Комментарий

Алиев режими яхудий түзүмүн ыраазы кылмакчыбы?!

Алиев режими яхудий түзүмүн ыраазы кылмакчыбы?!

Азербайжанда мектеп окуучулары менен мугалимдердин жоолук салынуусуна тыюу салынгандан кийин, өлкөдө массалык нааразылык акциялары жана жергиликтүү митингдер өтүп жатат. №309 токтом деп аталган чечимге ылайык, өлкөдө билим берүүнүн светтик мүнөздөгү принциптерин бузган кийимдерге тыюу салынган. Натыйжада, миңдеген жоолукчан кыздар сабакка киргизилбей, жоолукчан мугалимдер жумуштан кетүүгө мажбурланууда.

Мындан улам, коомчулук “Хижабга эркиндик!”, “Хижаб билим алууга тоскоолдук кылбайт!” деген ураандар алдында ири акцияларга чыгууда. Бийлик өзүнүн натыйжасыз чечимин артка чакыруунун ордуна акцияга чыккандарды камоого алууда. Акыркы маалыматтар боюнча алардын саны 67ге жетти.

Комментарий:

Бул Азербайжандын билим берүү мекемелеринде хижаб кийүүгө тыюу салган алгачкы аракети эмес. Алиев режими 2010–2011-жылдары да хижабга толук тыюу салууга аракет кылган. Ал кезде бул чечим калктын катуу нараазычылыгын туудуруп, массалык нааразылык акциялары өтүп, активисттер камакка алынган.

Учурдагы Исламга каршы чечимдер бул аракеттин уландысы десек жаңылышпайбыз. Алиев режиминин мындай кадамга барышына режимдин акыркы мезгилде яхудий түзүмү менен болгон тыгыз алакасы негиз болушу ыктымал. Анткени, Азербайжан бийлиги Газадагы кыргын согушу башталгандан бери “Израил” өкмөтүн мунай менен камсыздап, курал-жарак соодасын өнүктүрүп келүүдө. Мектептеги жоолукка каршы чечим, бир катар Европа өлкөлөрүндө Ислам жана мусулмандарга каршы айрым мыйзамдык тоскоолдуктар күчөп жаткан учурга да туш келүүдө. А бирок, бул саткын акимдер каапырлар эч качан алардын динине киргенге чейин мусулмандардан ыраазы болбой турганын унутушкандай. Аллах Таала айтат:

“Сен алардын динин кабыл алмайынча, жөөттөр да, христиандар да сенден эч качан ыраазы болушпайт. (Аларга) Айткын: «Аллахтын туура жолу — бул чыныгы туура жол!» Эгерде сага илим (Куран) келгенден кийин да алардын каалоолорун ээрчий турган болсоң, анда сага Аллах тараптан эч кандай коргоочу да, жардамчы да болбойт” (Бакара: 120).

Батыш өлкөлөрүнүн буга чейин ураан катары айтып келген аял укугу, билим алуу эркиндиги сыяктуу чакырыктары кумга сиңип, эки жүздүүлүктөрү ачыкталып жаткан чакта, мусулман өлкөлөрүндөгү кыянатчы акимдердин чыныгы жүзү да ачылууда. Жогорудагы аракеттер Исламдан жана анын жайылуусунан коркуудан башка нерсе эмес. Бул мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоого жана батыш цивилизациясын коргоо үчүн болгон жан үрөө. Демек, алардын бийлигине коркунуч туулса «жеке эркиндиктер» деп атаган нерсени оңой эле четке кагып коюшат.

Андыктан, биз мусулмандар хижаб менен никабга каршы согуш Исламга каршы цивилизациялык согуш экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Алар мунун бетин «коопсуздукту сактоо» же «эркинен ажыратылган кыздарды коргоо» деген сөздөр менен жабууга канчалык аракет кылышпасын, бул беткап тез эле түшөт жана Исламга карата жек көргөн жүздөрү бат эле ачылат. Ошондуктан, бул заалим режимдердин балдарыбызды куфр цивилизациясына жууруп жиберүүсүнө жол бербөө керек, тескерисинче, алардын жүрөктөрүнө ислам маданиятын бекем орнотуу шарт.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button