Самарканддагы АКШнын геоэкономикалык саясаты

Самарканддагы АКШнын геоэкономикалык саясаты
Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жетектөөсү менен өткөн C5+1 форматындагы министрлер жолугушуусу, Американын тышкы саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырууда. Бул сапар Вашингтондун геосаясий доктринасында олуттуу жаңылануулар болуп жатканын көрсөтүүдө. Тактап айтканда, АКШ либералдык интернационализм идеологиясын жигердүү жайылтуудан баш тартууга аракеттенүүдө. Мурда Америка бул идеологиянын алкагында Борбор Азияга транзиттик өткөөл аймак жана демократиялык баалуулуктар жайылышы керек болгон мейкиндик катары карап келген.
Вашингтон акырындап иш жүзүндө натыйжа бербеген демократиялык моделди жана жарандык коом институттарын жайылтуудан, башкача айтканда, «капиталисттик баалуулуктарды экспорттоодон» баш тартып барууда. Ошондой эле, биз дүйнөлүк көп тараптуу институттарды түзүү жана эркин сооданын жалпы эрежелерин колдоо тууралуу сөздөрдү да мурдагыдай көп укпай калдык. Тагыраагы, АКШ узак мөөнөттүү тынчтык үчүн дүйнөгө башчылык кылуунун эбегейсиз чыгымдарын көтөрүү жоопкерчилигин азыраак талап кыла баштады.
Дональд Трамптын башкаруу доорунда АКШнын тышкы саясаты «экономикалык улутчулдук» доктринасына карай жүрө баштады. Мурдагы USAID гранттары, адам укуктары тууралуу кеп жана Батыштын мамлекеттик башкаруу стандарттарын таңуулоо саясатынын ордун катаал экономикалык улутчулдук жана геосаясий кызыкчылыктарды пайда-эсеп менен көздөгөн саясат басты.
Мындан ары коопсуздук жана дипломатия, АКШнын катардагы жумушчуларынын, улуттук өнөр жайынын жана жеткирүү чынжырларынын кызыкчылыктарын коргоочу курал катары каралмакчы.
Ак үй эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички саясий түзүлүшүн өзгөртүү үчүн өзүнүн саясий ресурстарын коротууну каалабай жатат. Вашингтон мындай маселелерди экинчи даражалуу деп эсептеп, өзүнүн прагматикалык максаттарына, тагыраагы экономикалык жактан пайдалуу өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана геосаясий атаандаштарын ооздуктоого артыкчылык берүүдө.
Барган сайын АКШ өзүнүн саясий баалуулуктарын жайылтууга жана башка өлкөлөргө аны таңуулоого кызыкпай барууда. Тагыраагы, адам укуктары, ички демократиялык реформалар жана өнөктөш мамлекеттердеги башкаруу формасын өзгөртүү, мындан ары Вашингтон үчүн кызматташтыктын башкы максаты эмес.
Бул жаңыланган саясий багыттын өзөгүндө ошол эле капиталисттик кызыкчылык бар. Тагыраагы, «Силер бизге эмне бере аласыңар?» деген пайда. Мындай алака-мамилеге көрө, Борбор Азия дүйнөлүк ресурстар жана транспорттук-логистикалык жолдорду көзөмөлдөө үчүн жүрүп жаткан глобалдык күрөштүн алкагында, анын ажырагыс бир бөлүгү катары гана каралат.
Самарканддагы сүйлөшүүлөр Вашингтон Борбор Азиядагы стратегиялык маанилүү кен байлыктарга, анын ичинде сейрек кездешүүчү элементтерге түз жетүүнү көздөп жатканын айкын көрсөттү. Бул ресурстар АКШнын жасалма интеллект, жашыл энергетика жана микроэлектроника тармактарындагы технологиялык үстөмдүгүн сактоо үчүн өтө маанилүү.
Жашыл энергетикага өтүү жана технологиялык атаандаштыктын күчөшү (жасалма интеллект, электромобилдер жана микроэлектроника тармактарынын өнүгүшү), чийки затты камсыз кылуу көйгөйүн улуттук коопсуздуктун маанилүү маселесине айлантты.
АКШ кудум эле Борбор Азияда Орусия менен Кытайды кыйгап өтүп, аймактын кен байлыктарына чыгарып кетүү үчүн байланыштарды түзүп жаткандай эле, Латын Америкасында, Африкада жана Индо-Тынч океан аймагында да өзүнө пайда жеткирүү чынжырларын түзүүнү тездетүүдө. Мунун негизги максаты – чийки затты кайра иштетүү рыногунда Кытайдын үстөмдүгүнө болгон стратегиялык көз карандылыкты азайтуу.
Демократиялаштыруу тууралуу куру чакырыктардын ордуна АКШ аймактагы элиталарга коммерциялык келишимдерди, жеке инвестицияларды, технологиялык жаңыланууну жана инфраструктуралык долбоорлорду сунуштай баштады. Алардын катарына Орусия менен Кытайдын салттуу соода жолдорун кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берген Транскаспий багытындагы «Орто коридорду» өнүктүрүү да кирет.
Вашингтон эми корпоративдик кызыкчылыктарга кызмат кылган финансылык механизмдерди, тактап айтканда, АКШнын Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясын (DFC) жана Экспорттук-импорттук банкын жигердүү пайдаланууга аракеттенүүдө. Бул институттар америкалык бизнес кызыкчылыктарын түздөн-түз илгерилетип, инфраструктуралык жана технологиялык долбоорлорду АКШ үчүн пайдалуу шарттарда каржылоого көмөктөшөт. Мунун натыйжасында өнөктөш өлкөлөр карызга көз каранды болуп калуу коркунучуна туш болушу мүмкүн.
