Константинополдун фатх кылынышынын жылдыгы: ишке ашкан кушкабар жана боло турган кушкабарлар

Константинополдун фатх кылынышынын жылдыгы: ишке ашкан кушкабар жана боло турган кушкабарлар
Хижрий 857-жылдын 20-жумада аль-ула, миладий 1453-жылдын 29-майына туура келген Константинополдун фатх кылынышынын жылдыгы келип жетти. Бул фатх экинчи Мураддын уулу султан Мухаммад Фатихтин колу менен ишке ашып, Пайгамбардын ﷺ кушкабары жүзөгө чыкты.
Абдуллах ибн Амр ибн Ас (р.а.) риваят кылат: «Биз Расулуллахтын ﷺ айланасында жазып отурганыбызда, Расулуллахтан ﷺ: “Эки шаардын кайсынысы биринчи фатх кылынат: Константинопольбу же Римби?” — деп суралды. Ошондо Расулуллах ﷺ:
.«مَدِينَةُ هِرَقْلَ تُفْتَحُ أَوَّلاً»
«Биринчи Ираклийдин шаары фатх кылынат», — деди. Муну менен Константинополду назарда туткан.
Абдуллах ибн Бишр аль-Хасъамий атасынан риваят кылат. Атасы Пайгамбардын ﷺ мындай дегенин уккан:
.«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»
«Албетте, Константинополь фатх кылынат. Аны фатх кылган амир кандай гана жакшы амир! Ал кошуун кандай гана жакшы кошуун!»
Ал мындай дейт: «Маслама ибн Абдулмалик мени чакырып, бул тууралуу сурады. Мен ага хадисти айтып бердим. Ошондон кийин ал Константинополго каршы жортуулга чыкты».
Ошентип, бул башарат жыйырма бир жашка да толо элек жаш Мухаммад Фатихтин колу менен ишке ашты. Бирок ал бала кезинен тартып туура тарбия алып, татыктуу даярдыктан өткөн. Атасы султан Мурад II ага өзгөчө көңүл буруп, өз доорунун эң мыкты устаздарынан таалим алышына шарт түзгөн. Алардын арасында Ахмад ибн Исмаил аль-Кураний да бар эле. Суютий аны Фатихтин алгачкы мугалими болгонун айткан жана ал жөнүндө мындай деген:
«Ал аалым жана факих болгон. Өз доорунун аалымдары анын илимдеги артыкчылыгына жана терең билимине күбөлүк беришкен. А түгүл, аны “өз доорунун Абу Ханифасы” деп аташкан».
Ошондой эле шейх Ак Шамсуддин Сункур да анын устаздарынын бири болгон. Ал Мухаммад Фатихтин жаш кезинен тартып анын аң-сезимине Расулуллахтын ﷺ «Константинополдун фатх кылынышы» жөнүндөгү хадисин биринчилерден болуп сиңирген. Бала чоңойгон сайын бул фатхты өз колу менен ишке ашырууну эңсеп өскөн.
Шейх Ак Шамсуддин Мухаммад Фатихке Куран, хадис, Пайгамбардын ﷺ сүннөтү жана фикх сыяктуу негизги илимдерди, ошондой эле араб, фарс жана түрк тилдерин үйрөткөн. Мындан тышкары, ага математика, астрономия жана тарых сыяктуу турмуштук илимдердин айрымдарын да окуткан. Булар менен катар Мухаммад Фатих ат минүүдө жана согуш өнөрлөрүндө да эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланган.
Аллах Өзүнүн берешендиги жана фазилети менен аны сыйлады. Ошентип, ал Расулуллахтын ﷺ мактоосуна татыктуу болду. Чындыгында, Фатих кандай гана жакшы кол башчы, анын аскерлери кандай гана жакшы аскерлер болушкан! Анткени алардын жүрөктөрү ыйманга толуп, дене-мүчөлөрү даярдык көрүүгө жана чын ихластары менен жихадга киришкен. Алар Аллахтын динине жардам беришти, Аллах да аларга ушул улуу фатх аркылуу нусрат берди. Ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун!
Фатих туура көз карашка, кыраакы акылга жана терең баа берүүгө ээ болгон. Ал кайсы бир кемчиликти байкаса, Аллахтын уруксаты менен аны тийиштүү түрдө оңдогон. Кандайдыр бир тоскоолдук пайда болсо, Аллахтын жардамы менен аны жойгон. Анын алдында үч тоскоолдук пайда болуп, ал аларды курч акылы жана өзгөчө зиректиги менен чечкен:
1. Аскерлери чеп дубалдарынын айланасында ачык асман алдында тургандыктан, аба ырайынын сууктугуна даттанышкан. Ошондо ал алар үчүн зарыл болгон учурда баш калкалай турган чеп курдурган. Анткени ал курчоо узакка созулуп кетсе, аскерлер курчоону токтотуп, мурда Константинополго жортуул жасаган мусулман кошуундары сыяктуу кайра кайтып кетишин каалаган эмес. Тескерисинче, ал Аллахтын уруксаты менен Константинополь фатх кылынмайынча артка кайтпоону каалаган.
2. Ошондой эле Константинополдун чеп дубалдары үч катмардан турган жана ар бир катмардын ортосунда бир нече метр аралык болгон. Ошондуктан Фатих бул маселеде эмне кыларын билбей турган. Анткени алардын доорунда кыйратуучу күчү жогору болгон куралдар жок эле. Алардын колундагы эң күчтүү курал манжынык (катапульта) болчу. Ал анча кичине эмес таштарды ыргытканы менен, мындай көлөмдөгү дубалды тешип өтүүгө жетиштүү эмес эле.
