Саясий
Судан менен Эфиопиянын ортосундагы чыңалуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Судан менен Эфиопиянын ортосундагы чыңалуу
Суроо:
“Sudan Eye Network” 2026-жылдын 9-ноябрында: “Судан согушунун кеңейиши жана Эфиопиянын түндүгүндөгү чыр-чатактардын кайра жанданышы менен чек аранын эки тарабынан тышкары аймактык чыр-чатак чыгат деген кооптонуулар күчөдү…”,- деп билдирди. Рейтер агенттиги 2026-жылдын 4-ноябрында эфиопиялык жогорку кызматтагы адамга шилтеме жасап: “Анын өлкөсү Ассоса чек ара шаарындагы Судан консулдугун жаап, ал жерде иштеген алты дипломатка 48 сааттын ичинде чыгып кетүүнү буйрук кылды”.
Агенттик Судандын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап: “Судан өкмөтү буга жооп катары Судандын чыгышындагы Аль-Кадариф шаарындагы Эфиопиянын консулдугун жаап, ал жерде иштеген дипломаттарды чыгарып жибергенин” билдирди. Бул тууралуу Судандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Судандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн брифингде: “Эфиопиянын Ассоса базасы Ыкчам колдоо күчтөрүн курал-жарак жана жабдуулар менен камсыздоочу борборго айланды, ошондой эле чет элдик согушкерлердин жана жалданма аскерлердин аскердик операцияга катышуу үчүн Судандын аймагына өтүшүн жеңилдетти” деп билдирди … (Sudan News, 04.11. 2026).
Эки өлкөнүн ортосундагы бул чыңалуулардын артында эмне турат? Судан өкмөтү сепаратисттик козголоңчулар менен сүйлөшүү өткөрүүсү үчүн кысым көрсөтүүдө Американын ролу барбы?
Жооп:
Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн, биз төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:
1. Америка Дарфурду Судандан бөлүүнү пландап жатат… анын сунушу 2026-жылдын 20-июнунда берилген. Араб жана Азия иштери боюнча өкүлү Масад Булос аркылуу ал Суданды 90 күндүк мөөнөткө улуттук деңгээлде кеңири жана тез арада гуманитардык элдешүү жарыялоону камтыган документте айтылгандай, статус-квого (учурдагы кырдаалга) багынып берүүгө чакырат. Биз муну 2026-жыл 29-июль күнү берилген суроого жообубузда айттык. Американын сунушу камтыган ок атышууну токтотуу, Ыкчам колдоо күчтөрү сыяктуу сепаратисттик козголоңчуларга келгенде, сунуш алардын түзүлүшүн кандай болсо ошондой тааныйт. Ошол сыяктуу эле, документте (күчтөрдү чыгарып кетүү жана кайра жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү сыяктуу коопсуздук чаралары) жөнүндө сөз болгондо, ал Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар экендигин жана анын туруктуу калышын тастыктайт жана аларды жоюп жиберүү жөнүндө сөз кылуудан качат. Тескерисинче , ал Ыкчам колдоо күчтөрүн кайра жайгаштыруу жөнүндө сөз кылганда анын туруктуу калышын кыйыр түрдө талап кылат. Анда өлкөнүн армиясын бөлүп жарууну көздөгөндөрдү Ыкчам колдоо күчтөрү сыяктуу теңештирилген. Документте “гуманитардык жардамды жеткирүүнү жеңилдетүү, жарандарды коргоо жана жер которгон адамдардын кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү” деген шылтоо менен “чектелген аскердик чегинүүлөргө” чакырык ташталган. Бул аскерий күчтөрдүн туруктуу сакталып калышын тастыктайт. Бул документте: (90 күндүк жалпы улуттук гуманитардык ок атышууну токтотуу) талап кылынганда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар экендиги жана үстөмдүгү мыйзамдуулугун ырастайт. Документте “ок атышууну токтотуу мөөнөтүнөн туруктуу ок атышууну токтотуу мөөнөтүнө жетүү жана жарандык жетекчилик кылган өткөөл процессти баштоо үчүн пайдаланууга” чакырганда, ал Ыкчам колдоо күчтөрүн сепаратисттик жана козголоңчу күчтөр деп айткан жок, тескерисинче, Суданды бөлүү үчүн анын сепаратисттик өкмөтүн мойнуна алып жатат.
