Басма сөз

Американын саясатын бийлик үчүн атаандашкан партиялар эмес, терең мамлекет аныктайт

Басма сөз баянаты

Американын саясатын бийлик үчүн атаандашкан партиялар эмес, терең мамлекет аныктайт

Америкада жана анын сыртындагы көптөгөн байкоочулар Трампка жана анын партиясына каршы болгондуктан, 2026-жылдын 3-ноябрында болуп өткөн орто мөөнөттүү шайлоонун жыйынтыгын майрамдашты. Алар буга чейин республикачылардын көзөмөлүндө болгон Өкүлдөр палатасы менен Сенатты демократтардын көзөмөлгө алганына кубанышты. Сенатта демократтар Техас, Канзас, Айова, Огайо, Мэн, Түндүк Каролина жана Түштүк Каролина штаттарында республикачыларга таандык жети орунду тартып алышты. Ошол эле учурда Жоржия жана Мичиган штаттарындагы атаандаштык күчтүү болгон эки орунду сактап калышты. Ал эми Өкүлдөр палатасында алар жыйырмадан ашуун шайлоо округун тартып алышты. Алардын арасында 2024-жылдагы шайлоодо Трампка чоң айырма менен добуш берген округдар да бар. Биз бул шайлоодо болуп өткөн окуялар жана анын натыйжалары тууралуу төмөнкү жагдайларды түшүндүрүп берүүнү каалайбыз:

Биринчиден: Американын ички саясий иштеринде бизди биринчи кезекте бул шайлоонун жана анын натыйжаларынын бүткүл дүйнөдөгү Ислам үммөтүнө жана анын маселелерине, анын ичинде бул жердеги мусулман жамаатына болгон байланышы кызыктырат. Ошондуктан бул шайлоого дал ушул көз караштан баа берүү зарыл.

Төмөнкү аяттардын түшүрүлүү себеби тууралуу мындай риваят келген:

﴿الم ۝ غُلِبَتِ الرُّومُ ۝ فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُمْ مِنْ بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ ۝ فِي بِضْعِ سِنِينَ﴾

«Алиф, Лам, Мим. Абдан жакын жайда Рум жеңилди. (Бирок) алар (румдуктар) бул жеңилүүлөрүнөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат». (Рум: 1–4).

Перстер румдуктарды жеңген эле. Мусулмандар румдуктардын жеңишке жетишин каалашкан, анткени алар Китеп ээлери болчу. Ал эми Курайш мушриктери перстердин жеңишке жетишин каалашкан. Себеби перстер да алар сыяктуу китабий динге таандык эмес болчу. Ошондуктан Абу Бакр Сыддык (р.а.) аяттарда айтылгандардын чындык экенине мелдешкен.

Демек, Абу Бакр Сыддык (р.а.) дүйнөлүк саясий окуяларга айрымдар айткандай «пайда жана зыян» же «эки жамандыктын жеңилин жана эки зыяндын азыраагын тандоо» көз карашынан эмес, акыйда жана вахий көз карашынан байкоо жүргүзгөн.

Экинчиден: Америкага кимдер өкүмдарлык кылып, анын саясатын кимдер аныктай турганы байкоочулар үчүн эбак эле белгилүү болгон чындыкка айланды. Алар — кайсы динди карманганына карабастан, ири капитал ээлеринен жана үлкөн компаниялардан турган терең мамлекет. Булар үчүн өлкөнү ким башкарып жатканы эмес, алардын капиталисттик кызыкчылыктарына ким кызмат кылып жатканы маанилүү. Ал кызыкчылыктар жергиликтүү жана дүйнөлүк деңгээлде элдерди талап-тоноого, байлыктарын тартып алууга жана жакырландырууга негизделген. Муну ошолордун бир бөлүгү болгон Ноам Хомский мындай деп түшүндүргөн: «Эки партия тең бирдиктүү экономикалык жана институттук алкакта иш алып барат. Алар каржы системасын, компаниялардын кызыкчылыктарын коргоодо жана Американын күчүн колдонууда бири-бирине жакын. Ошондуктан бийликтеги партиянын алмашуусу мамлекеттин багытын түп-тамырынан өзгөртпөйт. Анткени бул эки партия ал «Бизнес партиясы» деп атаган нерсенин эки канаты болуп саналат».