Мухаммад Фатих дүйнөдөгү аскерий мүмкүнчүлүктөргө көз салып тургандыктан, Орбан аттуу венгриялык инженер дубалдарды талкалоого жөндөмдүү, өзгөчө күчкө ээ замбиректерди жасоо идеясын иштеп чыкканын угуп калган. Орбан өз кызматын Константинополдун императоруна сунуштаган, бирок император ага көңүл бурган эмес.
Ал эми Фатих аны жакшы тосуп алып, ага мол каражат бөлүп берген жана ойлоп тапкан куралын жасап бүтүрүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берген. Ошентип, Орбан усманий инженерлердин жардамы менен замбиректерди жасоого киришкен. Фатих болсо алардын ишин жеке өзү көзөмөлдөп турган. Үч ай өтпөй эле Орбан чоң көлөмдөгү үч замбирек жасап бүтүргөн. Замбиректин ар бир снарядынын салмагы болжол менен бир жарым тоннаны түзгөн.
Фатих замбиректи чеп дубалдарынын жанында сыноону каалаган эмес. Анткени сыноонун натыйжасы күтүлгөндөй болбой калса, аны дубалдардын артындагы румдуктар көрүп, бул мусулмандардын күчүнө терс таасирин тийгизет деп кооптонгон. Ошондуктан ал замбиректерди Эдирне шаарында сынап көргөн. Сыноо ийгиликтүү аяктаган соң Аллахка хамд айтып, үч замбиректи Константинополдун чеп дубалдарына жакын жерге алып барууну уюштурган.
3. Андан тышкары, аны ойлондурган дагы бир маселе бар эле. Ал Константинополдун айланасындагы булуң тараптагы чеп дубалдары алсыз экенин билген. Румдуктар да муну түшүнүшкөн, бирок булуңдун кире беришин темир чынжыр менен жаап коюшкандыктан, мусулмандардын кемелери аларга жете албайт деп бейкапар турушкан. Бирок Фатих кемелерди булуң тараптагы чеп дубалдын маңдайында жайгашкан дөңсөөнүн үстү аркылуу жылдырып өткөрүү чечимине келген. Ал дөңсөөнүн үстүнө жыгачтарды бекиттирип, алардын үстүнө өтө көп өлчөмдө май жана коюу майларды куйдурган. Андан соң кемелерди ошол жыгачтардын үстү менен жылдырып, бир түндүн ичинде 70 кемени булуңга түшүрүүгө жетишкен.
Бул окуя румдуктар үчүн таң каларлык болгон. Эртең менен таң атканда булуңдагы мусулмандардын кемелерин көрүп, алардын жүрөктөрүн коркунуч каптаган. Ошентип, нусрат жана фатх ишке ашкан. Ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун!
Биз Константинополдун фатх кылынышын төмөнкү себептерден улам эскеребиз:
Биринчиси: Көзү бар ар бир адам мусулмандардын Исламы турмушта колдонулганда алардын канчалык улуу болорун көрүшү үчүн. Андай учурда куфр баш көтөрө албайт. Тескерисинче, акыйкат үстөм болуп, азандын үнүндөй бийик көтөрүлөт. Чындыгында, ушундай болгон. Фарс жана Византия анын алдында баш ийишкен. Аллах кааласа, жакында Византиянын бир тууганы болгон Рим да аларга кошулат. Бул Расулуллахтын ﷺ Римдин фатх кылынышы жөнүндөгү башаратынын калган бөлүгүнүн тастыкталышы болот.
Экинчиси: Расулуллахтын ﷺ биринчи башараты ишке ашкандай эле, калган үч башаратынын да ишке ашарына жүрөктөрүңөр ишенимдүү болушу үчүн. Анткени Расулуллах ﷺ бизге Константинополдун фатх кылынышын, Римдин фатх кылынышын, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын кайрадан кайтып келишин, яхудийлер менен согушуп, аларды эң оор жеңилүүгө учуратууну сүйүнчүлөгөн.
Расулуллах ﷺ өз каалоосунан сүйлөбөйт. Анын айткандары вахийден башка нерсе эмес. Аллахтын уруксаты менен анын калган үч башараты да сөзсүз ишке ашат. Бирок бул башараттар асмандан периштелер түшүп, аларды бизге даяр түрүндө тартуулашы менен ишке ашпайт. Тескерисинче, Аллахтын сүннөтү боюнча, биз Анын динине нусрат берсек, Ал бизге нусрат берет. Ошондуктан биз Анын шариятын тургузуп, мамлекетинин пайдубалын бийик көтөрүп, Анын жолунда жихад кылышыбыз керек. Ошондо жер жүзү калган үч башарат менен нурданат жана рошид Халифалык менен кайрадан жарыкка бөлөнөт.
Демек, үч башаратты ишке ашыруу үчүн олуттуу жана талыкпаган аракетке киришели! Алардын башында рошид Халифалыкты тикелөө турат. Анткени ал аркылуу калган эки башаратты, тактап айтканда, яхудийлер менен согушуп, алардын баскынчы түзүмүн жок кылууну, ошондой эле Аллахтын уруксаты менен Римди жана кресттүүлөрдүн бардык шаарларын — Вашингтонду, Лондонду жана Парижди фатх кылууну ишке ашырабыз.
Аллах Таала айтат:
﴿إِذَا جَاءَ نَصْرُ اللَّهِ وَالْفَتْحُ وَرَأَيْتَ النَّاسَ يَدْخُلُونَ فِي دِينِ اللَّهِ أَفْوَاجًا﴾
«(Эй Мухаммад), качан Алланын жардамы жана жеңиш келсе; Жана адамдар топ – топ болушуп Алланын дини (Ислам)га кирип жаткандарын көрсөң…». (Наср: 1–2).
Роя гезити
Абдуллах Хусейн