Маалымат үчүн айта кетейин, Американын акыркы сунушу жаңы эмес. Бул эски сунуш, төрттүк атынан (Америка, Сауд Арабиясы, Египет жана БАЭ) берилген Америка сунушунун жаңыртылышы. Булар 2025-жылдын 12-сентябрында үч айлык гуманитардык элдешүүгө чакырып, туруктуу ок атышууну токтотууга чакырышкан.
Бул Американын Дарфурду Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүнө калтыруу планын тастыктайт, бул план аймакты бөлүүнү көздөйт…
2. Судан Америка сунушу болгон Булостун кагазын четке кагып, аны белгилүү бир шарттарда кабыл алууга даяр экенин жарыялады. Биз 2026-жылдын 29-июлундагы суроого берген жообубузда билдиргендей: “2026-жылдын 20-июнунда келип түшкөн акыркы Америка сунушуна 2026-жылдын 25-июнунда Судандын жообу анын чоо-жайы кеч жарыялаган.
“Al Jazeera” каналы 2026-жылдын 10-июнунда Судандын расмий булактарына шилтеме берип, өкмөттүн акыркы америка сунушуна болгон жообу тууралуу кабарлаган. Бул булактардын айтымында, өкмөт согушту сүйлөшүүлөр аркылуу токтотуу жана 90 күндүк гуманитардык элдешүү келишимин түзүү боюнча милдеттенмесин жаңыртты. Бул шартта Ыкчам колдоо күчтөрү 2023-жылдын 11-майынан бери көзөмөлдөп келген бардык шаарлардан чыгып кетиши керек. Бул эки тарап Америка-Сауд Арабиясынын колдоосу астында Жидда декларациясына кол койгон күн. Жооп чаралары төмөнкүлөрдү камтыган: “Судандын биримдигин жана анын аймагынын бүтүндүгүн камсыз кылуу, Судандын Куралдуу Күчтөрүн бирдиктүү улуттук армия катары сактоо жана ага бардык аскердик түзүлүштөрдү интеграциялоо, анын иштерине чет элдик кийлигишүүнү токтотуу жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн куралдуу топторун курал-жарак жана жалданма аскерлер менен колдоону токтотуу”. Судан өкмөтүнүн жообунун экинчи бөлүгү шаарлардан Ыкчам колдоо күчтөрүн чыгарып, аларды үч этапта белгилүү бир жерлерге кайра топтоону камтыган: Биринчиси 30 күндүн ичинде ишке ашырылат жана Көк Нил аймагынан, Түндүк Кордофан штатынан жана Түндүк жана Борбордук Батыш Дарфурдан аскерлерди чыгарып кетүүнү камтыйт. Экинчи фаза биринчи фаза аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде башталат, анда Ыкчам колдоо күчтөрү Батыш Кордофан жана Түштүк Дарфур штаттарынын шаарларынан чыгып кетишет. Үчүнчүсү: экинчиси ишке ашырылгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат жана Чыгыш жана Түштүк Кордофан штаттарынан чыгып кетүүнү камтыйт. Топтоло турган жер катары Кауда аныкталган. Аль Абдель Азиз аль-Хилунун жетекчилиги астындагы Судан элдик боштондук кыймылынын (SPLM-N) таянычы жана ал Ыкчам колдоо күчтөрү (RSF) менен союздаш. Жооптун үчүнчү бөлүгүндө, эркин жана адилеттүү шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин улана турган жарандык өткөөл өкмөткө алып келүүчү Судан менен Судандын ар тараптуу диалогу аркылуу саясий процессти жүргүзүү камтылган. Судан өкмөтү Ыкчам колдоо күчтөрүнөн басып алган шаарларынан чыгып, андан кийин белгилүү бир жерлерге кайра жайгашуусун талап кылышы, алардын бар экендигин моюнга алуу жана аларды жоюп жиберүүдөн баш тартуу болуп саналат. Белгилей кетүүчү нерсе, Ыкчам колдоо күчтөрү өкмөт аны чыгып кет десе же сүйлөшүүлөр боюнча андан талап кылса ал оңой-олтоң эле чыгып кетпейт, болбосо алар козголоң чыгарып, жийиркеничтүү иштерди жасашмак эмес. Ал өзү жасаган кылмыштарды жасап, миллиондогон адамдардын зыянга учурашына жана жер которушуна алып келген иштерди кылмак эмес.
