КМШ саммити Борбор Азиянын көз карандылыгын кантип жашырууда?

КМШ саммити Борбор Азиянын көз карандылыгын кантип жашырууда?
9-октябрда Ашхабадда өткөн КМШ саммити аймактагы мамлекеттер аралык мамилелердин терең системалык кризисин дагы бир жолу ашкереледи. Саммиттин жыйынтыгында ар бир өлкө өз позициясын карманып, өз көйгөйлөрүн жана кызыкчылыктарын көздөй турганын көрсөттү. Мамлекеттер аралык мамилелердеги «гуманитардык кызматташтык» тууралуу кооз сөздөрдүн артында бири-бирине төп келбеген кызыкчылыктар жашырылып жатат. Иш жүзүндө ар бир өлкө саммитти өзүнүн учурдагы тактикалык максаттарын ишке ашыруу үчүн гана пайдаланууда.
Орусия: Постсоветтик мейкиндикте өзүнүн үстөмдүгүн жоготуп баратканы Москва үчүн башкы көйгөй. КМШ геосаясий обочолонууну жашыруучу жана коңшу өлкөлөрдү жок дегенде формалдуу түрдө өз таасир чөйрөсүндө кармап кала турган курал болуп саналат.
Беларусь: Минсктин позициясы бийликти борборлоштурууну күчөтүүгө жана «жалпы рыноктун кызыкчылыгы үчүн курду бекемдөөгө» каратылган чакырыктарга негизделет. Беларусь үчүн санкциялардан улам эл аралык обочолонуу жана Орусияга экономикалык жактан көз карандылыкта калуу негизги көйгөйлөрдүн бири. Ошондуктан Минск бийлиги коңшу мамлекеттерден «өлсөк бир көрдө, өлбөсөк бир дөбөдө» деген принциптеги тилектештикти талап кылып келет.
Түркмөнстан: Ашхабаддын позициясы өлкөнүн туруктуу бейтараптык макамы менен аныкталат. Түркмөнстан үчүн терең интеграциянын натыйжасында эгемендигинен ажырап калуу негизги көйгөй. Ошондуктан өлкө өзүнө катуу милдеттенмелерди жүктөгөн келишимдерден жана бирикмелерден оолак болууга аракеттенип, саммиттерге көбүнчө протоколдук мүнөздө гана катышат.
Азербайжан жана Армения: Баку менен Ереван үчүн КМШ аянтчасы чечилбей келе жаткан карама-каршылыктардын шартында көшөгө артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Түркия, Европа Биримдиги, Иран сыяктуу тышкы өнөктөштөр менен байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген дипломатиялык мейкиндик. Ошондуктан алардын бул экономикалык күн тартибине болгон кызыгуусу чектелүү.
Бобор Азия өлкөлөрү:
Казакстан: эгемендик менен чийки затка болгон көз карандылыктын ортосунда тең салмакты сактап калуу
Астана көп тараптуу кызматташтык форматтарына берилгендигин ачык көрсөтүү менен бирге, улуттук эгемендигин чечкиндүү коргоп, санкцияларды кыйгап өтүү саясатын да жүргүзүүдө.
Казакстан экономикалык байланыштарды сактоону жактайт, бирок кызматташтыкты саясатташтырууга же улуттук деңгээлдеги чечимдерге таасир эте турган улуттан жогору көзөмөл орнотууга багытталган аракеттерге бөгөт коёт. Казакстандын башкы экспорттук товары болгон мунайдын ташылуусу Орусия аркылуу өткөн транзиттик жолдорго, айрыкча Каспий түтүк консорциумуна (КТК) көз каранды болгондугу мунун негизги себеби болуп саналат.
Мындан тышкары, Москвадан агрессивдүү билдирүүлөргө жана саясий басымга кабылбоо үчүн Астана эки өлкөнүн союздаштык мамилелеринин сырткы көрүнүшүн сактоого аракеттенет. Ошол эле учурда Орусияны кыйгап өткөн Ортоңку коридорду өнүктүрүп, Кытай жана Батыш өлкөлөрү менен кызматташтыгын чыңдап келет.
