Жапаровдун Азербайжан менен Арменияга сапары

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-октябрда Баку шаарында Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышты. Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.
Жапаров 16-октябрда Арменияга БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын 17-конференциясына катышуу үчүн келди. Бул сапардын алкагында Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да күтүлүүдө.
Сырттан караганда протоколдук сапардай көрүнсө да, президенттин Азербайжан менен Арменияга жасаган сапарынын артында саясий кызыкчылыктар бар экени талашсыз. Анткени, Тоолуу Карабак окуясынан кийин 2025-жылдын 8-августунда Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтыкты жана эл аралык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюлду. Анын артынан Армениянын аймагында Эл аралык “Трамп жолун” (TRIP, мурдагы Зангезур коридору) куруу чечимине келишишти. Муну менен Америка 32 чакырымдык жолду 100 жылдык ижарага алууга жетишти. Натыйжада, Америка Азербайжандагы таасирин бекемдеп, Арменияда Орустун таасирин сүрүп чыгууга кадам таштады.
Кыргызстан үчүн дал ушул Зангезур коридору Европага чыгууга альтернативдүү каттам болуп эсептелет. Эгерде бул долбоор Транскаспий транспорттук каттамы менен байланышса, Борбор Азия — Каспий деңизи — Азербайжан — Армения — Түркия — Европа багытындагы транспорттук чынжыр калыптанат. Ал эми АКШ TRIPP долбоору аркылуу транспорт, энергетика, санариптик байланыш жана башка тармактарды камтыган кеңири инфраструктуралык системага ээ болот. Натыйжада, аймактын орус каналдарынан көз карандылыгы кескин түрдө азаят.
Ал эми, Орусия учурда Украинадагы жеңилгиси келбеген тагдырий согуш менен алек. Аны жоготсо баарын жоготоорун, жеңсе жоготкон аймактарында өзүнүн таасирин калыбына келтире аларын билет.
Демек, TRIPP долбоору Транскаспий транспорттук коридору менен интеграцияланып, жаңы логистикалык долбоорлор пайда болсо, аймакта АКШнын кеңири стратегиясы калыптанат. Армения болсо транзиттик өлкө катары макамын бекемдейт. Азербайжан Нахичеван менен байланыштарын чыңдап, Каспийдеги маанилүү транспорттук түйүн катары ролу күчөйт. Түркия Кавказ жана Борбор Азия менен байланыштарын кеңейтет. Борбордук Азия өлкөлөрү Европа рыногуна чыгуу үчүн кошумча транспорттук багытка ээ болот. Европа соода үчүн дагы бир альтернативдүү каттамга ээ болот. Кытай товарларын өткөрүү үчүн кошумча багытка ээ болот. Мындай абалда Орусия гана негизги стратегиялык таасирин жоготуучу тарап болуп калмакчы.
Демек, Жапаров Түштүк Кавказга жасаган сапары аркылуу расмий протоколдук иштерден тышкары өлкөнүн Европага чыгуу максатын ишке ашырууга аракет кылууда.
Нурдин Асаналиев