Маселени аскердик күч колдонуп, аны чечкиндүүлүк менен гана толугу менен чечүүгө болот.
2026-жылдын 23-сентябрында АКШнын Мамлекеттик департаменти төмөнкүдөй билдирүү таратты: “Судандын Куралдуу Күчтөрү жана Ыкчам Колдоо Күчтөрү жана алардын жетекчилиги Судандын конституциялык өкмөтүн чагылдырбайт.” АКШнын Мамлекеттик департаменти өз билдирүүсүндө “тынчтыкты калыбына келтирүүнү жана бийликти Судан элине кайтарып берүүнү көздөп жатканын” билдирди. Билдирүүдө “эки тарапты тең шартсыз гуманитардык элдешүүнү кабыл алууга жана жарандык өкмөткө өтүүгө алып келүүчү инклюзивдүү саясий диалогго милдеттенме алууга бир нече жолу чакырган” деп кошумчаланды… (Аль-Жазира, 2026-жылдын 23-сентябры). Бул билдирүү Бурхандын өзүнө багытталган, анткени ал расмий мамлекеттик мекемелердин бири болгон армиянын командачысы катары кызмат өтөйт. Ал Президенттик Эгемендүү Кеңештин атынан өлкөнү саясий жактан жетектеген адам. Бул анын лидерлигин таануудан баш тартуу коркунучу, анткени ал саясатчы эмес, аскерий лидер жана ал Америка жана башкалар тарабынан өзүн Судандын расмий президенти катары тан алынышын каалайт.
3. Андан кийин Америка тарабынан дагы бир кысым көрсөтүлдү. Анткени Америка Бурханга ал Нью-Йоркко келип, 2026-жылдын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыл сайын өтүүчү жыйындарында Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары жана өкүлдөрү сыяктуу эле Судандын өкүлү болгон эң жогорку расмий адам катары сөз сүйлөгөнгө чейин кирүү визасын берүүдөн баш тартты. Ал муну Бурхандын 90 күндүк ок атышууну токтотуу боюнча сунушун жана АКШ президентинин өкүлү Булостун сунушу камтыган нерселерди кабыл алышы менен байланыштырды. Аль-Бурхан муну өз кожоюну Американын өз өлкөсүн бөлүп-жарууга мажбурлаган кысымы деп түшүндү, ошондуктан ал 2026-жылдын 26-сентябрында мындай деп жооп берди: “Өлкө эч кандай кысымга же шантажга жооп бербейт. Биздин максатыбыз – Судандын баарын, а түгүл Дарфурду да бул бандиттерден тазалоо”. (Anadolu, 2026.9.26).
Белгилей кетүүчү нерсе, ал Американын көрсөтмөсү боюнча, убактылуу деген шылтоо менен Дарфурдан аскерлерди олуттуу каршылык көрсөтпөстөн чыгарып кеткен адам. Бирок ал убактылуу эмес туруктуу болуп, иш жүзүндө Дарфурдан кол жууп Дарфур өзүнчө мамлекет катары жарыяланды. Эми болсо Бурхан: “Биздин максатыбыз – бүтүндөй Суданды, атүгүл Дарфурду да бул бандиттерден тазалоо!” – дейт.
