Мадина базарында соодагерлер кайрадан нааразылыкка чыкты

Мадина базарында соодагерлер кайрадан нааразылыкка чыкты
Бишкектеги “Мадина” базарында бир топ соодагер кайрадан нааразылыкка чыкты. Буга соодагерлердин колуна эскертүү баракчалары кайрадан берилгени себеп болгон. Алардын айтымында, базардын жетекчилиги соода орундарын бошотуп чыгууга 10 күн убакыт берген.
Ишкерлердин бири, базарды көчүрүүнүн артында башка кызыкчылыктар бар болушу мүмкүн экенин билдирди: “Бул базар да жеке менчик, тигил базар да жеке менчик. Бирок бул жерге мэриянын өкүлдөрү, президенттик аппараттын кызматкерлери, атүгүл Туманбаев өзү да келип аралашып жүрөт. Алардын бул жерде эмне иши бар? Муну эки базардын жетекчилиги өз ара чечсе болмок. Кыргызстанда менчик базардан башка көйгөй калбай калганбы? Менде жаңы ачылган базарды иштетиш үчүн бизди көчүрүп жатышат деген ой бар. Ачыгын айтсам, эл арасында ал жаңы базарды президенттин жакындарына тиешелүү деп айтып жүрүшөт. Мени камаса камасын, мен элдин айтканын айтып жатам”, – деди соодагер Максуда Матиева.
Эске салсак, 30-авгутта Мадина базарында өрт чыгып, 50дөн ашуун соода жайы өрттөнүп кеткен. Жабыркагандарга эч кандай жардам көрсөтүлө элек.
Комментарий:
Мадина базарынын айланасындагы талаш-тартыштар өткөн жылы УКМК тарабынан базардын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовду уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деген айып менен камакка алган учурга барып такалат. Салимов камакка алынгандан кийин, анын мүлктөрү жана «Мадина» базары бийликке жакын компанияга («Тарим Трэйд») өтүп кеткен. “Мадина” базар менен бирге ага чектеш «ЖБИ Заводунун» 13 гектар жери жана «Сан Сити» эс алуу борбору кийинки колдорго өткөн. Аталган аймакта жаңы кездеме базары курулуп, учурда соодагерлерди аталган жаңы базарга көчүрүү талабы коюлууда. Ишкерлерди жаңы курулуп жаткан корпустардан өтө жогорулатылган баада (200 000 – 240 000 $) соода орундарын сатып алууга мажбурлап жатышат.
Демек, “Мадина” базарынын айланасында болуп жаткан кырдаал жөн гана оңдоп-түздөө аракети эмес. Капитализмдин табиятына ылайык, бийликке жакын адамдардын колуна ири каржылык мүмкүнчүлүктөрдү топтоо үчүн жасалган пландуу аракет. Тилекке каршы, мындай мүлктү басып алуу учурунда эски кожоюндар гана жабыр тарпастан, өмүрүн соода менен өткөргөн карапайым ишкерлер да оор кырдаалга кептелүүдө. Андыктан, бийлик соодагерлердин кызыкчылыгын коргоп, ачык-айкын шарттарды түзбөсө, калктын кезектеги нааразылык толкунуна дуушар болуучу окуялардан болуп калышы ыктымал. Буга кошумча, бул процесстин жыйынтыгы ансыз да оор кырдаалда турган тикмечилик тармагын олуттуу каатчылыкка кептеши мүмкүн.
Ал эми, Ислам шарияты жеке мүлктү кол тийгис орунга коюп, мамлекеттин же бийликтегилердин жеке мүлктү тартып алуусуна катуу тыюу салат. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«مَنْ ظَلَمَ قِيدَ شِبْرٍ مِنَ الْأَرْضِ طُوِّقَهُ مِنْ سَبْعِ أَرَضِينَ»
«Ким бир карыш жерди да зулумдук менен тартып алса, ал жети кат жер менен моюнуна оролот» (Муслим риваяты, Айша разияллаху анхадан).
Акылбек Исаков




