Америка Дарфурду бөлүп алуу үчүн химиялык куралды армия жетекчилерине каршы кысым көрсөтүүчү курал катары колдонууда

Америка Дарфурду бөлүп алуу үчүн химиялык куралды армия жетекчилерине каршы кысым көрсөтүүчү курал катары колдонууда
«Аль-Халиж» электрондук гезити жана «Sky News Arabia» каналы 2026-жылдын 5-сентябрында «Washington Post» гезитинин Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрүнө каршы колдонгон хлор бомбаларынын жашыруун запасын түзгөнүн көрсөткөн документтер тууралуу баяндамасын жарыялашты. Америкалык гезит жашыруун документтерге негизделген иликтөөсүн жарыялап, анда Судан армиясы химиялык куралдардын жашыруун запасын түзгөнү жана Суданда жүрүп жаткан жаңжалда хлор колдонгону айтылат.
Гезит мындай дейт: бул үч жылдан бери уланып, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризиске алып келген жарандык согуштун трагедиясын ого бетер күчөткөн кооптуу өнүгүү.
Гезит баяндамасын улантып, файлдардын ичинде Судандын аскерий жооптуулары даярдаган документтер бар экенин, аларда муунтуучу газ менен жабдылган «кош таасирдүү» ок-дарылар жөнүндө айтылганын билдирет. Ошондой эле куралдарды сыноо учурунда жашыл жана сары түстөгү буу көтөрүлүп жатканын көрсөткөн видеолор жана Судандын аскерий жооптууларынын ортосундагы кат алышуулар бар. Ал каттарда армия күчтөрү 290го чейин химиялык ок-дарыны камдап койгону айтылат.
Файлдарды текшерүү учурунда «Washington Post» Батыштын 20дан ашуун чалгын кызматкерлери, химиялык куралдар боюнча инспекторлор жана адам укуктары уюмдарынын эксперттери менен кеңешкен. Алардын баары бул материалдарды химиялык курал программасы бар экенин көрсөткөн ишенимдүү далилдер катары сыпатташкан.
Белгилүү болгондой, Америка кайсы бир аймакта кандайдыр бир нерсени ишке ашырууну кааласа, бир катар аскерий жана саясий иштерди жүргүзөт. Бул кризисти жаратып, анын натыйжаларына көз салуу аркылуу болобу же анын колонизатордук саясатынын ийгилигине алып баруучу саясий иштер аркылуу болобу — айтор, элдерди баш ийдирип, мамлекеттерди талкалоого аракет кылат. Дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин тактысында отурган Америка сазга баткан адамдарды ошол жерде таштап кетүүдөн эч тартынбайт. Чындыгында болсо, бул толугу менен Америка жараткан саз. Ал мындай иштерди юридикалык айыптоо куралы катары колдонуп, качып кетүүнү каалагандарды баш ийдирүү үчүн эл аралык басым жасайт. Анткени аларды баары бир өз колунда кармап турат. Айрыкча, Бурхан жана Хамидти сыяктуу ага берилген малайлар болгондо. Ошентип, ал малайларына күнөөлөрдү жүктөп, аларды дагы көбүрөөк баш ийдирүү үчүн кысым көрсөтөт!
Америка Суданды бөлүп-жаруу долбоорун жетектеп, өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан тартып ага эң жогорку артыкчылык берип келген. Ошол кезде ал Хартумдан чыгып, Асмэрага багыт алган оппозициялык күчтөргө көңүл бурган. Оппозиция 1995-жылы Асмэрада «Тагдыр чечүүчү маселелер конференциясы» деген аталыштагы белгилүү конференциясын өткөрүп, анда өз тагдырын өзү аныктоо укугу идеясы кабыл алынган. Ошондон кийин бирикме өзүнүн жетекчилигин ошол кездеги козголоңдун лидери, Американын малайы Жон Гарангга берген жана Америка 2000-жылы бул бирикмеге 10 миллион доллар берген.
Андан кийин Америка Баширдин режимине терроризмди колдойт деген жүйө менен экономикалык санкциялар мыйзамы аркылуу кысым көрсөтүп, акыры Түштүк Суданды бөлүп чыгарууга жетишкен.
