Макала

Кантип эл аралык жардам саясий кызыкчылыктарды көздөгөн куралга айланды?

Кантип эл аралык жардам саясий кызыкчылыктарды көздөгөн куралга айланды?

Президент Садыр Жапаров Палестина эли менен тилектештигин билдирип, Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти айыптап, эл аралык гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесине бардык өлкөлөрдү кошулууга чакырды.

Буга аба ырайынын катаал шарттарынан улам Газа тилкесинде болуп жаткан оор кырдаалды чагылдырган жүрөк титиреткен видеолордун социалдык тармактарда тарашы, ошондой эле Газа элинин мусулмандардан жардам талап кылган чакырыктары түрткү болду.

Жапаров өз билдирүүсүндө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Улуу Британия, Канада, Скандинавия өлкөлөрү, Франция жана башка Батыш мамлекеттери да катышкан акцияны колдоону көздөгөн. Бул өлкөлөр гуманитардык демилгелерди көтөрүп, мезгил-мезгили менен эл аралык гуманитардык укуктун сакталышы зарылдыгын билдирип келишет.

Кыргызстандык мусулмандардын көбү мындай саясий билдирүүлөрдү колдоо менен кабыл алды. Бирок бул билдирүүлөр ашып барса – элдин мекенчилдик сезимин гана козгоп, президенттин бул көйгөйгө көңүл бурганына карата кандайдыр бир сыймыктануу сезимин жаратуу менен гана чектелет.

Көпчүлүк мамлекеттердин мындай билдирүүлөрү негизинен декларативдүү мүнөзгө гана ээ жана эч бир аракетке себеп болбойт. Башкача айтканда, алар саясатчыларга ички аудиториянын жана эл аралык коомчулуктун алдында өздөрүн «камкор, адилеттүү» көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Муну менен бир катар алар геосаясий жактан эч кандай олуттуу чыгымга дуушар болушпайт жана жаңжалды токтотуу үчүн чечкиндүү дипломатиялык же экономикалык чараларды көрүшпөйт.

Ошентип, бүтүндөй бир элдин башына түшкөн каргашалуу балээ, мезгил-мезгили менен саясий упай топтоонун жана өзүнүн саясий беделин көтөрүүнүн ыңгайлуу куралы катары пайдаланылып келет.

Эл аралык кайрымдуулук мекемелери жардам бөлүнгөнүн жар салганы менен гуманитардык жүктөр жана тонналаган жардам каражаттары көп учурда бир нече ай бою коңшу аймактарда жана логистикалык борборлордо (анын ичинде «Рафах» өткөрмө бекетинде) топтолуп тыгында турат. Буга сырттан атайын жасалып жаткан кургактык жана деңиз блокадасынын катаалдыгы себеп болуп, гуманитардык жардам муктаж болгон адамдарга иш жүзүндө жетпей калууда.

Демек, чек аралар жабык болгон соң, чатырлар менен азык-түлүк жөнөтүү кампаниялары жөн гана символикалык мүнөзгө гана ээ. Ал эми, сууктан үшүп, ачарчылыктан кыйналып жаткан палестиналыктар куру убадаларга жылынып, жарыяланган ниеттерден курсактары тоюп калбайт. Көп жылдардан бери баскынчылыктын, талкаланган инфраструктуранын, басып-турууга коюлган чектөөлөрдүн жана гуманитардык апааттын шартында жашап келе жаткан палестиналыктар кайрымдуулук иретиндеги убактылуу жардамга, же жаан-чачындан баш калкалай турган чатырларга муктаж эмес. Адамдар баш калкалай турган жайы жок болгон чакта жана ачык асмандын астында ылай кечип күн өткөрүүгө аргасыз болуп жаткан маалда, маселени бир гана гуманитардык жардам көрсөтүү менен чектеп талкуулоо, көңүлдү көйгөйдүн түпкү себебинен алаксытат.

Палестина эли дайым эле боор ооруй турган, же гуманитардык жардам бериле турган жабырлануучу болуудан чарчады. Алар да башкалар сыяктуу жашоого, коопсуздукка жана өнүгүүгө бирдей укугу бар адамдар. Ошондуктан алар чатырларга муктаж эмес, алар АКШнын колдоосуна таянган сионисттик түзүмдүн көп жылдардан берки көрсөтүп келе жаткан кысымын токтотууга, блокаданы жоюуга жана мусулмандардын өз алдынча толук кандуу мамлекетке ээ болуусуна муктаж. Мына алардын ушул укугун ишке ашыруу зарыл. Анткени сионисттик түзүм 1947-жылдан бери Палестина жерлерин карышма-карыш басып алып, аннексиялап келүүдө.

Андыктан, эл аралык коомчулук куру билдирүүлөр менен чектелип, ал эми жасалма чек аралар менен бөлүнгөн мусулмандардын сезимдери жана жардам көрсөтүүгө болгон умтулуусу өз бийлик башчылары тарабынан белгилүү бир нукка багытталып турган чакта, көйгөйдүн түпкү себеби өзгөрүүсүз бойдон кала берет.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button