Европа мамлекеттериндеги жарылуунун себептери

Европа мамлекеттериндеги жарылуунун себептери
Европанын бир катар мамлекеттеринде, мисалы, Франция, Бельгия жана Испанияда жашоо чыгымдарынын кымбатташына, мектептер менен университеттердин бюджеттеринин кыскартылышына каршы демонстрациялар жана нааразылык акциялары күчөп жатат. Алардын айрымдары зомбулук, кыйратуу жана талап-тоноо иштери менен коштолду.
Андан соң мектеп окуучулары менен университет студенттеринин нааразылык акцияларынын толкуну Франция, Бельгия, Италия, Португалия, Испания, Греция, Австрия, ал тургай Албанияга чейин жайылды. Германия, Нидерландия, Сербия жана Ирландияда да нааразылык акцияларынын белгилери байкалууда. Анда нааразылык акцияларынын толкуну кандай өнүктү жана бул жарылуунун себептери эмнеде?
Биринчиден: Трамп экинчи мөөнөткө бийликке келгенден бери Түндүк Атлантика келишими уюмуна (НАТО) мүчө мамлекеттерди аскердик чыгымдарын улам өсүп баруучу пайыздык көрсөткүчтөр менен рекорддук деңгээлге чейин көбөйтүүгө мажбурлады (2035-жылга карата ички дүң продукциянын 5%ына жеткирүү максат кылынууда). Бул альянстын ичиндеги бир да мамлекет, анын ичинде аскердик чыгымдары ички дүң продукциянын 4,3%ын түзгөн Америка да жете элек деңгээл.
Экинчиден: Орусия-Украина согушу. Украинадагы согуштун айынан Европа олуттуу жабыркады. Анын экономикалык жана жашоо-тиричиликке байланыштуу кесепеттери бүтүндөй континентке таасирин тийгизди. Бул кесепеттердин эң негизгилери төмөнкүлөр болду:
– Энергетика жана жылытуу кризиси: Орусиядан энергия жеткирүүнүн токтошуна, газ менен электр энергиясынын бааларынын кымбатташынан улам Европа мамлекеттеринин көпчүлүгүндө катуу инфляция келип чыкты.
Жашоо жана турак жай чыгымдарынын кымбатташы жана базарлардагы туруксуздуктун натыйжасында адамдар татыктуу жашоону, эмгек акыларды жогорулатууну талап кылып, мамлекеттик чыгымдардын кыскартылышына каршы чыгышты. Мындай көрүнүш Испания, Франция жана Бельгияда болду.
– Европанын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (мисалы, мектептер менен саламаттыкты сактоонун) эсебинен миллиарддаган долларлык согушту каржылоосу. Европа каражаттарын коргонуу чыгымдарына багыттады. Анын бир бөлүгү түздөн-түз Украинага жөнөтүлсө, дагы бир бөлүгү мамлекеттердин аскердик арсеналдарын өнүктүрүүгө бөлүндү. Мисалы, Германия бул максатка 100 миллиард доллар бөлдү. Мунун баары Европа элдерине көрсөтүлүп жаткан кызматтардын эсебинен ишке ашырылды.
«Ньюсуик» журналы жазуучу Том О’Коннордун баяндамасында Иранга каршы согуштун кайрадан башталышы Вашингтондун европалык союздаштарын курал-жарак менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн азайтышы мүмкүн экенин билдирди. Бул Европа континенти кайрадан куралданууну тездетүүгө муктаж болуп турган учурга туш келүүдө. Басылма европалык эксперттерге таянып, маселе коргонуу чыгымдарынын көлөмүндө гана эмес, Европанын көз карандысыз өнөр жай базасын түзүү мүмкүнчүлүгүндө да экенин белгиледи. Анткени Америкага узак убакыт бою көз каранды болуп келүү Европаны, Америка башка жаңжалдар менен алек болуп калган учурда, коркунучка дуушар кылды.
Үчүнчүдөн: Франциянын президенти Макрон адамдар күйүүчү майдын бааларынын кымбатташына ачууланууга укуктуу экенин билдирип, анын өлкөсү Ормуз кысыгынын жабылышынан келип чыккан кризистин түздөн-түз кесепеттерин башынан өткөрүп жатканын белгиледи.
