Кыргызстанда кылмыштуулук өсүүдө

Кыргызстанда кылмыштуулук өсүүдө
Өлкөдө 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 27,4 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайызга көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин отчетунда келтирилген.
Отчетко ылайык, тогуз ай ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 3 939га жеткен. Бул 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 1,6 пайызга жогору.
Катталган кылмыштардын 70 пайыздан ашыгы жеке менчикке каршы жасалган укук бузууларга туура келет. Ошондой эле адамдын жеке өзүнө каршы кылмыштардын саны 3,2 пайызга көбөйгөн.
Айрым кылмыштын түрлөрү боюнча өсүш кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, адам өлтүрүү фактылары 14,2 пайызга, ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү учурлары 9,6 пайызга, ал эми зордуктоо фактылары 8,7 пайызга өскөн.




