Америка жана Эл аралык кылмыш соту: Британия менен Европа Биримдигинин таасирин жоюу

Америка жана Эл аралык кылмыш соту: Британия менен Европа Биримдигинин таасирин жоюу
Америка көптөн бери диктатордук мамлекет идеясын бекемдөөгө, башкача айтканда, бир эле учурда сот да, жазалоочу да болууга аракет кылып келет. Бул Советтер Союзунун кулашынан кийин пайда болгон боштуктан улам болду. Анткени буга чейин дүйнөнүн эки уюлдуу болушу, башкача айтканда, Советтер Союзунун лидерлик үчүн Америка менен атаандашуусу, эл аралык чечимдерге күчтүү таасир көрсөтүүсү Американын дүйнөгө жалгыз үстөмдүк кылышына жол бербей келген.
Советтер Союзунун кулашы жетекчилик үчүн атаандаштыкта чоң боштукту пайда кылып, башка күчтү экинчи орундан да төмөн түшүрдү. Натыйжада Америка өзүн дүйнөнүн тактысында чыныгы атаандашы жок жалгыз бийлик ээси катары көрүп, дүйнөнү өзүнүн менчиги деп эсептей баштады. Бул абал Американы биринчи орундагы абалы үчүн Кытай, Россия жана Европанын айрым мамлекеттери сыяктуу аны менен атаандашууга аракет кылган мамлекеттерге каршы күрөшүүдө пландарды түзүү, каражаттарды жана услубдарды ар түрдүү кылуу жөнүндө ойлонуудан тосту.
Америка Европа Биримдигин талкалап, Европанын колунда калган Эл аралык кылмыш соту сыяктуу эл аралык мекемелерди да жоюуга киришти. «Франс 24» телеканалы 2026-жылдын 9-октябрында Американын Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкцияларды киргизгенин кабарлады.
Американын мамлекеттик катчысы Рубио Вашингтон өзү «мыйзамга баш ийбеген» деп сыпаттаган сот менен бардык мамилелерге тыюу саларын билдирди. Бул Трамптын администрациясы Гаага шаарында жайгашкан аталган сотко каршы көптөн бери жүргүзүп келе жаткан кампаниясын күчөтүшү аркылуу болду. Ал өз билдирүүсүндө: «Же Эл аралык кылмыш соту өзүнүн коркутууларын токтотот, же биз соттун өзүн жок кылабыз», — деди. Ошондой эле: «Президент Трамп Эл аралык кылмыш сотунун америкалыктарды кылмыш жоопкерчилигине тартуусуна эч качан жол бербейт», — деп, бул чаралар соттун каржы булактарын үзүп, анын иш жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн шал кылып коёрун кошумчалады.
Мындан тышкары, Рубио Американын союздаштарын, айрыкча өздөрүн коргоодо америкалык аскерлерге таянган мамлекеттерди аталган сотту ооздуктоого чакырды. Эгер алар муну жасабаса, Вашингтон Эл аралык кылмыш сотун кирпичтен кирпичке ажыратып, толугу менен талкалоо аракетин улантарын эскертти.
Трамптын администрациясы буга чейин Эл аралык кылмыш сотунун бир катар жооптуу кызматкерлерине, анын ичинде башкы прокуроруна жана бир нече судьясына каршы санкцияларды киргизген эле. Буга соттун өзүнө мүчө болбогон Америка жана яхудий түзүмүнө байланыштуу жүргүзгөн тергөө иштери себеп болгон. Ал эми Европа Биримдиги Американын санкцияларын өтө өкүнүчтүү деп баалап, соттун өз ишин аткарышына мүмкүнчүлүк түзүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы көп тараптуу Рим статусунун негизинде түзүлгөн. Ал геноцид, адамзатка каршы кылмыштар, согуш кылмыштары жана агрессия кылмыштары сыяктуу эл аралык кылмыштар үчүн жеке адамдарды соттоо ыйгарым укугуна ээ болгон биринчи туруктуу эл аралык сот болуп эсептелет.
Рубионун билдирүүлөрү Америка жаңы бир аракет аркылуу иш жүзүнө ашырууга умтулуп жаткан узак мөөнөттүү пландан кабар берет. Бул план Британиянын таасирин жоюуга багытталган.
