Комментарий

Кыргызстандын карызы өсүп жатат

Кыргызстандын карызы өсүп жатат

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2026-жылдын 30-сентябрына карата 907 миллиард сомду же 10 миллиард 371,6 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшү 38,55 пайызды түзөт.

Жалпы мамлекеттик карыздын 50,9 пайызы тышкы карызга туура келет. Анын көлөмү 5 миллиард 275,2 миллион доллар. Негизги кредиторлордун катарында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы бар. Кытай банкынын алдындагы карыз 1 миллиард 367,7 миллион долларга жеткен.

Ал эми ички мамлекеттик карыз 5,1 миллиард долларды түзүп, жалпы карыздын 49,1 пайызын ээлейт. Анын басымдуу бөлүгү мамлекеттик казыналык облигациялардан турат.

Комментарий:

Кыргызстанда акыркы жылдары карыздын ИДПга (ички дүң продукцияга) карата үлүшүнүн аз көрсөтүлүшү ийгиликтүү башкаруунун натыйжасы катары көрсөтүлүүдө. Түпкүлүгүндө, Ички дүң продукция өлкөдөгү капиталисттердин жалпы өндүрүшүн чагылдырат жана анын негизги көлөмү сыртка ташылып кетет.

Ал эми, өлкөгө карыз берген негизги каржы булактарга токтолсок, Батыш мамлекеттери жана Америка өтө катуу шарттар менен, узак жана кемсинтүүчү күттүрүүлөрдөн кийин карыз беришет. Бул карыздардын эң негизги шарттарынын бири — аларды экономикалык жактан чыныгы киреше алып келбеген өндүрүштүк эмес тармактарга жумшоо. Мисалы, жол куруу же калкты суу менен камсыз кылуу сыяктуу долбоорлор. Бул шарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн, ошол мамлекеттер карыздардын кандай сарпталып жатканын көзөмөлдөө жана түздөн-түз байкоо жүргүзүү үчүн өз эксперттерин жана байкоочуларын жөнөтүшөт. Чындыгында болсо, бул карыздардын болжол менен отуз пайызы гана сарпталган, ал эми мамлекет жетекчилерине чет өлкөлөрдө офшор компанияларды ачуу жана каражаттарды уурдоо менен сыртка чыгаруу ыкмалары үйрөтүлгөн. Натыйжада, төлөө мүмкүн болбогон же өтө оор карыздардын жүгү элдин мойнуна жүктөлүп кала берет. Ошол эле учурда, шарттуу карыздар жана каржылык-экономикалык байланыштар аркылуу аймактагы Россиянын таасирин азайтууга аракет кылышат.

Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, Кытай карыз бергенде мындай көлөмдөгү саясий жана административдик шарттарды койбойт. Ал бул мамлекеттердин жетекчилери карыздарды талап-тоноосун жана ал каражаттарды заводдор же өндүрүштүк долбоорлорду курууга жумшабасын жакшы билет. Ошондой эле мамлекет карызын өз убагында төлөй албай турганын да билет. Кытай карыздарды өтө жеңил жана тез берет, бирок төлөө мөөнөтү келгенде мөөнөттү узартууга же жеңилдик берүүгө макул болбой, катуу жана чечкиндүү басым көрсөтөт. Эгер мамлекет карызын төлөй албаса, Кытай жерлерди тартып алып, кендерди жана табигый байлыктарды көзөмөлүнө алып, төлөнбөгөн карыздардын ордуна аларды өзүнүн толук менчигине айлантат. Башкаруучулардын жаңы карыз алуу үчүн кен байлыктарды күрөөгө коюп жатышы ушуга байланыштуу.

Кытай карыз берүү менен гана чектелбестен, аны менен кошо өзүнүн жумушчу топторун, эксперттерин жана жумушчуларын да аймакка жөнөтөт. Азыркы учурда он миңдеген кытайлыктар Кыргызстанга агылып келип, кен казуу жайларына, жол куруу долбоорлоруна жана турак жай курулуштарына жайгашты. Бүгүнкү күндө кытайлар бардык жерде, бардык тармактарда жана Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде кеңейип жатканы көрүнүп турат, алардын катышуусу ар бир кадамда жана ар бир тармакта байкалууда.

Андыктан, бул колонизаторлордун айла-амалдарына ишенбөө керек. Тескерисинче, өлкөдөгү өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасап, мусулмандардын негизги күч булагы болгон Исламга кайтып, динибизди жана келечегибизди коргогон рошид мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу зарыл!

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button