Моюн сунуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Моюн сунуу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
أَخْبَرَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ، قَالَ: حَدَّثَنَا اللَّيْثُ، عَنْ يَحْيَى بْنِ سَعِيدٍ، عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الْوَلِيدِ بْنِ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ، عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ، قَالَ: «بَايَعْنَا رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي الْعُسْرِ وَالْيُسْرِ وَالْمَنْشَطِ وَالْمَكْرَهِ، وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ، وَأَنْ نَقُومَ بِالْحَقِّ حَيْثُ كُنَّا لَا نَخَافُ فِي اللَّهِ لَوْمَةَ لَائِمٍ» (السنن الكبرى للنسائي 6551)
Убада ибн ас-Самиттен риваят кылынат: “Биз Аллахтын Элчисине, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, кыйынчылык жана жеңилдик учурларда, жаккан жана жакпаган учурларда да аны угууга жана баш ийүүгө жетекчилердин бийлигине каршы чыкпоого жана кайда болсок да, Аллах жолунда эч бир жемелөөчүнүн жемесинен коркпой, чындык үчүн турууга баят бердик” (Насаи, Ас-Сунан аль-Кубра 6551).
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбарынын ага Аллахтын салам-салаваттары болсун жолу.
Бул риваят биз Исламды Аллах Таала сүйгөн жана ыраазы болгондой карманып, берилген амалдарды аткарууга үндөйт. Бул жерде Убада бин ас-Самит сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, алар Пайгамбарыбызды, ага Аллахтын дубалары жана тынчтыгы болсун, угуп, баш ийип буйруктарын аткарууга ант беришкени жөнүндө айтып жатат. Бул баш ийүүнүн эң жогорку даражасы, ал жеңилдикте да, кыйынчылыкта да буйрук кылынганды угуп, толук аткаруу. Бул кимде-ким Исламга кирип, аны жашоосун тартиптештирүүчү дин катары кабыл алса, кандай гана жагдай болбосун, Ислам мыйзамында каралган үзүрдөн тышкары учурларда, Ислам алып келген бардык нерсени четтөөсүз же шылтоосуз жасашы керек экенин көрсөтүп турат.
Насста бийликти жана кожоюндукту сүйүүгө болгон адамдык каалобузду жеңүү жана аларды канааттандырууну жөнгө салуу үчүн биз жасашыбыз керек болгон аракеттер да айтылды. Биз бийликке умтулбайбыз жана ага ээ болгондор менен талашып-тартышпайбыз, анткени бул биздин бири–бирибизге жүктөлгөн аманат, аны сактоо керек. Бул насс бизди акыйкатты көтөргөн чындык адамдары менен бирге болууга жана Кудуреттүү Аллахтан башка эч кимдин жемесинен коркпоого чакырат. Чындык адамдары – бул Исламды ишке ашырууга, аны жана анын элин адилетсиздиктен жана баш ийбестиктен коргоого аракет кылгандар. Мындай адамдар эч кимге жашыруун эмес жана алар эч кимди адаштырбайт.
Аллахтан бизди Анын буйругу менен иш кылгандардын жана ага бекем турган, шариятты ишке ашырып, аны коргогон чындык адамдарынын катарына кошуусун суранабыз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 24-робиус саани.
2026-ж, 5-октябрь.