АКШнын дипломатиясы татаал геосаясий абалды билип туруп, эми Борбор Азия өлкөлөрүн Кытай жана Орусия менен көп багыттуу кызматташтыгын кескин токтотууга мажбурлоого аракет кылбайт. Вашингтон өлкөлөрдүн тышкы өнөктөштөрүн алмаштырууну талап кылбастан, аймактагы кызматташтыктын багытын өзгөртүүгө умтулууда.
Бул үчүн АКШ Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгесине технологиялык жактан өнүккөн жана аймак өлкөлөрү үчүн пайдалуураак деп сунушталган альтернативаны түзүүгө аракеттенүүдө. Вашингтон ошондой эле Орусия менен Кытайга карыздык көз карандылыкка түшүү тобокелдиги азыраак болорун убада кылууда.
АКШ бул аракеттерин мамлекеттердин коопсуздугун жана эгемендигин коргоо, ошондой эле Батыш менен жакшы мамилелерди сактоо тууралуу риторика менен коштоп келет.
Марко Рубионун Самаркандга кылган сапары, Борбор Азия Вашингтон үчүн атаандаш державалар менен геоэкономикалык жана глобалдык тирешүүдө, ошондой эле, аскердик операцияларды камсыз кылууда маанилүү аймакка айланып баратканын көрсөтөт.
Вашингтондун саясий багытындагы өзгөрүү Борбор Азия менен гана чектелбейт. Аймакта идеологиялык кызыкчылыктарды алдыга сүрүүнүн ордуна коммерциялык кызыкчылыктарга негизделген капиталисттик мамилеге өтүү, АКШнын кыйроо алдында турган үстөмдүгүн сактап калууга багытталган акыркы айла-амалын чагылдырат.
Эбегейсиз мааниге ээ кен байлыктар, сейрек кездешүүчү элементтер жана транспорттук коридорлор үчүн жүрүп жаткан бул геосаясий атаандаштык, Борбор Азияны тарыхый бурулушка алып келүүдө. Бул бурулуш чоң азыгырыктарга жол ачканы менен, олуттуу коркунучтарды да жаратат.
Бүгүн Вашингтон, Пекин жана Москва аймак өлкөлөрүнө инвестиция, коммерциялык келишимдер жана өнөктөштүк сунуштарын улам көбөйтүп жатышат. Бирок бул сунуштардын азгырыгына алдырбастан, аймактагы элиталар өз өлкөлөрүнүн чыныгы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана стратегиялык ресурстарына акыл-эстүүлүк менен баа бериши керек. Кыска мөөнөттүү пайдага азгырылып, улуттук байлыктарды арзан баада чет элдик кызыкчылыктарга өткөрүп берүүдөн сак болуу зарыл.
Колонизаторлордун көңүлүнө биринчи болуп жагуу үчүн өз ара тирешүү, бул аймактагы өлкө башчыларынын глобалдык атаандашуу күч алып жаткан учурда кетирип жаткан эң чоң стратегиялык катасы. Мындай аракеттер эгемен мамлекеттерди өз алдынча саясат жүргүзгөн өлкөлөрдөн көз каранды болгон чийки зат булагына, ал тургай башкалардын эркин аткарган саясий куралына айлантып коюшу мүмкүн.
Колониялык капиталдын кооз убадаларына жана кыска мөөнөттүү насыяларына азгырылып, өлкөнүн кен байлыктарын көзөмөлсүз казып, ташып кетишине жол берүүгө болбойт. Болбосо, бүгүнкү убактылуу пайданын ордуна келечек муундарга түгөнгөн жаратылыш ресурстары, экологиялык кырсыктар жана тышкы көз карандылык мураска калат.
Эми бийликтеги элиталардын чейректик отчетторуна же кыска мөөнөттүү пайдасына эмес, мусулмандардын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына таянып, алдыдагы ондогон жылдарды көздөп ой жүгүртүүгө мезгил келди.
Кен байлыктар өлкөнүн чыныгы жаңылануусуна жана өнүгүшүнө кызмат кылышы керек. Алар өз алдынча кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө, алдыңкы технологияларды өздөштүрүүгө жана күчтүү, тышкы көз карандылыктан эркин экономиканы калыптандырууга багытталышы зарыл. Кен байлыктардын негизги пайдасы трансулуттук корпорацияларды же колонизатордук күчтөрдү байытууга эмес, элдин бакубат жашоосуна жана өлкөнүн өз алдынча өнүгүүсүнө жумшалышы керек.
Борбор Азияга бирдиктүү Исламий позиция зарыл. Аймактын жаратылыш байлыктары мусулман элдеринин өзүнө кызмат кылып, Исламий билим берүү жана сакафат идеологиялык жана мабдаий өнүгүүнүн пайдубалына айланышы керек.
Эгерде аймактагы өлкө башчылары элдердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгышпаса жана ач көз «өнөктөштөрдүн» убактылуу ыраазычылыгына жетүү үчүн стратегиялык келечегин арзыбаган пайдага сата беришсе, Борбор Азия колониялык экспансиянын курбаны бойдон кала берет. Мунун кесепетинен улам аймак Исламий башкаруу орногон келечектен жана татыктуу башкаруучу мансапты ээлеп калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн.
Латыфул Расых




