Байъат келишиминде үммөттүн халифанын мөөнөтүн белгилөөсү жаизби?

Байъат келишиминде үммөттүн халифанын мөөнөтүн белгилөөсү жаизби?
Суроо:
Халифалык — өз ара ыраазычылык жана тандоо негизинде түзүлүүчү келишим. Үммөт Абдуррахман ибн Ауфка (Аллах андан ыраазы болсун) өздөрүн башкара турган адам сөзсүз түрдө Аллах Тааланын Китеби жана Анын Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү менен башкарууга тийиш деген шартты коюшкан жана буга кошумча «эки халифанын жолу» (манхажы) деген шартты да киргизишкен.
Ушундан улам, байъат келишиминде үммөт халифанын башкаруу мөөнөтүн белгилөөнү шарт кылуусу жаиз деп түшүнүүгө болобу? Түшүндүрүп берүүңүздү суранабыз. Аллах сизге жакшылык менен сыйлык берсин.
Жооп:
Жооп берүүдөн мурда төмөнкүлөрдү эсиңизге салам:
А) Мусулман адам келишимдерде каалаган шартын коюуга укуктуу. Бирок арамды адал же адалды арам кылган шартты коюуга болбойт. Аллахтын Элчиси ﷺ Бухарий Айша (Аллах андан ыраазы болсун) аркылуу риваят кылган Барийраны азат кылуу маселесине байланыштуу хадисте мындай деген:
“…Андан кийин Аллахтын Элчиси ﷺ адамдардын алдына чыгып, Аллахка хамд айтып, Аны мактады. Андан кийин мындай деди:
«أَمَّا بَعْدُ، مَا بَالُ رِجَالٍ يَشْتَرِطُونَ شُرُوطًا لَيْسَتْ فِي كِتَابِ اللَّهِ، مَا كَانَ مِنْ شَرْطٍ لَيْسَ فِي كِتَابِ اللَّهِ فَهُوَ بَاطِلٌ، وَإِنْ كَانَ مِائَةَ شَرْطٍ، قَضَاءُ اللَّهِ أَحَقُّ، وَشَرْطُ اللَّهِ أَوْثَقُ، وَإِنَّمَا الوَلاَءُ لِمَنْ أَعْتَقَ».
«Андан соң, Аллахтын Китебинде болбогон шарттарды коюп жаткан адамдарга эмне болгон? Аллахтын Китебинде болбогон ар кандай шарт батыл болуп эсептелет, жүз шарт болсо да. Аллахтын өкүмү эң акыйкат, Аллахтын шарты эң бекем. Чындыгында, вала (азат кылынган адамга карата укук) аны азат кылган адамга гана таандык». (Бухарий риваяты).
Ошондой эле Тирмизий сахих хадисте Касир ибн Абдуллах ибн Амр ибн Авф аль-Музанийден, ал атасынан, атасы чоң атасынан риваят кылган хадисти келтирген. Анда Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:
«وَالمُسْلِمُونَ عَلَى شُرُوطِهِمْ، إِلَّا شَرْطًا حَرَّمَ حَلَالًا، أَوْ أَحَلَّ حَرَامًا».
«Мусулмандар өздөрү койгон шарттарга бекем турушат. Бирок адалды арам же арамды адал кылган шарт мындан тышкары». (Тирмизий риваяты).
Б) Демек, мусулман адам келишимдерде шарт коюуга укуктуу. Бирок ал шарт арамды адал же адалды арам кылбашы керек. Башкача айтканда, Аллахтын шариятына каршы келбеши керек. Эгер каршы келсе, мындай шарт батыл болуп эсептелет, жараксыз жана жаиз эмес.
В) Мужтахиддин башка бир мужтахидге таклид кылуусу жаиз. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) да ушундай кылышкан. Ошондуктан, эгер мусулман адам бир мужтахидге белгилүү бир маселеде башка мужтахидге таклид кылууну шарт кылып, антпесе ага байъат бербей турганын айтса, бул жаиз. Анткени мужтахиддин башка бир мужтахидге таклид кылуусу жаиз.