4. Американын Судан өкмөтүнө, Эгемендүү Кеңештин башчысы Бурхан жетектеген өкмөткө көрсөткөн ушул дипломатиялык кысымынан кийин, ал Эфиопия аркылуу ага кысым көрсөткүсү келип жаткандай… Мына ошондуктан Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед өткөн октябрь айынын аягында өз өлкөсүнүн 12 орусиялык Сухой согуштук учагын сатып алганын белгилеп жатып: “Истребителдер өлкөнүн стратегиялык жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бирок бул истребителдерге ээ болуу жана дипломатиялык эскалация Судан менен толук масштабдуу тирешүү жакындап калды дегенди билдирбейт. Анткени эки тарапка тең жүктөлгөн түйшүктөрдү эске алганда азыркы этапта түз согуш жөнүндө сөз кылуу эрте…”,- деди. (Sudan News, 11.04.2026). Бул билдирүү анын Суданга каршы согуш жүргүзүүгө даяр экенин билдирет. Мында сес көрсөтүү бар. Айрыкча, анын заманбап согуштук учактарды сатып алганы тууралуу сөздөрү буга ишара алат. Мунун алдында Судандын Эгемендик Кеңеши 2026-жылдын 11-ноябрында жарыялаган отчетунда төмөнкүлөрдү жарыялаган: “2026-жылдын февраль жана октябрь айларынын аралыгында Эфиопиянын ракета учуруу аймактарынан 187 дрон катышкан 70 чабуул аныкталган”. Отчет Тышкы иштер министрлиги тарабынан Судандагы аскердик чалгындоо жана жалпы чалгындоо кызматтары менен биргеликте даярдалган жана анда ошондой эле төмөнкүлөр айтылган: “Ал кол салуулардын натыйжасында 484 жай тургун каза болуп, жаракаттар менен коштолду. Ошондой эле Көк Нилде, Хартумда жана башка аймактарда ооруканаларды, турак жайларды жана отун жана электр энергиясын өндүрүүчү жайларды бутага алган 176 аскер кызматкери өлтүрүлгөн. Судан Эфиопияны чек ара аркылуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн эл аралык жоопкерчиликке тартат жана андан өз аймагына кол салууну дароо токтотууну жана Ыкчам колдоо күчтөрү колдонгон эфиопиялык объектилерди жабууну талап кылат… Судан бул аракеттер келтирген зыян жана кыйроолор үчүн жоопкерчиликти жана компенсацияны талап кылат. Өткөн айда Көк Нил штатындагы Вад Аль-Махидеги жер которгон үй-бүлөлөргө кол салуу болуп анын натыйжасында 30 жай тургун, анын ичинде 26 аял жана 4 бала каза болгон…”. (AFP, Al Jazeera, 1.11. 2026).
Судандагы режим он ай бою унчукпай отурду, андан кийин Эфиопиядан учурулган дрондор жүздөгөн жайкын тургундарды жана аскер кызматкерлерин өлтүрүп, жарадар кылганын, ошондой эле электр станциялары менен инфраструктурага зыян келтиргенин жарыялады! Ал Эфиопиядан бул чабуулдарды токтотууну, козголоңчу сепаратисттик Ыкчам колдоо күчтөрүнө таандык имараттарды жабууну жана бул чабуулдарга каршы жооп бербестен компенсация төлөөнү талап кылды! Бул режимдин шалаакылыгын жана аракетсиздигин көрсөтүп турат. Бул башкаларды андан пайдаланууга, ага кол салууга жана анын оппоненттерин жана сепаратисттик козголоңчуларды колдоого жол ачат.
5. Судандагы режим көбүнчө өзүнө каршы иштеген Бириккен Улуттар Уюмуна таянат. Ал аны сепаратисттерди таанууга жана өлкөнү алар менен бөлүшүүгө даярдануу үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырат. 2026-жылдын 1-ноябрында Судандын Тышкы иштер министрлиги Эфиопияга каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана Африка Биримдигинин Тынчтык жана Коопсуздук Кеңешине арыз менен кайрылганын жарыялады. Судандын Эгемендик Кеңешинин башчысынын кеңешчиси Амжад Фарид: “Эфиопия Суданды түз тирешүүгө тартууга аракет кылып жатат жана Хартум Судандын аймагына жасалган дрон чабуулдары боюнча Аддис-Абебага каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешине расмий арыз менен кайрылган”, – деп билдирди. Ал: “Судан дрондор Эфиопиянын аймагынан учурулганын тастыктайт жана арызда бул чабуулдар боюнча маалыматтар жана далилдер камтылган”, – деп кошумчалады. (Аль-Арабия, 2026.11.02). Ага чейин, 2026-жылдын 28-октябрында Судандын коргоо министри Судан жаңылыктар агенттигине: “20дан ашык өлкө Судандагы уланып жаткан согушка логистикалык колдоо, жалданма аскерлер, акча жана Ыкчам колдоо күчтөрүн дрондор аркылуу колдоо менен катышып жатат” деп айткан. Эгерде Судандын башкаруучулары өлкөгө каршы чоң кутум уюштурулуп жатканын түшүнүшсө, анда алардын милдети – Ыкчам колдоо күчтөрүн талкалоо жана өлкөнүн тагдыры менен ойноп жаткан чет элдик колдорду жок кылуу болуп саналат. Алар Америка жетектеген жана Британия, Франция жана башка өлкөлөрдү камтыган, Суданды бөлүү үчүн ага каршы кутум уюштуруп жаткан Коопсуздук Кеңешине кайрылуунун ордуна – тескерисинче жалпы мобилизация жарыялашы керек. Анткени Эфиопия кылып жаткан иш Суданга каршы согуш жарыялоого барабар.
