Бир күндө бир триллион доллар жок болду: капиталисттик фондулук рыноктун жасалма байлыгы

Бир күндө бир триллион доллар жок болду: капиталисттик фондулук рыноктун жасалма байлыгы
2026-жылдын 5-ноябрында, бейшемби күнү, Уолл-стрит акыркы бир жарым жыл ичиндеги эң начар соода күнүн башынан өткөрдү. Анткени, АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоолордун шартында жасалма интеллект тармагындагы кескин өсүшкө байланыштуу кооптонуулар күчөп, Nasdaq индекси 5,5%га, ал эми Standard & Poor’s 500 индекси 4,4%га төмөндөдү. «Керемет жетилик» деп аталган эң ири жети технологиялык компания бир күндүн ичинде рыноктук наркын бир триллион доллардан ашык жоготту.
Комментарий:
Бейшемби күнү бир дагы завод жабылган жок, бир дагы чип жоголгон жок жана бир дагы маалымат борбору өрттөнгөн жок. Nvidia компаниясы кечинде да эртең менен кандай болсо, ошол бойдон калды. Инженерлери да, продукциялары да, буйрутмалары да ошол бойдон эле. Ошого карабастан, бир нече сааттын ичинде бир триллион доллардан ашык байлык, башкача айтканда, Сауд Арабиясынын бир жылдык ички дүң продукциясына дээрлик барабар сумма жок болуп кетти!
Бул окуя капиталисттик фондулук рыноктун чыныгы жүзүн т.а. ал жасалма рынок экендигин дагы бир жолу ачып көрсөттү. Анткени, акциянын баасы чыныгы өндүрүшкө же чыныгы соодага эмес, тескерисинче, күтүүлөргө, ушак-айыңдарга жана алып-сатарлардын көпчүлүктү ээрчиген жүрүм-турумуна байланыштуу. Алар башкалар сатып алып жаткандыгы үчүн сатып алышат жана башкалар сатып жаткандыгы үчүн сатышат!
Америкада акциялар менен облигациялардын наркы азыр өлкөнүн бир жыл ичинде өндүргөн бардык продукциясынын наркынан төрт эседен ашык болуп калды. Негизги көчө, башкача айтканда, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдөн турган реалдуу экономика Уолл-стриттин кагаздар океанындагы кичинекей аралга айланды. Ал эми океан кыймылга келгенде, арал чөгүп кетет.
Мунун баасын ким төлөйт? Өнүгүү мезгилинде байлыгы бир нече эсеге көбөйгөн компаниялардын негиздөөчүлөрү жана алгачкы инвесторлору эмес. Анын баасын пенсиялык фонддор, жөнөкөй аманатчылар жана карапайым жумушчулар төлөшөт. Анткени, алардын пенсиялык каражаттары ушул рынокторго жана тилекке каршы, өздөрүн керексиз кылып коюу коркунучун туудурган жасалма интеллекттин өзүнө багытталган. Бул кандайдыр бир кемчилик эмес, тескерисинче, байлык байлардын арасында гана айланып, акча эмгек жана соода аркылуу эмес, акчанын өзүнөн табылган системанын логикалык натыйжасы.
Ислам өлкөлөрүнүн өкүмдарлары үммөттүн байлыктарын дал ушул рынокко жайгаштырышты. Алар Америкага триллиондогон доллар берүүгө милдеттеништи. Анын басымдуу бөлүгү технологияга жана жасалма интеллектке багытталган. Ошондой эле Сауд Арабиясынын Мамлекеттик инвестициялык фонду Nvidia, Microsoft, Meta жана Apple сыяктуу компаниялардын акцияларына ээ болду. Бул кыянаттык болуп саналат жана рыноктор канчалык өнүкпөсүн, үммөт үчүн сөзсүз зыян алып келет. Анткени, рынок көтөрүлгөндө үммөттүн байлыктары Исламга каршы согушуп жаткан мамлекеттин үстөмдүгүн бекемдейт. Ал эми рынок кыйраганда, анын зыянын үммөт тартат!
Исламда акционердик компанияларды түзүүгө, ошондой эле алып-сатарлыктын натыйжасында наркы эркин өзгөрүп турган акциялар жана облигациялар менен соода кылууга жол берилбейт. Исламда акча жөн гана кагаз акчалар эмес, тескерисинче, өздүк наркка ээ болгон жана басып чыгарууга мүмкүн болбогон алтын менен күмүш болуп саналат. Ошондуктан адамдардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөбөйт. Ошондой эле шарият менчикти жана эмгекти коргойт жана байлыктын аз сандагы адамдардын колуна топтолушуна тыюу салат:
﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنكُمْ﴾
«…тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн…» (Хашр: 7).
Мындан он төрт кылым мурда Ислам байлыкты чыныгы эмгек жана чыныгы соода менен байланыштырган жана үммөттүн ресурстарын аманат катары коргогон. Бейшемби күнкү кыйроо дүйнө рыноктордун көңүлүн алуу аркылуу эмес, тескерисинче, рыноктор тарабынан курулбаган система аркылуу гана туруктуулукка жетерин дагы бир жолу эске салды. Ал система — Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык. Ал Аллахтын уруксаты менен үммөттүн байлыктарын кайрадан өзүнө кайтарып берет.
Ибрахим Аль-Атраш