Өзбекстан: Өзбекстан Кремлдин интеграциялык тузактарынан иш жүзүндө оолак болууга аракеттенет. Ташкент Кремль сунуштаган интеграциялык форматтарга кошулууда этият позицияны карманып, жалпы милдеттенмелерге мүмкүн болушунча аз катышууга аракеттенет. Саммиттерге тандалма түрдө катышып, экономикалык саясатта эркин аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн же өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүнү чектей турган документтерге кол коюудан алыс болууга урунат.
Өзбекстандын эгемендигин чектеши мүмкүн болгон улуттан жогору түзүмдөргө карата тарыхый ишенбөөчүлүгү мунун негизги себептеринин бири. Буга өлкөнүн Евразия экономикалык шериктештигинен жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгышы мисал боло алат.
Дагы бир маанилүү себеп, Ташкент Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аймактык кызматташтыгына артыкчылык берет. Өзбекстан мындай кызматташтыкты Кремль таңуулаган интеграциялык форматтарга караганда натыйжалуураак жана коопсузураак курал катары карайт.
Кыргызстан: Кыргызстан миграциялык жана каржылык көз карандылыктын туткуну. Кыргызстандын саясаты миграциялык жана каржылык жактан алсыздыгы менен чектелип келет. Бишкектин позициясы мүмкүн болушунча көбүрөөк туруктуулукка жана коопсуздукка жетүү. КМШ саммиттеринде жана башка эл аралык аянтчаларда Кыргызстан Москванын демилгелерин колдоп, өз алдынча күн тартибин сунуштоого аракет кылбастан, жалпы багытты ээрчип добуш берет.
Улуттук экономиканын Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которууларына өтө күчтүү көз карандылыгы, мунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Мындан тышкары, энергетика, күйүүчү май импорту жана коопсуздук маселелериндеги олуттуу алсыздык Бишкекке саясий жактан өз алдынча кадам таштоого дээрлик мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай шартта Кыргызстан Москвага карата ачык саясий каршылык көрсөтүүгө батына албайт.
Тажикстан: Тажикистан үчүн Орусия менен кызматташтыкта болуу тагдырий маселе болуп саналат. Бул көз карандылык, саясий жана аскер жаатта техникалык жардам суроо үчүн Тажикстандын тышкы коркунучтарга болгон апелляцияларынан байкалат.
Бул өлкөнүн Афганистан менен болгон чек араларындагы туруксуздукка байланыштуу. Душанбе режимдин коопсуздугу көп жагынан Орусиянын аскердик базасына жана аскердик-техникалык жардамына көз каранды болгондуктан, Кремлдин «экстремизм жана терроризм» тууралуу саясатын колдоого аргасыз.
Мындан тышкары, Тажикстандын Орусияга болгон көз карандылыгы, эмгек миграциясы жана тышкы соода тармактарында да даана байкалат. Орусияда иштеген тажик мигранттарынын акча которуулары өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү булак болуп саналат, ал эми тышкы соодадагы олуттуу көз карандылык Душанбенин Москвага карата берилгендигин дагы да күчөтөт.
Аймак боюнча негизги жыйынтык:
Борбор Азия өлкөлөрү үчүн КМШ – тактикалык аракеттенүү аянтчасынын кызматын аткарат жана ошол эле учурда, андагы мүчөлүк Москванын жакшы маанайы үчүн акы төлөө болуп саналат. Өлкөлөр саммиттерде жигердүү иш жүргүзүп жаткандай көрүнүп, Москванын эрежелерине ылайык иш алып барууга аргасыз.
Москванын катаал талаптарынын, Кытайдын таасир кеңейтүү аракеттеринин жана Батыштын санкциялык басымынын ортосунда тең салмак сактоо аргасыздыгы, аймактагы мамлекеттердин жалпы көйгөйү болуп эсептелет. КМШ алар үчүн «туткасы жок сумкадай»: миграциялык жана логистикалык маселелерге байланыштуу андан баш тартуу кыйын, бирок аны көтөрүп жүрүүнүн да пайдасы жок.
Ал эми көп айтылган «идеологиялык коопсуздук» маселесине келсек, бул коомдук пикирди белгилүү бир нукка буруу үчүн манипуляциялоонун ачык мисалы. Күн тартибин бетпактык менен башка нукка буруу, КМШнын негизги риторикалык дарты. Кремлге жагалданган баардык саммиттерде «эл аралык терроризмге», «экстремизмге» жана «транс чек аралык кылмыштуулукка» каршы күрөш тууралуу чакырыктар кайра-кайра жаңырып келет.