«Исламий шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндөгү «Таклиддин вакыйлыгы» бабында, 222-беттин экинчи абзацында төмөнкүлөр келген:
«…Эгер мужтахидде бир маселе туурасында ижтихад кылуусу үчүн жөндөмү бар болсо жана ал ушул маселеде ижтихад кылып, бир өкүмгө жетип барса, бул жетип барган өкүмүнө тескери көрүнүштө башка мужтахиддерге ээрчүүсү жайиз эмес. Болгону, төмөнкү төрт абалдын биринде гана өз ижтихады менен жеткен райынан баш тартуусу мүмкүн.
1. Эгер мужтахидге өз ижтихадында сүйөнгөн далили заифтиги жана башка мужтахиддин далили анын далилинен күчтүү экендиги белгилүү болсо, дароо өз өкүмүнөн баш тартып, далили күчтүү өкүмдү алуусу важып. Өз ижтихады менен жеткен өкүмдө калуусу арам. Бул жаңы өкүмдү колдонгон мужтахиддин жалгыздыгы же бул өкүмдү мурда эч ким айтпагандыгы аны алуусуна тосук боло албайт. Себеби, далилдин күчтүүлүгү этибарга алынат. Аны айтуучу адамдардын көптүгү же көп тажрыйбага ээ экендиги эсепке алынбайт. Сахабалардын бир канча ижтихаддары бар болуп, алардын ката экендиги кийинчерээк табиундарга же алардан кийинки табаа табиундарга белгилүү болгон. Эгер бардык далилдерди, алардын истинбатын көрүп чыкпастан, өзүнүн далили заифтиги жана башканыкы күчтүү экендиги белгилүү болсо жана аны алса, ал киши мукаллид болуп эсептелет. Себеби, ал таржих аркылуу башканын райын алды. Ал эки өкүмгө туш болуп, шаръий муражжих (далилдин күчтүүлүгүн билдирүүчү фактор) себептүү экөөнүн бирин алган мукаллидге окшойт. Ал эми изденүүлөр, далилдерди терең изилдөө жана истинбат натыйжасында өзүнүн далилинин заифтиги жана башканын далили күчтүү экендиги белгилүү болуп, мына ушул далили күчтүү өкүмдү алса, бул киши мукаллид эмес, мужтахид болуп эсептелет. Себеби, өзүнүн мурунку ижтихадынын каталыгы белгилүү болгондон кийин, аны таштап өзү истинбат кылган башка күчтүү райга кайтты. Мындай абал имам Шафиъийде бир нече жолу жүз берген.
2. Эгер бирер мужтахидге башка бир мужтахиддин далилдерди өз вакыйлыгына байлоого кудуреттүүлүгү, вакыйды же далилдерди түшүнүп жетүүсү күчтүүрөөк экени, самъий далилдерди көбүрөөк билүүсү сыяктуу абзелдиктери белгилүү болсо, белгилүү бир маселени же проблемаларды түшүнүп жетүүдө өзүнө караганда анын туура жол тутушуна ишенсе, өз ижтихады менен жеткен өкүмдү таштап, ишенимдүүрөөк деп билген мужтахиддин ижтихадына ээрчүүсү жайиз. Абу Мусанын өз пикиринен баш тартып, Алинин сөзүн алганы, Зайддын болсо Убай ибн Каъбдын сөзүн алганы, Абдулла Умардын сөзүн алганы жөнүндө сахих кабарлар бар. Абу Бакр رضي الله عنه жана Умар رضي الله عنهлар өз пикирлеринен баш тартышып, Али رضي الله عنهнун сөзүн алышканы жөнүндө да көптөгөн окуялар риваят кылынган. Көрүнүп тургандай, мужтахид башканын ижтихадына ишенсе, өз ижтихадын таштап, башканын пикирине ээрчүүсү мүмкүн экен. Бирок, өз ижтихадынан баш тартып башкага ээрчүүсү бул орунда важып эмес, жайиз болот.
