Комментарий
Шариф режими шариятты саудиялык долларларга кантип алмаштырды?

Шариф режими шариятты саудиялык долларларга кантип алмаштырды?
12-октябрда Пакистан бийлиги армия бөлүктөрүн чакыртып, өзгөчө кырдаал режимин колдонуу аркылуу массалык нааразылык акцияларын күч менен басууга аракеттенүүдө. Бирок нааразылыкка чыккандарга каршы көрүлгөн чараларга карабастан, бийликке каршы маанай күчөп баратат.
Өкмөттүн Сауд Арабиясына кошумча пакистандык аскерлерди жөнөтүү чечими өлкөдөгү саясий кризисти тереңдетип, аны идеологиялык тирешке да айлантты. Бул чечим Пакистандын мусулман өлкөлөрүнүн ортосундагы куралдуу жаңжалга аралашып кетүү коркунучун жаратууда.
Комментарий:
Шариятка ылайык, Шариф бийлигинин Сауд Арабиясын колдоп, Йемендеги хусилерге каршы согушууга катышуу чечими арам жана Пакистандагы мусулмандардын катуу сынына кабылууда.
Иш жүзүндө, бул чечим менен мусулмандын башка бир мусулмандын канын төгүүсүнө коюлган тыюу бузулууда. Мусулманды негизсиз өлтүрүү оор күнөөлөрдүн бири. Ал эми «ыйык жайларды коргоо» деген жүйө, жөн гана жалган шылтоо. Мекке менен Мединага эч кандай коркунуч жок. Демек, Сауд Арабиясынын бийлиги «ыйык жайларды коргоо» деген жүйөнү момундардын диний сезимдерине таасир этүү үчүн курал катары колдонуп жатат.
Мындан тышкары, бул жаңжал Пакистандын өз ичиндеги диний ажырымды да күчөтүүдө. Өлкөнүн калкынын 20 пайызын түзгөн шииттердин жана калган сунниттердин ортосундагы бөлүнүүнүн тереңдеши, мусулмандардын биримдигине жана үммөттүн ынтымагына доо кетирүүдө.
Пакистандын бийлиги Сауд Арабиясынан каржылык транштарды, насыяларды жана экономикалык жардамдарды алуу үчүн Батыштын колонизатордук кызыкчылыктарына кызмат кылган согушта анын пландарын коргоого аскер жөнөтүүдө. Ислам мындай аракетти кескин айыптайт. Пакистандын мечиттеринде да бул кадам капиталисттик пайда табуу жана бийликтеги режимди сактап калуу үчүн «момундардын канын сатуу» катары ачык сынга алынууда.
Ошентип, Пакистан өкмөтү көчөлөрдөгү нааразылык акцияларын курал колдонуу менен күчкө салып басуу аркылуу момундардын көз алдында өзүнүн мыйзамдуулугуна доо кетирди. Эми үммөттүн нааразылык акцияларынын максаттары менен ураандары барган сайын негиздүү мүнөзгө ээ болуп бара жатат. Анткени, бийликтеги режим Исламдын мыйзамдарына каршы аракеттенип, ошону менен бирге үммөттүн кызыкчылыктарына да каршы чыгууда.
Усман Кашгари