Үчүнчүдөн: Эки партиянын саясатынын бири-бирине жакындыгы, атүгүл бири-бирине толук дал келиши, шайлоочуларды гипноздолгон адамдардай шайлоо урналарына багыттоо максатында айтылган жалган жана адаштыруучу сөздөрдө эмес, алар үчүн белгиленген саясаттарды ишке ашыруудагы практикалык аракеттеринен ачык көрүнөт.

Буга мисал катары эки партиянын тең үммөттүн жүрөгүнө жакын болгон мубарак Палестина жеринин маселесине карата позициясын келтирүүгө болот. Анткени эки партия тең яхудий вужудун сактап калуу жана аны каржылык, аскерий, саясий жана маалыматтык жактан чексиз колдоо көрсөтүү боюнча бирдей саясатты кабыл кылышат. Буга төмөнкүлөрдү мисал келтирүүгө болот:

а) Барак Обаманын демократиялык администрациясы 2016-жылы яхудий вужудуна он жыл ичинде 38 миллиард долларлык аскерий жардам көрсөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Келишимдин мөөнөтү 2018-жылдын октябрында, республикачыл Дональд Трамптын президенттиги учурунда башталган.

б) Трамп 2017-жылы Кудсту яхудий вужудунун борбору деп тааныган жана 2018-жылы Американын элчилиги ал жакка көчүрүлгөн. Демократ Жо Байден президенттик кызматка келгенде, анын администрациясы элчиликти көчүрүү жана Кудсту вужуддун борбору деп таануу чечимдерин жокко чыгарбай турганын ырастаган.

Трамптын учурунда Вашингтон 2017-жылдын декабрында Кудсту вужуддун борбору деп тааныгандан кийин анын макамын өзгөртүүгө каршы чыккан БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги резолюциянын долбооруна вето койгон.

Байдендин учурунда болсо Вашингтон 2024-жылдын 18-апрелинде Палестинага Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөлүгүн берүү сунушталган резолюциянын долбооруна вето койгон. Буга карабастан, 12 мүчө аны колдоп добуш берген, ал эми Британия менен Швейцария добуш берүүдөн карманган.

в) Трамптын администрациясы 2020-жылы «Ибрахим келишимдери» деп аталган мамилелерди нормалдаштыруу келишимдерине демөөрчүлүк кылган. Байдендин администрациясы да алардан баш тарткан эмес. Тескерисинче, Американын коопсуздук кепилдиктери жана кызматташтык маселелери талкууланган сүйлөшүүлөрдүн алкагында бул багытты Сауд Арабиясын да камтый тургандай кеңейтүүгө аракет кылган.

г) Президенттик бийлик кичүү Буштан Обамага өткөндө учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган соккулар токтогон эмес. Тескерисинче, Обама президенттик кызматка келгенден тартып ошол убакытка чейин Буштун экинчи президенттик мөөнөтүндө уруксат берген соккуларынын санынан беш эсе көп соккуга уруксат берген.

Ошондуктан демократтардын Өкүлдөр палатасында жана Сенатта жеңишке жетиши Трамптын азыркы саясатын өзгөртөт деп ойлогон адам жаңылышат. Трамп бул саясатын мубарак Палестина жериндеги геноцид кылмышында яхудий вужудун колдоодон баштаган. Ошондой эле бул жеңиш Иранга каршы жүрүп жаткан зулум согуштун токтошуна да алып келбейт. Анткени терең мамлекет Иранга каршы баштаган согушу аркылуу көздөгөн максаттарына жетмейинче, бул согуш токтобойт. Терең мамлекет Трампты дал ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн бийликке алып келген. Ага чейин аны соттор жана ага каршы козголгон иштер аркылуу баш ийдирип, андан соң гана бул долбоорлорду ишке ашыруучу катары анын ыйгарым укуктарын кабыл алган.

Төртүнчүдөн: Америкадагы мусулман жамааты да терең мамлекеттин биз көрүп жаткан кутумдарынан аман калган жок. Бул кутумдар исламий мекемелерге жана мусулман активисттерге таасир этүүгө, аларды ичинен бузууга багытталган. Бул коомдук кызматтарды ээлөөгө умтулган айрым активисттерге саясий жана каржылык колдоо көрсөтүү аркылуу ишке ашырылууда.

Бул аракеттер мусулмандарды бейтарапташтырууга, адаштырууга жана «демократиялык оюн» деп аталган нерсенин алкагына киргизүүгө багытталган. Бул болсо Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруунун ордуна, светтик идеология жана адамдар тарабынан чыгарылган мыйзамдар менен башкарууга ачык түрдө убада берүү аркылуу ишке ашырылууда.