3. Эгер халифа мужтахид истинбат кылган өкүмгө тескери өкүмдү киргизсе, мужтахиддин өз ижтихадын таштап, халифа киргизген өкүмдү алуусу важып. Себеби, имамдын буйругу карама-каршылыкты жоготуусуна жана бардык мусулмандарга өтүүсүнө сахабалар келишишкен.
4. Мусулмандардын пайдасы үчүн, аларды бириктирүү максатында мужтахид өз ижтихадынан баш тартып, мусулмандардын келишүүсү назарда тутулуп жаткан өкүмдү алуусу важып. Кудум Усманга байъат кылынып жаткан убакта жүз берген окуя сыяктуу. Риваят кылынгандай, Абдурахман ибн Авф адамдар менен бир-бирден жашыруун сүйлөшүп чыккандан кийин, баарын топтоду. Минбарга чыгып көпкө дуба кылгандан кийин, Алини чакырып колунан кармады да: «Алланын Китеби, Расулунун ﷺ Сүннөтү жана Расулулла дан кийинки Абу Бакр о.э. Умар رضي الله عنهлардын райы менен иш тутууга мени менен байъат кыласыңбы?», – деди. Ошондо Али رضي الله عنه: «Алланын Китеби, Расулулла ﷺдын Сүннөтү жана өз ижтихадым аркылуу жеткен райым менен иш тутууга байъат кыламын», – деди. Абдурахман Алинин колун коё берди да, Усман رضي الله عنهну чакырды. Анын колун кармап: «Алланын Китеби, Расулунун Сүннөтү жана Расулулла ﷺдан кийинки Абу Бакр о.э. Умар رضي الله عنهлардын райы менен иш тутууга мени менен байъат кыласыңбы?», – деп сурады. Усман رضي الله عنه: «Аллахумма наъам» (ооба), – деп жооп берди. Ошондо Абдуррахман Усмандын колун кармаган абалда мечиттин шыбына карап: «Я Аллах, Өзүң угуп, Өзүң күбө бол», – деп үч жолу кайталап, Усман менен байъат кылды. Кийин мечиттеги адамдар байъат кыла башташты. Али да адамдардын арасын жарып өтүп, байъат кылды. Бул окуядан көрүнүп тургандай, Абдуррахман мужтахидден т.а. Али жана Усмандан өз ижтихаддарынан баш тартып, бардык маселелерде Абу Бакр жана Умар رضي الله عنهлардын ижтихаддарына ээрчүүнү талап кылды. Сахабалардын баары буга ыраазы болушуп, Усманга байъат кылышты. Ал тургай, өз ижтихадын таштоого көнбөгөн Али رضي الله عنه да ошол убакта Усманга байъат кылды. Ал эми, өз ижтихадын таштап башкага ээрчүү важып эмес, тескерисинче жайиз болот. Себеби, Али өз ижтихадын таштап Абу Бакр жана Умар رضي الله عنهнун ижтихадына ээрчүүгө көнбөгөн убакта эч ким Алинин бул ишин каралабады. Демек, өз ижтихадын таштап башкага ээрчүүсү важып эмес, жайиз экен.
Жогорудагылар өзү иш жүзүндө ижтихад кылып, бирер маселеде бир өкүмгө ээрчиген мужтахид жөнүндөгү пикирлер. Ал эми мужтахид бирер маселеде ижтихад кылбаган болсо, бул маселеде башка мужтахиддин ижтихадын алуусу да мүмкүн, себеби ижтихад фарзы кифая болуп, фарзы айн эмес. Ошондуктан, эгер мужтахид бирер маселенин өкүмүн мурунтан билсе, бул жаатта ижтихад кылуусу важып болбойт, башка мужтахиддин ижтихадын алуусу жайиз. Сахих кабарларда келгендей, Умар رضي الله عنه Абу Бакр رضي الله عنه га: «Биздин райыбыз сиздин райыңызга караштуу», – деп айткан. Дагы ушундай кабарлар бар болуп, Умар رضي الله عنه эгер бирер чатакты чечүүдө Куран жана Сүннөттөн чечим таба албаса, Абу Бакр رضي الله عنه нун ушундай проблеманы кантип чечкенине кызыгар эле. Эгер Абу Бакр нун ушундай проблеманы чечкенин көрсө, ал да ушул чечимди алат эле. Ибн Масъуд رضي الله عنه болсо Умардын сөзүн алар эле. Мындай абалдар сахабалардын көз алдында болуп өткөн, бирок алардын эч кимиси муну четке каккан эмес. Бул болсо, сүкүт ижмасы болуп эсептелет». (Цитата аяктады).
