Кийинки баскыч үчүн Түркияга белгиленген рол

Кийинки баскыч үчүн Түркияга белгиленген рол
Axios сайты Ак үй жакында Трамп администрациясынын жаңы Улуттук коопсуздук стратегиясынын деталдарын жарыялаганын жазды. Бул 33 беттен турган документ болуп, анда бир нече маселеге, алардын арасында эң негизгилеринин бири болгон Ислам өлкөлөрүнө көңүл бурулган. Американын Жакынкы Чыгышка кызыгуусунун себеби анын географиялык мааниси жана өзгөчө геосаясий жайгашуусу.
Бул стратегияда Жакынкы Чыгыш маселесине эки бет бөлүнүп, анда аймакта болуп жаткан кагылышуулар шартындагы анын келечеги тууралуу көз караш, ошондой эле Иранга каршы согуштан кийинки этапта Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмагын кайра түзүү үчүн келечекте боло турган окуяларга карата Американын багыттары баяндалган.
Американын жаңы Жакынкы Чыгыш боюнча стратегиясынын (же аймактык согуштан кийинки пландар деп аталган стратегиянын) негизги өзөгү Трамп администрациясы аймактагы коопсуздук жана саясий альянстарды кайра түзүүгө умтулган бир нече башкы стратегиялык таянычтардын айланасында топтолот. Алардын катарына: аймактагы Ирандын аракеттерин көзөмөлдөө же аны ооздуктоо үчүн Мекке биргелешкен коргонуу келишими сыяктуу тоскоол болуучу аймактык альянсты түзүү; суу жолдорунун жана энергетикалык маршруттардын коопсуздугун камсыз кылуу; Газа маселесин Американын көз карашына ылайык чечүү; Ибрахим келишимдерин кеңейтүү, яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу; экономикалык жана технологиялык интеграция; НАТОну коргонуу чыгымдарынын негизинде, башкача айтканда, катышуу үчүн акы төлөө принциби боюнча кайра калыптандыруу, ошондой эле Кытай маселеси кирет.
Кыскача айтканда, бул дүйнөнүн жүрөгүндө, үч континенттин: Азия, Африка жана Европанын кесилишинде жайгашкан Жакынкы Чыгыш аймагын кайра калыптандыруу. Бул аймак дүйнөлүк энергетика рынокторунун негизги борбору болуп эсептелет. Анткени ал казылып алынуучу отундун эбегейсиз запастары менен кайра жаралуучу энергиянын зор мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө камтыйт. Анын калкынын саны 469 миллион адамга жетет.
Бул жерде маанилүү суроо туулат: Америка учурдагы бардык кыйынчылыктарга карабастан, Жакынкы Чыгыш аймагын ушундай кайра калыптандырууну өзү жалгыз жана түздөн-түз, башкача айтканда, ага куткаруучу тирек боло турган ортомчусуз же аймактык союздашсыз жана бардык атаандаш тараптарды четтетүү менен ишке ашыра алабы? Бул жаңы-эски колонизатордук долбоор ийгиликке жетеби?
Эмне үчүн Түркия?
Жакынкы Чыгыш картасындагы жайгашуусуна келсек, Түркия эски дүйнөнүн континенттери болгон Азия, Европа жана Африканын кесилишинде жайгашкан. Бул ага Чыгыш менен Батыштын ортосунда көпүрө жана маанилүү өткөөл болууга шарт түзгөн өзгөчө геосаясий орун берет. Түркиянын геосаясий мааниси төмөнкү жагдайларда көрүнөт:
§ Анын дүйнөдөгү жайгашкан орду суу кысыктарын жана деңиз жолдорун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет: түндүгүндө Кара деңиз, батышында Босфор кысыгы жана Эгей деңизи, түштүгүндө Жер Ортолук деңизи жайгашкан.