Европа Биримдигинен чыгып кеткенине карабастан, картайган континенттин өкүлү болгон Британия дүйнөнү адам укуктары жана алар үчүн күрөшө турган баалуулуктардын бар экендиги жөнүндөгү ураандар менен алдоо үчүн аталган кылмыш сотун түзгөн. Чындыгында болсо, Британия Американын дүйнө элдерине каршы жасаган ыплас иштерин пайдаланып, күндөрдүн биринде аны кылмышкер деп жарыялоону көздөйт. Муну менен Европа дүйнө элдеринин сүйүктүүсүнө ээ болууну жана жок дегенде Американы ыңгайсыз абалга калтыруу аркылуу болсо да анын бут алдындагы килемди тартып алууну көздөйт.
Америка администрациясы Европа Биримдигин алсыратуу үчүн Британиянын андан чыгышын колдоп, Британияга өзүнүн мурдагы даңкын эске салган. Ошондой эле Британия кандайдыр бир блоктун ичинде ээрип, унутулуп кеткен нерсеге айланып калгыдай кичинекей мамлекет эмес экенин анын эсине салган.
Америка европалыктарды, алардын ички сезимдериндеги бөлүнүүнү жана маңызсыз улутчулдук идеясында чагылдырылган жалган улуулук сезимин өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Америка Эл аралык кылмыш сотунун тузак экенин, ал өзүнүн көзөмөлүндө эместигин жана өзүнө каршы иш алып барып жатканын жакшы түшүнөт.
Американын текебердигинин негизи анын капиталисттик мабдасында жатат. Бул мабда адам укуктарын коргоону, адамзатка каршы кылмыштарга жана маанисиз согуштарга жол бербөөнү, ошондой эле мындай иштерди жасагандарды жоопкерчиликке тартууну белгилейт. Бирок бул максатта кабыл алынган мыйзамдар жана түзүлгөн уюмдар адамдардын көзүнө күл чачуу үчүн гана болгону ачыкка чыкты. Бузук капиталисттик мабда Американын адам укуктары, айлана-чөйрө, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардагы бардык уюмдардан же агенттиктерден чыгып кетүүсүндө көрүнгөн кылмыштуу жүрүм-турумунун жалгандыгын ашкереледи.
Бул күрөштүн табияты бир мабданы кармангандардын ортосундагы фикраттын өзөгүндө жатат. Алардын ар бири экинчисин кулатуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп турат. Мында өз ара баалуулуктары менен ишенимдеринин кыйрашы да алар үчүн бирдей болуп калды. Бул абал Американын толук маанисиндеги диктатордук мамлекетке айланышына алып келди.
Американын бүгүнкү абалы, анын элдерге каршы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, адамдарды өлтүрүүсү жана зулумдукту ачык-айкын, уятсыздык менен колдоосу ушунчалык деңгээлге жеткендиктен, ал тургай аны менен бир мабданы кармангандардын айрымдары да муну четке кага баштады. Буга Американын Газадагы геноцидде яхудийлерди ачык колдоосу, Иранга каршы согушу, Украина менен Россиянын ортосундагы согушту уюштуруусу, Венесуэланын президентин уурдап кетүүсү, Эпштейндин кылмыштары, өзүнүн малайы Башарды сактап калуу үчүн Россия, Иран жана Түркиянын жардамы менен Сирия элин өлтүрүүсү, ошондой эле Суданда согуш отун тутандыруусу, Египет менен Судан элин суусуздукка дуушар кыла турган «Нахда» дамбасын каржылоосу жана башка иштери мисал болот.
Мына ушундай иштери аркылуу Америка өзүн өзү ашкерелеп, өзүн бардык адамдык баалуулуктардан ажыратып, зулумдукту бекемдеп жана аны өтө одоно түрдө ишке ашырып жатат.
Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү күч-кубат жана коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор! Үммөтүңөрдүн абалына карагыла! Анткени сел чегине жетти. Ошондуктан үммөтүңөргө жардам берүү үчүн аракетке өткүлө жана аны Американын зулумдугунан куткара турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат бергиле.
Зулумдуктун негизинде курулган дүйнөлүк уюмдардан эч кандай үмүт жок. Анткени Америка азыр алардын өзүн жок кылып, ал тургай аларды сырткы көрүнүшүнөн жана жалган ураандарынан да ажыратып жатат.
Роя гезити
Шейх Ахмад Ас-Самани




