Элдин кредитке көз карандылыгы күчөп, банктар миллиарддаган пайда табышууда

Элдин кредитке көз карандылыгы күчөп, банктар миллиарддаган пайда табышууда
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда калкка керектөө муктаждыктары үчүн жалпы 251 миллиард сом кредит берилген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул өлкөнүн ар бир тургунуна орточо эсеп менен 33,6 миң сомдон туура келет. Анын ичинен 191 миллиард сом коммерциялык банктар тарабынан берилсе, калган 60 миллиард сом микрокредиттик уюмдардын үлүшүнө туура келген.
Ошондой эле тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү 29 коммерциялык банктын жалпы кирешеси 153,5 миллиард сомду түзгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда иш алып барган 445 кредиттик уюм отчеттук мезгилде 6,2 миллиард сом пайда тапкан.
Комментарий:
Калктын рибага (сүткордукка) көз карандылыгы улам күчөп барууда. Бул жагдайга кредит алуу талаптарынын жеңилдетилгендиги, ошондой эле сүткорлук кадыресе көрүнүш катары жарнамалынып жаткандыгы түрткү болууда. Башка тараптан, өлкөдөгү экономикалык абал, баалардын күн сайын өсүп жаткандыгы адамдарды кредит алууга түртүп жатат. Себеби, бийлик жарчылары экономика өнүгүп жатат деп жар салып жатышканына карабастан, катардагы адамдардын турмуштук муктаждыктарын кыйынчылык менен чечип жатат. Ал тургай, алар күнүмдүк муктаждыктарын жабуу үчүн кредит алууга барышууда.
Бул коомдо терс натыйжаларга алып келет. Анткени, адамдар кредиттин кишенине кабылышат. Алардын тапкан акчалары кредитке кетип, күнүмдүк муктаждыктарына каражат жетпеген абал жаралат. Ошентип, кайра эле кредит алууга барышат. Жакыр үй-бүлөлөргө бул айлампадан чыгуу мүшкүл иш.
Ошол эле маалда, банктар, кредит берген уюмдар ушул катардагы адамдардын жон терисинен үлкөн пайдаларды таап жатышат. Бир тарабында кредит алууга аргасыз жакыр калк, экинчи тарабында алардын абалынан пайдаланып акча таап жаткан банктар. Бул капитализм системасынын элди эзип пайда көргөн көрүнүшү. Бул системада ырайым деген нерсе жок, бардык нерсе кредитке такалган. Муктаж болсоң кредит алып “заманбап кишенге” салынасың.
Мунун каршысында Ислам рибаны арам кылган. Аны эң чоң күнөөлөрдүн бири катары санайт. Аллах Таала айтат:
﴿يا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ + فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لا تَظْلِمُونَ وَلا تُظْلَمُونَ﴾
«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, риба саркындыларын таштагыла. Эми эгер (буйругубузду) кылбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту угуп-билип койгула! Эгер тообо кылсаңар, мал-мүлкүңөр өзүңөргө — залим да, мазлум да болбойсуңар». [2:278-279].
Ислам рибага тыюу салып, ошол эле маалда элдин муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурат. Исламда адамдарды азык-түлүк, кийим-кече, турак-жай менен камсыздоо баштапкы зарылдыктардан болуп эсептелет. Андыктан, шарият элдин бул зарылдыктарын биринчи кезекте камсыздоону мамлекетке милдеттендирет. Бул чечимдер рибанын кырсыктуу кесепеттеринен арылтып гана калабастан, элдин бакубат жашоосун кепилдейт. Бирок, ал үчүн Ислам толук система катары колдонулуусу керек. Башкача айтканда, экономикада, жаза-чарада, саясатта, жалпысынан коомдо Ислам толук колдонулушу шарт. Бул болсо Исламды жетик колдонгон Халифалыкты тикелөөнү талап кылат. Бул учурдун талабы гана болуп калбастан, мусулмандар аткарышы шарт болгон улуу парз!
Харун Абдулхак




