээде Тайвань кризисин пайдалануу менен – Кытайдын күчөшүнө жол бербөөгө жана аны кармап турууга аракет кылып келет. Кээде Индияны колдонуу менен, кээде “Австралия, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары” жана “Квад” (АКШ, Австралия, Индия жана Япония) сыяктуу аймактык өлкөлөр менен аскердик альянстарды түзүп келет. Кээде Huawei сыяктуу кытайлык компанияларга каршы соода согуштарын жүргүзүү аркылуу басым өткөрөт. Себеби, Советтер Союзу кулагандан кийин, Америка исламды негизги (идеологиялык) душман, ал эми Кытайды мамлекеттик душман катары өзүнүн душмандарынын тизмесинин башына койгон. Америка Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар себептүү Кытай менен болгон кагылышууну кечеңдетип жана жайлатса да, бул согуштардан кийин ал өзүнүн бардык максатын, айрыкча соода согуштарын Кытайга бурган».

Эми изилденип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан маселелерге келсек, бул саммит Трамп жарнамалап жаткандай ийгиликтүү боло алабы?!

ЖМКлар жарыялаган Трамптын билдирүүлөрүнүн арасында Кытай президентинин Вашингтонго жасаган мамлекеттик сапары учурунда «эбегейсиз прогресске» жетишкендиги айтылды. Ошондой эле эки тарап Иранга каршы согушту жана жылдын аягына чейин алардын ортосунда дагы эки жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаганы маалымдалды (BBC).

Бул билдирүүлөр чоң адаштырууну жана чыныгы кооптонууларды билдирет, алар чын ыкластуу билдирүүлөр эмес. Мунун бир нече себептери бар:

• Шайлоо маселеси: Трамптын Америка коомчулугун, өзгөчө фермерлерди, жолугушууда көзгө көрүнөрлүк жылыш болгондугуна ишендирүүгө жасаган аракети.

• Саясий жана экономикалык кризистер: Анын Иран менен болгон согуштагы кризиси жана андан келип чыккан саясий кесепеттер, ошондой эле дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Америка экономикасына тийгизген терс таасирлер, мындан тышкары Американын ичиндеги мунайдын кымбатташы.

• Ички жана тышкы басымдар: Республикалык партиянын ичиндеги кризиси, ошондой эле Америкадагы саясий бөлүнүү. Ошондуктан Америка дагы деле Кытайды душмандар менен курчап, алардан чектөөлөрдү алып салууну жана аскерий чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылууда. Ошондой эле Европа мамлекеттеринен НАТОго болгон чыгымдарды көбөйтүүнү талап кылууда.

Ал эми талкууга коюлган маселелер көп жана алардын ар бирине өзүнчө токтолуу керек. Мисалы, жасалма интеллект маселесинде, Синин билдирүүлөрүнө карабастан, бул боюнча чыныгы милдеттенме болот деп айтууга болбойт. Ал: «Вашингтон менен Бээжин жасалма интеллектти жалпы коомдук кызыкчылыкка кызмат кыла тургандай өнүктүрүү жана башкаруу жоопкерчилигин алышы керек», — деп айтып, андан ары: «Бизде жасалма интеллектти жалпы коомдук кызыкчылыкка кызмат кыла тургандай өнүктүрүү жана башкаруу, ошондой эле анын өнүгүүсү ар дайым адамдын көзөмөлүндө калышын камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүк да, жоопкерчилик да бар», — деп белгилеген.

ЖМКлар New York Times гезитинин мындай дегенин келтиришти: «Трамп коркунучтарга аз көңүл бурду жана бул жаңы куралды жөнгө салууга кайдыгер мамиле жасады. Коопсуздук стандарттарына карабастан, жасалма интеллект тармагында Американын Кытай үстүнөн жеңишке жетүүсү аны ойлондурган жалгыз маселе болуп жатат».

Ошондой эле гезит реалдуу жагынан алганда, кандайдыр бир жолугушуунун өзү эле эң сезимтал маселелерде олуттуу жылышка жетишүүсү күмөн экенин белгиледи. Бирок Америка менен Кытай эл аралык таасир үчүн атаандашкан эки гана каршылаш эмес, аларды дүйнөлүк туруктуулукка байланыштуу жалпы кызыкчылыктар да бириктирет.

Ал эми сейрек кездешүүчү минералдар маселесине келсек, Кытай алардын маанилүүлүгүн жана кооптуулугун түшүнөт. Ал соода согушунда Америкадан жеңилдиктерди алуу үчүн аларды Америкага каршы курал катары колдонгон, бирок бул Кытай тараптан жооп иретиндеги аракет болгон.