§ Ал энергетикалык коопсуздуктун борборун түзөт. Анткени Түркия Каспий деңизинен жана Борбор Азиядан Европага газ менен мунай ташууда TANAP жана TurkStream сыяктуу стратегиялык куурлар аркылуу өтүүчү негизги коридор болуп эсептелет.
§ Түркия соода түйүнү («Ортоңку коридор») болуп эсептелет. Ал байыркы Жибек жолу жана Зангезур коридору, Өнүгүү жолу сыяктуу транспорттук долбоорлор аркылуу Азияны Европа менен байланыштырып, дүйнөлүк соода борборуна айланууга мүмкүнчүлүк берет.
§ НАТОдо аскерий күчкө ээ. Ал НАТОдо экинчи эң чоң армияга ээ жана НАТОго мүчө болгон жалгыз Ислам өлкөсү болуп саналат. Бул анын Жакынкы Чыгыш аймагындагы коопсуздук жаатындагы ролун күчөтөт.
§ Аймактык жана сакофий тереңдикке ээ. Түрк мамлекеттери уюму аркылуу Борбор Азия мамлекеттери, ошондой эле өзүнүн исламий жана Жакынкы Чыгыш чөйрөсү менен тыгыз байланыштарга ээ.
§ Айыл чарба жана азык-түлүк тармагында негизинен өзүн-өзү камсыздайт. Айыл чарба өндүрүшү боюнча Европада биринчи, дүйнөдө сегизинчи орунда турат жана жүздөгөн түрдөгү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрөт. Башкача айтканда, ал дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат.
§ Аймакта тамыр жайган терең тарыхый жана исламий негизге ээ. Анткени ал 624 жыл бою Осмон Халифалыгынын борбору болгон. Ошондой эле Осмон мамлекетинин аймагы эң кеңейген мезгилинде, болжол менен 1683-жылы 5,2–5,5 миллион чарчы километрге жеткен. Ушундан улам, эгер туура саясий эрк шарты камсыздалса, ал чыныгы мамлекет болуунун негиздерине ээ.
§ Аллах Субханаху ва Таала бул өлкөгө тартуулаган кендер жана башка табигый байлыктар өтө көп жана ар түрдүү.
· Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 3 триллион куб метрден ашык ири газ запасы бар.
· Жер Ортолук деңизинин түбүндө ири көлөмдөгү мунай запастары бар.
Кийинки этап үчүн Түркияга белгиленген рол аймактык эмес, негизги өзөктүк рол:
Кыраакы окурман жана саясий изилдөөчү көрүп тургандай, бул геосаясий жагдайлар Американын табитин ачат. Дал ушул жагдайлар Американы аймактагы көпчүлүк сезимтал жана татаал маселелерде — Ирак, Сирия, Ливан, Ливия, Иран, Россия–Украина, Кипр, Газа, ал тургай Перс булуңу аймагында да — өз саясатын ишке ашырууну Түркияга өкүл катары тапшырууга түрткөн.
Эрдоган чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери бийлик жүргүзүп келет жана буга чейин да бул маселелер менен Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн иш алып барган. Бирок бул жолу ал аймакты Американын көз карашына ылайык кайра калыптандырууда аймактык ролдон да көбүрөөк, негизги өзөктүк рол ойной тургандай.
Башкача айтканда, Эрдоган кийинки этап үчүн ага белгиленген Американын саясатын параллелдүү багытта т.а. саясий жана элдик багытта ишке ашырууда. Саясий деңгээлде ал Жакынкы Чыгышты, өзгөчө энергетика жана аны өндүрүү менен сатууну көзөмөлдөө жаатында америкалаштыруунун үстүндө иштеп жатат.
Буга «Өнүгүү жолу» долбоору ачык мисал. Ал Ирактын түштүгүндөгү Улуу Фао портун Түркиянын чек арасы аркылуу Европага байланыштырган стратегиялык авто жана темир жол коридору болуп саналат. Долбоор Ирак менен Түркияны жеткирүү чынжырларынын дүйнөлүк соода борборуна айландырууну көздөйт.
