Макала
Токаевдин Ислам терминдерине карата билдирүүсү

Токаевдин Ислам терминдерине карата билдирүүсү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казак тили” аттуу эл аралык коомунун X курултайында араб тилинен кирген диний сөздөрдү колдонууга чектөө коюп, алардын ордуна казак тилиндеги салттуу сөздөрдү колдонууну сунуштады. Атап айтканда, «иншаЛлах», «альхамдулиЛлях» сыяктуу сөздөрдү, ошондой эле «ахи», «ухти» өңдүү сөздөрдү колдонуу маселеси козголду.
Мындан көп өтпөй Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) мусулмандарга расмий кайрылуу жасап, тиешелүү сунуштарын жарыялады. Муфтият президенттин демилгесин колдоп, күнүмдүк сүйлөшүүдө жана диний насааттарда казак тилиндеги салттуу сөздөргө көбүрөөк басым жасоого чакырды.
Дин тутунган адамдардын күнүмдүк жашоодо колдонгон сөздөрүн жөнгө салуу жана тилдик чектөөлөрдү киргизүү аракети бир катар суроолорду жаратат.
1. Бул тыюу кандай көйгөйдү чечет?
Тилди жандуу баарлашуунун куралы катары карай турган болсок, диний терминдерди атайлап күнүмдүк колдонуудан сүрүп чыгаруу Казакстандагы реалдуу социалдык-экономикалык, технологиялык же билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдүн бирин да чечпейт. Сөздөрдү алмаштыруу менен коррупция жоюлбайт, инфляция токтобойт, инфраструктуранын сапаты жакшырбайт.
Иш жүзүндө бул чара колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылган идеологиялык мүнөзгө гана ээ. Анын максаты, өлкө саясатынын кемчиликтерин талкуулоо маселесин Исламга каршы күрөш майданына буруп жиберүү.
2. Карама-каршылыктар жана «казак тилин сактоо» жүйөсү
Бул демилгенин негизги максаты казак тилинин тазалыгын жана анын сакталышын камсыз кылуу болуп жаткан соң, бир катар олуттуу карама-каршылыктар жаралууда.
Касым-Жомарт Токаев өзү классикалык советтик билим алган, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн дипломатия тармагында орус жана англис тилдеринде иштөө менен өткөргөн. Тарыхый жактан алганда, анын ой жүгүртүүсү жана саясий билдирүүлөрү да орус тилдүү чөйрөнүн таасиринде калыптанган. Ушундай болгон соң, коомдон «тилдин нукуралыгын» талап кылуу орунсуз болот.
Азыркы казак тилинде орус жана англис тилдеринен кирген көптөгөн сөздөр бар. Айрыкча техникалык терминдер, бюрократиялык түшүнүктөр жана көчө жаргону күнүмдүк турмушта да, расмий документтерде да бекем орун алган. Бирок сын-пикирлер дал Исламга байланышкан араб сөздөрүнө гана багытталып жатат. Бул тилдин тазалыгына болгон чын ыкластуулуктан келип чыккан камкордук эмес, бул Исламдын коомго тийгизген таасирине карата идеологиялык, же светтик-саясий тынчсыздануу басымдуулук кылып жатканын көрсөтөт.
Элдин тили, бул жандуу бир түзүм
Расмий мекемелерде колдонулган же жасалма түрдө «тазартылган» тил менен элдин күнүмдүк колдонуусундагы тил эч качан толук дал келбейт. Калк колдонгон тил жогору жактын буйругуна эмес, табигый көрүнүштө өзү калыптанат. Адамдардын мечиттерде, же интернеттеги баарлашуу топторунда бири-бири менен кандай учурашарын жөнгө салууга аракет кылуу, бул коомдук турмуштун негизги мыйзам-эрежелерин түшүнбөгөндүктүн белгиси.
3. Жаңы сөздөрдүн пайда болушу жана араб тилинин орду
Тил коомдун баарлашуу муктаждыктарын канааттандыра албай калган учурда сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Башкача айтканда, тилдеги жаңы сөздөр менен сөз айкалыштары, адамдардын жаңы түшүнүктөрдү жана маанилерди так билдирүү зарылдыгынан улам пайда болот.
Жаш мусулмандар «ахи» же «ухти» сыяктуу сөздөрдү колдонгондо, алар өздөрүнүн улуттук чек аралардан жогору турган, ыйман аркылуу бириккен үммөттүн мүчөсү экенин билдирип жатышат. Мусулмандар үчүн бул жөн гана бир сөздү экинчи сөз менен алмаштыруу эмес, бул жалпы Ислам өздүгүнүн белгиси.