Петерсон эл аралык экономика институтунун жогорку илимий кызматкери Колин Хендрикс «Аль-Хурра» телеканалына Кытай бул материалдарды экспорттоого чектөө киргизүү аркылуу атаандаштарынын өнөр жай жана коргонуу тармактарындагы жеткирүү чынжырларын үзгүлтүккө учурата аларын түшүнгөнүн айтты.

Ал эми азыр Брукингс институтунун жогорку илимий кызматкери болгон Хаас Кытайдын бул минералдарды Америкага жеткирүүнү токтотушу анын экономикасына кеңири кесепеттерди алып келерин айтты.

Экспорттун туруктуу улана беришине болгон ишенимдин жоктугу жолугушуунун ийгилиги чектелүү экенин көрсөткөн нерселердин бири болуп саналат. АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грир Американын Кытайга басым көрсөтүүнү улантуусу зарыл экенин айтты. Бул Кытайдын маанилүү минералдар боюнча келишимдерге кармануусун камсыз кылуу үчүн керек. Анткени америкалык расмийлер Кытайдан келген жеткирүүлөр талап кылынган деңгээлге жете электигин билдиришкен.

Ошондой эле соода санкцияларын тоңдуруу болгону эки айга узартылышы жолугушуунун ийгилиги чектелүү экенин көрсөткөн дагы бир жагдай болуп саналат. АКШнын каржы министри Скотт Бессент шаршемби күнү Америка менен Кытай ортосундагы соода тынчтыгын эки айга т.а. анын 10-ноябрдагы аяктоо мөөнөтүнөн 2027-жылдын 10-январына чейин узартуу боюнча макулдашканын жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Макаламды жогоруда айтылган суроо–жооптун соңунда келтирилген сөздөр менен аяктаймын:

“Демек, Америкабы же Кытайбы же экөө теңби, бул дүйнөдө атаандашып жатышат, аларды жана алардын жолдоочуларын жамандыктан башка эч нерсе курчап турган жок, анткени аларда  ийгиликке жетелей албаган жалган цивилизация бар. Ал эми бүгүнкү күндө алардын жерден жогору тургандай көрүнгөн бийиктигине келсек, бул дүйнөгө жакшылыкты тараткан, алардын жамандыктарын жок кылган жана алардын түзүлүшүн буза турган “мамлекеттин” жоктугунан улам келип чыгууда. Кудай буюрса, ал кайтып келет. Ал Туура жолдогу Халифалык, ал аларды мурда өздөрүнө окшогон перстер жана римдиктерди кулаткандай кулатат. Ислам үммөттү – тирүү, активдүү  жана ал Аллах алар үчүн белгилеп койгон баштапкы жолуна тездик менен кайтып келе жатат.

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾

“Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөтсүңөр. Силер (адамдарды) жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарасыңар жана Аллахка ишенесиңер“.

Анан үммөттүн ичинде Аллах Таалага, Анын Элчисине ﷺ чынчыл болгон, сапарын тездетип, түнүн күнү менен улаган, Аллах Тааланын убадасы жана Анын Элчисинин ﷺ жакшы кабары анын колу менен аткарылганга чейин жана Аллах жолунда эч бир жамандоочунун жамандыгынан  коркпостон  иш алып барып жаткан бир жамаат бар. Аллах кааласа, анын убадасы ал аркылуу аткарылмайынча, Туура Жолдогу Халифалык кайтып келип, Аллах Тааланын убадасын жана Анын Элчисинин (ага тынчтык жана береке болсун) кубанычтуу кабарын аткармайынча, Константинопол фатх кылынганындай Рим мусулмандардын колу менен фатх кылынганга чейин анын чечкиндүүлүгү алсырабайт жана  солгундабайт.

أخرج أحمد في مسنده ..عن عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِي فَقَالَ بَيْنَمَا نَحْنُ حَوْلَ رَسُولِ اللَّهِ ﷺ نَكْتُبُ إِذْ سُئِلَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: أَيُّ الْمَدِينَتَيْنِ تُفْتَحُ أَوَّلاً قُسْطَنْطِينِيَّةُ أَوْ رُومِيَّةُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً يَعْنِي قُسْطَنْطِينِيَّةَ»

Ахмад өзүнүн “Муснад” китебинде Абдулла бин Амр бин аль-Аастын сөзүнөн риваят кылат, ал мындай дейт: Биз Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында жазып турганыбызда, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): Эки шаардын кайсынысы биринчи фатх кылынат, Константинополбу же Римби? деп суралганда, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Алгач Ираклий шаары, башкача айтканда, Константинопол фатх кылынат”, – деп айткан.

Роя гезити

Хасан Хамдан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button