Г) Халифага байъат берүү жөнүндөгү нусустар анын мөөнөтүн чектөөгө каршы келет. Анткени Аллахтын Элчисине ﷺ жана рошид халифаларга берилген байъат Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруу негизинде болгон. Демек, байъаттын чеги мына ушул.
Эгер халифа Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкарууну таштаса, анда анын бийлиги ушул маселеге байланыштуу келген шаръий өкүмдөргө ылайык аяктайт. Ал өкүмдөрдө халифаны кызматынан четтетүүнүн тартиби жана Мазолим сотунун ыйгарым укуктары кеңири баяндалган…
Мындан башка чектөө коюу жаиз эмес. Анткени бул байъаттын нусусуна, башкача айтканда, Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруу шартына каршы келет. Бул болсо Сүннөт жана сахабалардын ижмаъсы менен сабит болгон.
Сүннөткө келсек, Бухарий Убада ибн Сомиттен төмөнкү хадисти риваят кылган:
«فَقَالَ: دَعَانَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَبَايَعْنَاهُ، فَكَانَ فِيمَا أَخَذَ عَلَيْنَا: «أَنْ بَايَعَنَا عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ فِي مَنْشَطِنَا وَمَكْرَهِنَا، وَعُسْرِنَا وَيُسْرِنَا، وَأَثَرَةٍ عَلَيْنَا، وَأَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ» ، قَالَ: «إِلَّا أَنْ تَرَوْا كُفْرًا بَوَاحًا عِنْدَكُمْ مِنَ اللهِ فِيهِ بُرْهَانٌ»».
«Аллахтын Элчиси ﷺ бизди чакырды жана биз ага байъат бердик. Ал бизден алган убада-шарттардын арасында төмөнкүлөр бар эле: биз каалаган жана каалабаган абалыбызда, кыйынчылыкта жана жеңилдикте, ошондой эле башкалар бизден артык көрүлгөн учурда да угууга жана моюн сунууга, бийлик ээлери менен бийлик талашпоого байъат бердик». Ал ﷺ мындай деди: «Бирок силер Аллах тарабынан ачык-айкын далилиңер болгон ачык куфрду көргөн учур мындан тышкары». Бул хадисти Муслим да риваят кылган.
Ошондой эле Муслим Яхъя ибн Хусейнден, ал чоң энеси Умм Хусейнден риваят кылган. Яхъя анын мындай дегенин уккан:
Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:
«إِنْ أُمِّرَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ مُجَدَّعٌ – حَسِبْتُهَا قَالَتْ – أَسْوَدُ، يَقُودُكُمْ بِكِتَابِ اللهِ تَعَالَى، فَاسْمَعُوا لَهُ وَأَطِيعُوا».
«Эгер силерге денесинин бир мүчөсү кесилген кул башчы кылып дайындалса — менимче, ал кара түстүү деп да айтты — жана ал силерди Аллах Тааланын Китеби менен башкарса, анда аны угуп, ага моюн сунгула».
Булардын бардыгынан көрүнүп тургандай, Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруу уланып турган мөөнөттө байъат жана моюн сунуу да улана берет. Бирок ачык куфр, башкача айтканда, шариятка катъий каршы келүү абалы мындан тышкары.
Ал эми сахабалардын ижмаъсына келсек, рошид халифаларга берилген байъат Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруу негизинде болгон. Ал белгилүү бир мөөнөткө берилген эмес. Аларга байъат сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) көз алдында берилген. Ошондуктан бул мөөнөттү белгилебөө боюнча ижмаъ болгон.