Ал эми элдик деңгээлде Түркиянын аймактагы таасиринин «эрдоганчылык» көрүнүшүндө күчөшү — анын ичинде коом тарыхый эс-тутумунда сактап келген исламий багыттар жана умтулуулар менен кошо — эл арасында Исламга душмандык кылган кемализмге каршы көрүнүш катары кабыл алынууда. Бул көрүнүштүн өзү эле эл ичинде күчтүү сезимди жаратып, коом аны аймакты «осмондоштуруу» катары түшүнүүдө, тескерисинче эмес.
Саясатта сөзсүз билиниши керек болгон нерселер бар, алардын бири: бүтүндөй Ислам өлкөлөрүндөгү бийликтеги саясий элита, анын ичинде Эрдоган жана анын Адилет жана өнүгүү партиясы да саясий жактан Исламга ылайык ой жүгүртүшпөйт. Тескерисинче, алар Батыш каалагандай ой жүгүртүшөт. Ошондуктан саясий пикир жана саясий ишмердүүлүктүн натыйжасы мусулмандардын иштерин камкордук менен башкаруу эмес, Американын пландарын ишке ашыруу болуп саналат.
Америка биз менен баалуулуктарды, адеп-ахлакты жана мабдаий өзгөчөлүктү эске албастан, күч жана таасир позициясынан гана мамиле кылат. Бирок ал Иранга каршы согушка чейинки Америка менен согуштан кийинки Америка бирдей эмес экенин унутту же унуткансып жатат.
Бүгүнкү күндө Америка экономикалык, адеп-ахлактык жана саясий жактан оор ички кризистерди башынан өткөрүүдө. Ал узак убакыт бою түзүп, өзүн коргоп келген саясий аброю өзү башкарган яхудийлердин Газага каршы согушунда кулады. Ал мактанып келген «адеп-ахлактык үлгү» эми дүйнө элдери арасында мурдагыдай кабыл алынбай калды. Кыргын согушу адам укуктары, аялдардын укуктары жана башка маселелер боюнча Батыштын бардык баалуулуктарынын чыныгы жүзүн ачып, жашырылган нерселерди алыс-жакындын баарына ашкереледи.
Американын Ислам өлкөлөрү үчүн пландап жаткан нерселери узак мөөнөттө ийгиликке жетпейт. Анткени башаламандык жана артка чегинүү — саясий окуяларга көз салган адам ачык көрүп турган көрүнүш. Ал эми исламий элдердин аң-сезиминин жетилиши жана Исламга болгон суусоосу колонизатор кафир үчүн өтө оор жана жеңүүгө кыйын тоскоолдук болуп саналат.
Либералдык демократиянын кризиси жана салттуу алкактардан тышкары башкаруунун альтернативдүү моделдерин издөө акыркы жылдары Батыштагы философтор менен саясий жазуучулардын арасында барган сайын күчөдү.
Ооба, мен Жакынкы Чыгыш аймагы түп-тамырынан бери стратегиялык жана геосаясий өзгөрүүнүн алдында турат деген пикирде Америкага кошулам. Бирок бул өзгөрүү Американын өлчөмүнө ылайык эмес, тескерисинче, туура акыйдасы, жаркын шарияты жана ишенимдүү, чынчыл Пайгамбар ﷺ сүйүнчүлөгөн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыгы менен улуу Исламдын өлчөмүнө ылайык өзгөрөт.
Бизди бул өзгөрүүдөн Аллах Субханаху ва Таала жөнүндө жакшы ойдо болуу, Ага чын жүрөктөн тобокел кылуу, андан соң өз Пайгамбарын ﷺ минхажында жана сийратында үлгү туткан, өздөрүн Аллах Субханаху ва Таала үчүн арнаган ихластуу адамдардын аракеттери гана бөлүп турат.
Роя гезити
Устаз Фуад Хамид Айюб