Андан кийин Судан элинин башына түшкөн кырсыктар менен кыйынчылыктар жаңы айлампага өттү. Армия 2003-жылы Британия колдогон Дарфур козголоңуна каршы күрөшүү үчүн Ыкчам колдоо күчтөрүн түзгөн. Ал кезде бул күчтөр «Ыкчам колдоо күчтөрү» деп аталган эмес, алар «Чек ара күзөтү» деп белгилүү болгон түзүмгө карап, Махамид уруусунун лидери Муса Хилалдын жетекчилигинде турган. Кийин 2013-жылы Чек ара күзөтү Дагало үй-бүлөсүнүн т.а. Хамидти жана анын бир туугандарынын жетекчилиги астындагы Ыкчам колдоо күчтөрүнө айланган.
Америка Дарфурду бөлүп алууну көздөп, убакыт менен жарышып, Суданда Британия менен болгон күрөшүндө ыкчам кадамдарды таштоодо. Британия саясий тузак койгон сайын, Америка ага Британиянын таасирин тоскоол кылуу үчүн кыйла амалкөй жана эсептелген иштер менен жооп берүүдө. Британиянын таасиринин аскерий бөлүгү Жуба келишимине кол койгон козголоңчу кыймылдарда, ал эми саясий бөлүгү партияларда жана «Сумуд» уюшмасында көрүнөт. Ошол эле учурда Британия Суданды бөлүп-жарууда Американы кыйыр түрдө колдой турганын да эске алуу керек. Анткени Түштүк Судандагы алгачкы козголоңду Британия өзү жараткан жана 1922-жылдын сентябрында «Жабык аймактар жөнүндө мыйзамды» иштеп чыккан.
«Washington Post» гезитинин баяндамасы туурабы же туура эмеспи, Америка буга окшогон өкмөттөрдү тузакка түшүрүүдө шектүү ролдорду ойноп келген. Иракты массалык кыргын салуучу куралдарга ээ деген жүйө менен талкалоодогу анын ролу буга ачык мисал. Ал эл аралык эксперттерден турган комиссия түзгөн, Британия да аны менен бир багытта жүргөн. Кичүү Буштун жана анын министри Колин Пауэллдин көзөмөлүндө Америка маалымат каражаттарында жалган маалыматтарды таратып, бир нече басма сөз жыйынында Ирак эл аралык деңгээлде тыюу салынган куралдарга ээ экенин билдирген. Бирок комиссия эч нерсе таба алган эмес. Ошого карабастан, Америка Иракты талкалоону улантып, институттар жана адам укуктары доорунда, мамлекеттердин эгемендигин жана аларга адилетсиз түрдө кол салбоону жактаган эл аралык уюмдар турган шартта ыплас согуш жүргүзгөн.
Америка өзүнүн малайы Башар Асадга карата да ушундай эле мамиле кылган. Ал Сирия элине каршы кылмыштарды жасап, аларды баш ийдирүү үчүн бардык аскерий каражаттарын колдонгондо, Америка козголоңчуларды талкалоо үчүн согушка Россияны, Иранды, анын Ливандагы партиясын жана Түркияны киргизип, Башар Асаддын кылмыштарына карабастан аны коргогон. Ал эми жаңы этап үчүн Жуланини даярдап бүткөндөн кийин Башар Асаддан баш тартты. Атүгүл 2019-жылы «Жарандарды коргоо үчүн Цезарь мыйзамы» деген аталыш менен ага жана Сирия элине санкцияларды киргизген. Бул санкциялар 2025-жылга чейин уланып, режимдин мойнуна такап коюлган кылыч болуп турган.
Ошондой эле Венесуэланын президенти Мадурого карата да ушундай болду. Ал баңгизат соодасын колдойт жана баңгизат аркылуу Америкага кол салууда деген жүйө келтирилди. Бирок бул жалган жүйө экенин Трамп өзү Венесуэланын Америкага кирип жаткан баңгизатын эмес, анын мунайын каалай турганын жарыялаганда ашкереледи. Анткени Америка дүйнөдөгү башка мамлекеттерге караганда баңгизатка көбүрөөк толгон мамлекет!
Америка элдердин канына терең баткан жана дүйнөдөгү биринчи мамлекет бойдон калуу үчүн дүйнөлүк кризистердин негизги шериги болуп саналат. Ал дүйнөнү саясий жана аскерий тузактар, ошондой эле кысым көрсөтүү услубу менен башкарууда. Адамдардын ачка калышы да, өлтүрүлүшү да аны кызыктырбайт.
Судан элин, мусулмандарды, ал тургай бүтүндөй адамзатты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык гана куткарат. Ал Аллахтын уруксаты менен жакында орнойт. Ошондуктан амал кылуучулар амал кылышсын!
Роя гезити
Шейх Ахмад ас-Саммани — Судан вилаяты