Бул коомдун көңүлүн башка жакка бурууга багытталган айла-амалдын кадимки эле үлгүсү. Жасалма коркунучтарды жаратуу, Москванын саясий стратегиясында колдонулган ыкмалардын бири. Диний экстремизмге байланышкан же ыктымал коркунучтарды кайра-кайра талкуулоо аркылуу Кремль аймактагы саясий элиталарга «жалпы курчоодогу чеп» түшүнүгүн таңуулоого аракеттенет. Башкача айтканда, өлкөлөргө сырттан дайыма коркунуч туулуп жаткандай маанай жаратып, аларды Москванын айланасына биригүүгө түртөт.
Бул саясат канчалык чоң экенин айкын көрүү үчүн эки көрүнүштү салыштырып көрөлү. КМШнын декларацияларында аймактагы туруктуулукка коркунуч келтирген «токума коркунучтарга» каршы күрөш тууралуу сөздөр айтылып жаткан маалда, иш жүзүндө Украинада эбегейсиз санда адамдар өлүп жатышат. Кеңири жайылган бул согуш он миңдеген жарандын жана эки тараптан жүз миңдеген аскердин өмүрүн алып кетти.
Эгер салыштыра турган болсок, акыркы жылдары Борбор Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүндө токума козутулган террордук жана экстремисттик окуялар саналуу гана учурларда кездешкен. Андыктан, КМШ алкагындагы илгерилетилип жаткан «аймактык коопсуздук көйгөйүн» жана Кремлдин Украинадагы кулач жайган агрессиясын бир таразага салып көрө турган болсок, бул уюмдун карама-каршылыгы, жасалмалуулугу жана жалгандыгы ачыкка чыгып калат.
Аймактын саясий көз карандылыгы
Жыйынтыктап айтканда, КМШ эбак эле экономикалык же интеграциялык долбоор болбой калган. Ал саясий лоялдуулукту чагылдырган түзүм. Ошол себептен, аймактагы өлкөлөр Москванын кызыкчылыгы үчүн негизделген эрежелер менен оюн жүргүзүүгө аргасыз болууда.
Мындай формат аркылуу өлкөлөр өз алдынча саясий чечим кабыл алып жаткандай көрүнүш жаратылууда. Тагыраагы, чакан жана орто мамлекеттер саммиттерге катышып, декларацияларды колдоп добуш беришет. Бирок бул алардын эркин каалосунан келип чыкпайт. Адатта, алар Орусиянын рыногуна, эмгек мигранттарынын акча которууларына жана транзиттик жолдорго болгон тең эмес көз карандылыктын айынан ушундай кадамдарга барууга мажбур.
Натыйжада, аймактагы өлкөлөр аман калуу максатында Москва менен тынымсыз тактикалык соодалашууга аргасыз болууда. Борбор Азия мамлекеттеринин жана КМШнын башка мүчөлөрүнүн жетекчилери уюмдагы формалдуу мүчөлүгүн соодалашууда колдонулуучу куралга айландырышкан. Алар Москва менен союздаштык мамилелерди сактагансып энергия булактарына жеңилдиктерди, санкциялык чектөөлөр боюнча мөөнөт узартууну, же өз бийлигин сактап калууга жол ачкан саясий колдоого ээ болууга аракеттенишет. Бирок ошол эле учурда, Бээжин жана Батыш менен байланыштарын кеңейтип, тышкы өнөктөштөрүн диверсификациялоого умтулушат.
Ошондуктан, КМШ мурдагыдай эле жасалма сахнанын кызматын гана аткарып келет. Кремль «улуу Евразия үй-бүлөсүнүн» кубатын көрсөтүүгө аракеттенип жатканда, уюмдун башка мүчөлөрү аны өз ара соодалашуу үчүн убактылуу аянтча катары гана пайдаланышууда. Андыктан алар кыска мөөнөттүү экономикалык пайда үчүн идеологиялык басымга чыдап, Москванын талаптарына аргасыз ыраазы болуп келишет.
Латыфул Расых