Бул нерсе аталган активисттердин мубарак Палестина жеринде яхудий вужудунун жашоого болгон «укугу», атеисттердин укуктарын жана бачабаздардын укуктарын таануу сыяктуу маселелерде карманган позицияларынан ачык көрүнүп турат.

Мусулмандар Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка өкүмдөр менен башкара турган адамга, мейли ал мусулман болсун же кафир болсун, добуш берүүгө болбой турганын билишет. Анткени добуш берүү — Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка өкүмдөр менен башкара турган адамды өкүл кылып дайындоо болуп саналат. Мунун арамдыгы Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрүндө катъий түрдө баяндалган:

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾

«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!» (Маида: 50).

Ошондой эле Аллах Таала айтат:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ﴾

«Өкүм- Өкүмдардык Аллага гана таандык». (Юсуф: 40).

Мусулман жамаатынын көпчүлүк мүчөлөрү жогоруда айтылгандарды билгендиктен жана Аллахка, Анын Расулуна жана момундарга болгон берилгендигинен улам шайлоолорго катышуудан баш тартышканына карабастан, шайлоолорго катышуу важиб деп айткан фатвалар дагы эле бар. Бул фатвалар биздин таза динибиздеги катъий өкүмдөргө каршы келет. Натыйжада мусулмандар арам ишке түшүп, кыйроого дуушар болушат.

Чындыгында, мусулман жамаатынын ролу негизги жана өтө маанилүү. Бул рол оң мүнөзгө ээ болуп, Исламды бардык адамдарга, карапайым элге, саясатчыларга жана экономисттерге нур жана хидаят рисалаты катары жеткирүүдөн турат. Анткени Батыш цивилизациясынын бузукулугу жана кемчиликтери ачыкка чыкты. Ал адамдарды бактысыздыкка учуратты, жакырландырды жана өлтүрдү. Ал эми улуу Ислам күчтүү менен алсызды, кедей менен байды тең карайт. Ошондой эле Ислам адамдардын жанын, ар-намысын жана мал-мүлкүн коргойт. Бул талап-тоноого, каракчылыкка, өлтүрүүгө жана колонизаторлукка негизделген ач көз капитализмден айырмаланат.

Исламдын дин жана мамлекет катары адамдар үчүн адилеттүү жашоо түзүмү экенин жана анын акыйкатын түшүндүрүү — мусулман жамаатынын жана анын исламий мекемелеринин милдети. Алардын милдети мусулман жамаатын адашкан коомго сиңирип, аны менен кошо адашууга алып бара турган капиталисттик саясаттын четинде жашоого чакыруу эмес. Ошондой эле Исламды мечиттердин босогосунан чыкпаган ибадат жөрөлгөлөрү менен гана чектеп коюу да эмес!

﴿قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْا إِلَى كَلِمَةٍ سَوَاءٍ بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلَّا نَعْبُدَ إِلَّا اللَّهَ وَلَا نُشْرِكَ بِهِ شَيْئاً وَلَا يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضاً أَرْبَاباً مِنْ دُونِ اللَّهِ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَقُولُوا اشْهَدُوا بِأَنَّا مُسْلِمُونَ﴾

«Айткын (эй Мухаммад): «Эй Китеп берилгендер (жөөт жана христиандар) бизге да, силерге да теңдеш болгон бир сөзгө келгиле. Жалгыз Аллага гана ибадат кылалы, Ага эч нерсени (шерик) тең кылбайлы жана Алланы коюп бири-бирибизди теңир кылып албайлы».

Түшүндүрмө: Ислам этикаты боюнча бүткүл ааламды жараткан Алла Таала бардык инсандар бактылуу жашасын деп Өзү тараптан жашоо – турмуш үчүн багыт болгон мыйзамдарды, тактап айтканда динди жиберген. Кимде-ким бул мыйзам-эрежелерди тан албастан өзүнчө жаңы мыйзам чыгармакчы болсо, ал өзүн Кудай деп билген болуп саналат жана анын артынан ээрчигендер аны кудай деп билген болушат.

Эгер алар (китеп берилгендер) ушул даьват-чакырыктан баш тартышса, анда силер (эй момундар):«Күбө болгула, биз Мусулмандар-Жалгыз Аллага моюн сунуучуларбыз» деп айткыла!» (Али Имран: 64).

Хизбут-Тахрирдин Америкадагы маалымат бөлүмү

09.11.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button