6. Эфиопияга каршы бул айыптоолордон жана ага каршы Коопсуздук Кеңешине арыз берилгенден кийин, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп, алар бири-бирине каршы дипломатиялык күрөшкө киришти. Рейтер агенттиги 2026-жылдын 4-ноябрында билдиргендей, эфиопиялык жогорку кызматкер анын өлкөсү Ассоса чек ара шаарындагы Судан консулдугун жаап, ал жерде иштеген алты дипломатка 48 сааттын ичинде чыгып кетүүнү буйрук кылганын айткан. Агенттик Судандын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап: “Судан өкмөтү буга жооп катары Судандын чыгышындагы Аль-Кадариф шаарындагы Эфиопиянын консулдугун жаап, ал жерде иштеген дипломаттарды чыгарып жибергенин” билдирди. Бул тууралуу Судандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Судандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр үчүн брифингде: “Эфиопиянын Ассоса базасы Ыкчам колдоо күчтөрүн курал-жарак жана жабдуулар менен камсыздоочу борборго айланды, ошондой эле чет элдик согушкерлердин жана жалданма аскерлердин аскердик операцияга катышуу үчүн Судандын аймагына өтүшүн жеңилдетти” деп билдирди … (Sudan News, 04.11. 2026). Эфиопия күнөөлүү тарап жана агрессор, бирок ал жабырлануучудай түр көрсөтүп, өзүнө каршы коюлган айыптоолорго жана арыздарга каршы нааразычылык катары Судандын консулдугун жаап жатат. Судан дипломатиялык жол менен гана жооп кайтарууга чектелди жана Суданга кол салуулар башталган Эфиопиядагы базаларга кол салган жок!
7. Ошондуктан Эфиопиянын Суданга каршы кутум уюштурууда аймактык кызыкчылыгы бар болсо да аны менен болгон эскалациянын максаттары Американын Дарфурду Судандан бөлүү планына байланыштуу. Анткени Эфиопия Американын талабы менен гана Суданга каршы кийлигишет. Ал мурда да Түштүк Судандын бөлүнүп чыгышын колдоп келген. Эфиопиянын Суданга каршы коркутууларды жана ага каршы кутумдарды ишке ашырууга катышууда өзүнүн да кызыкчылыгы бар. Анткени ал курган Ренессанс дамбасына байланыштуу кризис бар, бул Суданга да, Египетке да зыян келтирет жана алар буга каршы чыгышат, ал эми бул үч өлкөнүн ортосундагы суу бөлүштүрүү келишимин бузат. Бул дамба 2011-жылдан бери Америка тарабынан Эфиопияны аны курууга үндөгөндөн кийин Америка тарабынан түзүлгөн аймактагы чыңалуунун булагына айланды. Бул ага бул өлкөлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды жаратып, алар ага кайрылып, ал аларды көзөмөлдөп туруу үчүн кийлигишүүгө жана таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, Судан менен Египеттин ортосундагы 2+2 консультативдик механизминин экинчи айлампасынын, башкача айтканда, эки өлкөнүн төрт тышкы иштер жана сугат министрлеринин 2026-жылдын 2-ноябрдагы жолугушууларында мындай деп айтылган: “Эки өлкө Судандын биримдигине жана бүтүндүгүнө коркунуч туудурган ар кандай коркунучту четке кагууну ырасташты жана Суданда туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн биргелешкен координацияны күчөтүүгө чечкиндүү экендиктерин билдиришти”. Алар Нил бассейни өлкөлөрүнүн суу коопсуздугун коргоо жана 1959-жылдагы келишим боюнча алардын сууга болгон толук укуктарын жана пайдалануусун сактоо зарылдыгы жана бул укуктардын бузулушуна жол бербөө жөнүндө макулдашышты. Алар бир тараптуу Эфиопия дамбасы… олуттуу кесепеттерге алып келет жана Нил дарыясынын ылдый жагындагы өлкөлөргө тынымсыз коркунуч келтирерине макул болушту… (Al-Araby Al-Jadeed жана Sudan Al-Zoul News, 2026.11.2.). Эфиопиянын кызыкчылыгында Суданды алсыратуу бар, ошондо ал Египет менен Суданга зыян келтирүүчү долбоорлоруна каршы чыга албайт. Бул ошондой эле Египетти алсыратат, анткени ал Судан фронтун жоготуп, Эфиопиянын чек арасынан алыс жайгашканда Эфиопияга каршы тура албайт. Египет режими бул дамбанын курулушуна биринчи күндөн эле тоскоолдук кылбай, анын курулушу бүтүшүн күтүп, андан кийин сөз баштаса, анда бул анын Эфиопиянын бул ишине каршы эч кандай олуттуу эместигин жана Американын аракет кылбоо буйруктарына баш ийгендигин көрсөтүп турат.
