Жапаров элге улуттук жаңжалдар күтүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылды

Жапаров элге улут аралык жаңжалдар күтүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылды
Кыргызстандын президенти өлкөнүн түштүгүндө өзбек-кыргыз ортосунда улут аралык жаңжал чыгарууга аракеттер пайда болуп жаткандыгына тынчсызданган кайрылуу жасады.
Жапаров Бакиевдердин тагдыры кайра кайталанышынан чочулап жатабы?
Бакиевдин бийлиги кулатылганда, дал ошол кыргыз-өзбек улуттук жаңжалы жаңы бийликтин калыптанышы үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген. 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдар Россиянын жардамы, балким, анын катышуусу жана жетекчилиги астында ишке ашырылганына күбө болгонбуз. Согушка от жагуу максатында көптөгөн жарандарды атып өлтүргөн россиялык снайперлердин төртөө кармалган. Ошол убактагы бийлик алардын изин суутуп жок кылып, ишти жаап салууга жетишкен.
Бийлик алмашуу же учурдагы бийликти сактап калуу ар дайым ушундай чагымд иштерди уюштуруу ыкмалары менен коштолуп келет. Жапаров мурда эле бийликтин ичинде жүргөн саясатчы катары мындай чагымдарга күбө болгон.
Мындан улам кезектеги шайлоо да мурдагы шайлоолордой эле таза жана ачык-айкын өтпөшү күтүлөт. Бийлик шайлоодогу арам оюндарын дагы бир жолу кайталоого камданып жаткандай. Демек, күтүлүшү мүмкүн болгон элдик толкундоолорго да даяр турууга аракет кылышат.
Президенттин тынчсыздануусу эки максатты көздөп айтылган десек болот:
1. Президент жеңилүүгө учураган оппозициялык саясатчылар тарабынан элди толкундатышы мүмкүн болгон жагдайлардын алдын алууну көздөп жатат. Башкача айтканда, эгерде башаламандык чыгып кетсе, аны андан да маанилүүрөөк башка бир башаламандыкты чыгаруу жолу менен алаксытууга аракет кылуу.
Эл арасында эч кандай улуттук жаңжалдын белгилери да байкала элек учурда президенттин жогорудагы негизсиз билдирүүсү ушуга ишарат кылып турат. Эгер ушул көз караш туура болсо, анда бийлик коомду кандай гана жагдай болбосун өз максаттарына, башкача айтканда, жасалма улуттук жаңжалдарга жана кагылышууларга даярдай баштаган болот.
2. Жапаров чындыгында Бакиевдерди бийликтен четтетүүдө колдонулган ыкма кайрадан даярдалып жаткандыгы тууралуу кабардар болуп калган болушу мүмкүн. Бул версия боюнча, азыркы бийликти тактан кулатууга Россия же башка бир эл аралык күчтөрдүн бири киришкен болушу ыктымал.
Жапаровдун бийлиги өлкөнүн байлыгын жана башка кызыкчылыктарын улам бир чекеден Кытайга берип жатат. Бул башкаруу Россияга да, АКШга да жакпай жатат. Демек, бул жерде АКШ менен Россиянын кызыкчылыктары дал келип жатат. АКШ аймактын Кытайдын таасири астында калганына караганда, Россиянын таасири астында калышын артык көрөт. Мындан улам тышкы күчтөр ички оппозиция менен биригип, бийликти кулатууда аларга жардам көрсөтүшү мүмкүн. Кандай жагдай күтүлүп жаткандыгына карабастан, президент көтөрүп жаткан бул тема элди улуттук жаңжалдарга түртө турган көрүнүш.
Тилекке каршы, өлкөдөгү бийликти жактаган тарап да, оппозициячыл тарап да бийлик үчүн өз элин ар кандай балээге салып берүүгө даяр турушат! Ошондуктан мындай Кудайдан кабары жок саясатчылардын бирин шайлоо, алар уюштуруп жаткан шайлоолорго катышуу, ошондой эле алардын кайсы бир тарабына шайлоодо жардам көрсөтүү — арам!
Мусулман бир туугандар, биз силерди мындай куфр башкаруусунун кесепетинен улам өз элин балээлерге салып берген шайлоолорго катышуудан кайтарабыз.
Түпкүлүгүндө, шайлоонун өзү арам эмес, бирок мындай куфрга таянган арам башкаруу тарабынан уюштурулуп жаткан чыккынчылардын бирин тандоо — арам! Арамдан алыс болуп, Аллахтын алдында жүзүбүз жарык болушуна аракет кылалы. Аллах Өзүнөн алыстатып, бизди өз абалыбызга таштап койбосун. Оомийин!
Абу Али