Демек, халифанын бийликте калышы анын Аллах Субханаху ва Таалага жана Анын Элчисине ﷺ моюн сунуусуна, башкача айтканда, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкаруусуна байланыштуу.
Маъмaр ибн Рошид өзүнүн «Жамиъ» китебинде төмөнкүлөрдү риваят кылган:
Абу Бакр бизге хутба кылып, мындай деди:
«يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي قَدْ وُلِّيتُ عَلَيْكُمْ وَلَسْتُ بِخَيْرِكُمْ… أَطِيعُونِي مَا أَطَعْتُ اللَّهَ وَرَسُولَهُ، فَإِذَا عَصَيْتُ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَلَا طَاعَةَ لِي عَلَيْكُمْ، قُومُوا إِلَى صَلَاتِكُمْ يَرْحَمْكُمُ اللَّهُ».
«Эй адамдар! Мен силерге башчы болуп дайындалдым, бирок мен силердин эң жакшыңар эмесмин… Мен Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунуп турганымда, силер да мага моюн сунгула. Эгер мен Аллахка жана Анын Элчисине итаатсыздык кылсам, анда силердин мага моюн сунууңар (моюн сунуу милдети) жок. Намазыңарга тургула, Аллах силерге ырайым кылсын».
Бул далилдерден көрүнүп тургандай, мөөнөт белгиленген эмес. Тескерисинче, халифанын Аллах Субханаху ва Таалага жана Анын Элчисине ﷺ моюн сунуусу нусустарда белгиленген.
Демек, халифа Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарып турган мөөнөттө анын бийлиги улана берет. Ал эми катъий насска каршы келсе, анын бийлиги бир ай же эки ай гана өткөн болсо да аяктайт…
Бул болсо халифаны кызматынан четтетүү жана Мазолим казысынын ыйгарым укуктары жөнүндө келген шаръий өкүмдөргө ылайык ишке ашат.
Д) Ал эми Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) көзү өткөндөн кийин халифаны шайлоодо болгон окуяга келсек, адамдар өздөрү каалаган халифа жөнүндө элден суроо милдети жүктөлгөн Абдуррахман ибн Ауфка төмөнкүдөй шарт коюшкан: алар байъат бере турган халифага, эгер анын алдына өзүнөн мурдагы эки халифанын доорунда болуп өткөн жана Абу Бакр же Умар өкүм чыгарган маселе коюлса, ал ошол маселеде экөөнүн чыгарган өкүмүнө таклид кылып, өз алдынча ижтихад кылбашы керек деген шарт коюлган.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир маселеде өзүнүн райы менен ижтихад кылуу укугун сактап калуудан башка шартта буга макул болгон эмес. Ал эми Усман (Аллах андан ыраазы болсун) бул шартты кабыл алган. Ошондуктан ага байъат беришкен.
Бул шартты коюу алар үчүн жаиз болгон. Ошондой эле аны кабыл алып, таклид кылуу же кабыл албай, өз алдынча ижтихад кылуу да ал үчүн жаиз болгон. Анткени, жогоруда сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) доорунда мужтахиддин башка мужтахидге таклид кылуусу жөнүндө баяндаганыбыздай, мужтахиддин башка мужтахидге таклид кылуусу шаръан жаиз.
Жыйынтыктап айтканда, эгер шарт шаръий насска каршы келбесе, аны келишимдерде коюу жаиз. Ал эми шаръий насска каршы келсе, мындай шартты коюу жаиз эмес жана ал жараксыз болуп эсептелет.
Халифанын башкаруу мөөнөтүн белгилөө шарты Сүннөт жана сахабалардын ижмаъсы менен сабит болгон байъаттын нассына, башкача айтканда, Аллах Субханаху ва Тааланын Китеби жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтү менен башкаруу шартына каршы келгендиктен, байъат берилүүсү көздөлгөн халифага башкаруу мөөнөтүн белгилөө шартын коюу жаиз эмес.
06.04.2013 ж.