Ал эми араб тилине келсек, тилчилер анын өзүнө гана мүнөздүү болгон ички түзүлүшүн жана сөз жасап чыгаруу системасынын тактыгын эбак эле тан алып келишкен. Араб тили сөздөрдүн өзөктүк түзүлүшү аркылуу диний жана философиялык түшүнүктөрдү өтө так жана кыска формада чагылдыра алат.
Эне тил кайсы бир тарыхий себептерден улам, же жасалма тилдик чектөөлөрдөн улам жаңы түшүнүктөрдү билдире тургандай так, кыска жана жалпыга таанылган сөздөрдү сунуштай албай калса, коом башка тилден даяр, түшүнүктүү жана калыптанып калган сөздөрдү өздөштүрө баштайт. Бул тилдин табигый өнүгүүсүнө мүнөздүү болгон көрүнүш.
Бийлик чындыгында эмнеден чочулайт?
Казакстан өзүн светтик мамлекет катары көрсөтүп келет. Бирок акыркы он жыл ичинде коомдун, айрыкча жаштардын диний аң-сезими кыйла өзгөрө баштады. Араб тилинен кирген диний терминдердин, Исламий кийимдердин, жүрүм-турум үлгүлөрүнүн жана диний өздүктү билдирген башка белгилердин кеңири жайылышы, жарандардын олуттуу бөлүгү мамлекет таңуулаган «салттуу Ислам» түшүнүгүнүн алкагына эмес, жалпы дүйнөлүк Исламий баалуулуктарга жана улуттук чек аралардан жогору турган үммөттүн биримдигине таянып жатканын көрсөтөт.
Терминдерди колдонууну тыюу сыяктуу демилгелер ырааттуу түрдө көтөрүлүп келет. Буга чейин өлкөдө мектептерде хижаб жана никаб кийүүгө чектөөлөр киргизилип талкууланган. Ошондой эле, айрым диний адабияттарды таратууга тыюу салынып, мечиттер менен имамдардын ишмердигине мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөн.
Бул чаралардын баары бирдиктүү системалуу саясаттын алкагында жүргүзүлүп келет. Мамлекет динди мүмкүн болушунча өзүнө баш ийдирип, катуу бюрократиялык эрежелер менен чектөөгө жана толук көзөмөлгө алууга умтулууда. Мунун максаты – өз алдынча диний ишмердиктин жана мамлекеттик көзөмөлдөн тышкары диний демилгелердин ар кандай көрүнүштөрүн мүмкүн болушунча чектөө.
Бийлик толук көзөмөлгө ала албаган, же санариптик көзөмөл системасына киргизе албаган ар кандай Исламий тенденцияны улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн болгон “көйгөй” катары кабыл алууда.
Мындай шартта Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) позициясы өзгөчө эки жүздүүлүккө жана кыянаттыкка таянгаы көрүнүп турат. Тактап айтканда, ал мусулмандардын кызыкчылыгына зыян келтиргенине карабастан, бийликке дароо баш ийгенин көрсөттү.
Муфтият көз карандысыз диний институт катары чыгып, бул терминдердин диний маанисин түшүндүрүп, мусулмандардын сөз тандоо эркиндигин коргоонун ордуна, бийликтин демилгесин дароо колдоп, аны аткарууга өттү.
Иш жүзүндө КМДБ Кудайсыз бийликтин динге каршы көрсөтмөлөрүн кайталап эле койбостон, аларга диний негиз бар болгондой көрүнүш жаратып, жогорудан келген көрсөтмөлөрдү «диний тилге» которуп, алардын мыйзамдуулугун жана тууралыгын негиздегенге аракет кылды.
Казакстандагы муфтиятты диндар мусулмандардын басымдуу бөлүгү эбак эле үммөттүн руханий жетекчиси жана кызыкчылыктарын коргоочусу катары эмес, светтик мамлекеттик дагы бир министрлиги же анын бюрократиялык кошумча түзүмү катары кабыл алып калган.
Алла Таала Куранда мындай дейт:
«Эй, момундар, өзүңөрдү коюп, (ал мунафык-эки жүздүүлөрдү) сырдаш, дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аяшпайт жана жаман абалга түшүшүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүлөрү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоңураак. Эгер акыл жүргүзүп көрсөңөр, силерге белгилерди ачык-айкын кылып бердик».
(Аали Имран сүрөсү, 118-аят.)
Хужжат Жамиа