Европанын статистикалык бюросу Евростаттын маалыматтарына ылайык, Европа Биримдиги мунайга болгон муктаждыгынын 96%ын жана газга болгон муктаждыгынын 85%ын тышкы булактардан камсыздайт. Европанын газ инфраструктурасы уюмунун маалыматына ылайык, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердеги газ запастары болжол менен 71,5%ды түзөт. Ал эми сезондук орточо көрсөткүч болжол менен 92% деп бааланат.
Жаңжал башталгандан кийин Перс булуңундагы мамлекеттерден келген газдын көлөмү азайгандыктан, Европанын Америкадан импорттогон суюлтулган жаратылыш газы жалпы камсыздоонун болжол менен 57%ын түздү. Орусия Украинага басып киргенден бери Орусиядан газ жеткирүү азайып, Европанын суюлтулган жаратылыш газына болгон көз карандылыгы күчөгөн сайын кризис дагы тереңдөөдө. Бул көйгөйгө Ормуз кысыгындагы кризис, жүк ташуу чыгымдарынын кымбатташы, камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы жана баалардын болуп көрбөгөндөй кескин өсүшү кошулду.
Кошумча себептер: Белгилей кетүүчү нерсе, бул демонстрациялардын башка да көптөгөн себептери бар. Алардын арасында төмөнкүлөр бар:
– Европа мамлекеттеринин ортосундагы терең ички бөлүнүү, тарыхый жана географиялык татаал маселелер.
– Ашкере оңчулдардын үнүнүн күчөшү. Анткени акыркы жылдары саясий күчтөрдүн тең салмактуулук картасы өзгөрүп, оңчулдардын таасири кыйла күчөдү. Натыйжада алар Жоржа Мелони аркылуу Италияда кайрадан бийликке келишти. Ал эми Марин Ле Пен аркылуу Францияны башкарууга жакындап жатышат. Ошол эле учурда «Германия үчүн альтернатива» партиясы чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Мындай жагдайлар ашкере оңчулдарга коомдогу жана экономикадагы нааразылыктардан пайдаланып, аларды саясий жетишкендиктерге айландыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Европа экономикасынын өнөкөт алсыздыгы, анын мамлекеттеринде карылыктын белгилеринин пайда болушу, Кытайдын арзаныраак жана сапаты жогору өнөр жай продукцияларынын Европаны каптап алышы, ошондой эле Америка президенти Трамптын бажы алымдары боюнча саясаты жана Европа Биримдигине карата позициясы.
– Европа мамлекеттеринде мамлекеттик карыздын жана бюджеттик тартыштыктын өсүшү. 2026-жылдын экинчи чейрегинин аягында Франциянын мамлекеттик карызы болжол менен 3,6 триллион еврого (болжол менен 3,9 триллион долларга) жетип, ички дүң продукциянын 119%ын түздү.
Европа комиссиясынын божомолуна ылайык, Еврозонадагы мамлекеттик карыз 2025-жылы ички дүң продукциянын 88,7%ын түзсө, 2026-жылы 90,2%га, андан соң 2027-жылы 91,2%га чейин өсөт. Бул бюджеттик тартыштыктын көбөйүшү, сүткордук пайыздардын чыгымдарынын өсүшү жана экономикалык өсүштүн алсыздыгы менен байланыштуу.
Эл аралык валюта фонду ушул жылдын 13-октябрында жарыялаган акыркы божомолунда Еврозона экономикасынын 2026-жылдагы өсүү божомолун 1,1%га чейин төмөндөттү. Ошол эле учурда Франциянын экономикасы 0,4%га, ал эми Испаниянын экономикасы 2,5%га өсөрүн божомолдоду.
Жыйынтыктап айтканда: Азыркы чыныгы кризис Европа мамлекеттериндеги башкаруу кризиси гана эмес. Албетте, алар начар башкаруудан жана коррупциядан жабыркап жатышат. Бирок, чындыгында, бул ийгиликсиздиги далилденген мабда жана цивилизация кризиси. Анткени бул цивилизация өзүнүн жок болуу уруктарын өзүндө алып жүрөт жана өлүмгө карай бара жаткан баскычта турат.
Чечим болсо, алардын адатына айлангандай, убактылуу жамоо, өкмөттөрдү жана адамдарды алмаштыруу аркылуу болбойт. Тескерисинче, мабдага негизделген ар тараптуу хазарий өзгөрүү аркылуу гана болот. Бул болсо улуу Ислам мабдасы менен гана ишке ашат.
Аллах Таала айтат:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾
«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Таха: 124).
Роя гезити
Хасан Хамдан