8. Ошондуктан, Америка Суданга өлкөнү бөлүп-жаруу үчүн жаңы кысым факторун киргизип жатат, анын ичинде Дарфурду бөлүү да бар. Американын Судан армиясын Ыкчам колдоо күчтөрү менен теңеген билдирүүлөрүнөн баштап… Полдун сунуштарына чейин… Бурханга виза бербөөдөн баштап, жаңы кысым көрсөтүү каражаты катары Эфиопияны алып келүүгө чейин… мунун баары Түштүк Суданда болгондой эле Дарфурду бөлүүдө шарттарды түзүү үчүн жасалууда. Ал Судандын башкаруучулары Дарфурду калыбына келтирүү жана анын бөлүнүп чыгышына жол бербөө үчүн кандайдыр бир олуттуу аракеттерди көрүшүн күтпөйт жана алар өз күчтөрүн башка аймактарда согушууга мажбурлап, адамдарды алдоо үчүн бул же тиги жерлерди кайтарып алдык дешет жана адамдар акыркы айлампа Дарфурга карай болот деп ойлошот. Мунун баары Хамидтинин бийлигин жана Дарфурда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүн бекемдөө жана анын бөлүнүп чыгышына жол ачуу үчүн жасалган амал. Анткени ким мунун алдын алгысы келсе, ал өзүнүн чабуулун оорунун булагына, башкача айтканда, Дарфур аймагына багыттайт жана бардык күчтөрүн топтоп, ал жактагы жамандыктын башын жок кылуу үчүн атайын ошол жакка карай жылат. Натыйжада, Хамидти жана анын жактоочулары көзөмөлдөгөн башка аймактар автоматтык түрдө кулап, эч кандай изи калбайт. Бул акимдер Американын каалоолорун аткарып, өлкөнү азыркы абалына алып келген малайлар болгондуктан, алардан эч кандай жакшылык күтүүгө болбойт. Ошондуктан, аларды кулатуу жана Халифалык мамлекетин жарыялоо керек. Ошондой эле, козголоңчуларга, малайларга жана сепаратисттерге Исламдын өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн үммөттөн чынчыл жана аң-сезимдүү саясий жетекчиликти – Хизб-ут-Тахрир жетекчилигин алып келүү үчүн иш алып баруу зарыл. Халифалык өлкөнү ички жана тышкы душмандардын жамандыгынан коргойт жана бул ыплас согуштан улам жер которгон элине коопсуздук, бейпилдик жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылат. Бул, ин шаа Аллах Ахмад, Ат-Тайалиси жана Аль-Баззар риваят кылгандай, Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сөздөрүнө ылайык чындык.
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
“кийин пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот”.
Ал эми бул момундардын аракети жана Кудуреттүү, Даанышман Аллахтын нусраты аркылуу болот.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُم * وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْساً لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ﴾
“Эй, ыйман келтиргендер, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал силерге жардам берет жана кадамыңарды бекемдейт. Ал эми каапырлар үчүн бактысыздык бар жана Ал алардын амалдарын текке кетирет”.
1448-х, 1 жумаади саани.
2026-ж, 11-ноябрь.




