Мусулмандардын каны жаман башкаруучулар үчүн ыйык эмес

Мусулмандардын каны жаман башкаруучулар үчүн ыйык эмес
Жаңылык:
Йемендеги согуш күчөп, хусийлердин чабуулдарынан улам Сауд Арабиясын коргоо үчүн түзүлгөн «Мекке альянсы» активдешти.
Комментарий:
Мусулмандардын канынын ыйык экенин алыс-жакындын баары билет. Аллах Субханаху ва Таала момунду акыйкатсыз өлтүргөн адамды каргышка калуу жана тозокто түбөлүк калуу менен эскерткен. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِناً مُّتَعَمِّداً فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِداً فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَاباً عَظِيماً﴾
«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Алланын азабына жана каргышына дуушар болот. Алла ал үчүн чоң азапты даярдап койгон». (Ниса: 93).
Пайгамбар да ﷺ каны төгүлүшү арам болгон адамдардын канын төгүүгө жеңил кароодон эскертип, мындай деген:
«لَزَوَالُ الدُّنْيَا أَهْوَنُ عِنْدَ اللَّهِ مِنْ قَتْلِ مُؤْمِنٍ بِغَيْرِ حَقٍّ»
«Аллахтын алдында дүйнөнүн жок болуп кетиши бир момундун акыйкатсыз өлтүрүлүшүнөн жеңилирээк».
Ошондой эле мындай деген:
«لَوْ أَنَّ أَهْلَ السَّمَاءِ وَأَهْلَ الْأَرْضِ اشْتَرَكُوا فِي دَمِ مُؤْمِنٍ لَأَكَبَّهُمْ اللَّهُ فِي النَّارِ»
«Эгер асман жана жер тургундары бир момундун канын төгүүгө катышса, Аллах алардын баарын тозокко жүзү менен кулатмак».
Ушундай катуу эскертүүлөргө карабастан, бүгүнкү күндө мусулмандар бири-бирин болбогон себептер менен өлтүрүп жатканын көрүп жатабыз. Мусулмандын өзүнүн каапыр колонизатор душманынын кызыкчылыктары үчүн мусулман бир тууганын өлтүрүшү эң чоң балээ болуп саналат!
Ыйык Палестина жеринде, айрыкча Газа Хашимде кылмышкер яхудийлер тарабынан кан төгүлүп, ыйык нерселер тебеленип жаткан учурда, яхудийлердин аткаминерлери Египетке, Иорданияга, Ливанга, Сирияга жана Түркияга тынымсыз коркутууларды жасап жатканына карабастан, биз бул өлкөлөрдө да, башка мусулман өлкөлөрүндө да бир да башкаруучунун же армия жетекчисинин кыймылга келгенин, атүгүл тынчсызданганын же олуттуу, ар-намыстуу позицияны карманганын көргөн жокпуз.
Алардын Газадагы боордошторубузга жардам берүүдөн баш тартышы яхудийлердин алдында аларга пайда берген жок. Тескерисинче, яхудийлердин текебердигин жана бой көтөрүүсүн ого бетер күчөттү. Алар яхудий вужудунун алдында тизелеп, өз армияларын ага каршы туруудан тосуп жатышканына, Газа менен Батыш жээкте болуп жаткан окуялардын оордугуна карабастан, бул акылсыз, татыксыз башкаруучулар бүгүн Америка жана башкаларды ыраазы кылуу үчүн Йеменде жаңы согуш фронтун ачып, мусулмандардын канын аларга курмандык катары тартуулап жатышат!
Эч кимге жашыруун болбогон акыйкат мына ушул: бул башкаруучулар мусулмандардын канынын төгүлүшүнө эч кандай маани беришпейт жана алардын канынын ыйыктыгын билишпейт. Мусулмандар Газа болобу же башка жер болобу, түп-тамырынан бери кыргынга учураса да, алар үчүн баары бир. Эгер мындан пайда көрүүчү алардын кожоюну болгон каапыр колонизатор Батыш болсо, алар өз элдеринин канынын акыркы тамчысына чейин курмандыкка чалууга даяр.
Муну бүгүн Йеменде жүрүп жаткан, адамдардын өлтүрүлүшүнө, өмүрлөрдүн кыйылышына жана кандын төгүлүшүнө алып келген кандуу согуш да тастыктап турат. Бул согуш Америка менен Британиянын ортосундагы таасир талашуунун айынан жүрүп жатат.
Тилекке каршы, мусулмандардын абалы ушундай. Жаман башкаруучулар — Аллах аларды жок кылсын — мусулмандарды каапыр колонизаторго кызмат кылуу үчүн согуштарга түртүп, аларды күйгүзүлө турган отунга айландырып жатышат.
Мусулмандар өздөрүнүн баары үчүн бир мамлекеттин болушунун маанилүүлүгүн түшүнмөйүнчө, бул абал улана берет. Ал мамлекет мусулмандардын канын жана ар-намысын коргой турган, колонизатор мамлекеттердин тамырын кыркып, аларды өлкөлөрүбүздөн биротоло кууп чыгара турган Халифалык мамлекети.
Расулуллах ﷺ мындай деп чындыкты айткан:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында, имам калкан. Анын артында туруп согуш жүргүзүлөт жана ал аркылуу коргонулат».
Эй, Йемен калкы! Биз силерди мына ушуга чакырабыз.
Валид Балибл




