АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоолор

АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоолор
АКШдагы орто мөөнөттүү шайлоолор, адатта, ар төрт жыл сайын, АКШ президентинин төрт жылдык башкаруу мөөнөтүнүн ортосунда, ноябрь айынын биринчи дүйшөмбүсүнөн кийинки шейшемби күнү өткөрүлөт. Бул шайлоолорго Өкүлдөр палатасынын (Конгресстин) 435 мүчөсүнүн баары катышат. Анткени Өкүлдөр палатасынын депутатынын мүчөлүк мөөнөтү эки жылды түзөт. Ошондой эле 100 мүчөдөн турган Сенаттын болжол менен үчтөн бир бөлүгү (33–35 сенатор) шайланат. Анткени сенатордун мүчөлүк мөөнөтү алты жылды түзөт. Мындан тышкары, бул шайлоолор 50 штаттын губернаторлорунун ичинен 34төн 39га чейинкисин шайлоону, ошондой эле штаттар деңгээлиндеги мыйзам чыгаруу органдарына жана муниципалитеттер деңгээлиндеги жергиликтүү шайлоолорду камтыйт. Бул шайлоолордун акыркысы 2026-жылдын 3-ноябрында, шейшемби күнү өткөрүлдү.
Орто мөөнөттүү шайлоолордо бийликтеги партиянын Өкүлдөр палатасында жана Сенатта көпчүлүк орундарынан ажырашы табигый көрүнүш болуп саналат. Ал тургай, мындай жыйынтык Америка саясатындагы жалпы эреже жана туруктуу мыйзам ченемдүүлүк катары эсептелет. Анткени жарандык согуштан бери президенттин партиясы орто мөөнөттүү 40 шайлоонун 37синде жеңилүүгө учураган. Мындай жеңилүүнүн бир нече себеби бар. Алардын эң негизгиси — президенттин башкаруусунун алгачкы эки жылында пайда болгон экономикалык же саясий кризистер үчүн шайлоочулар президенттин партиясын жазалоосу.
Бул аптада өткөрүлгөн орто мөөнөттүү шайлоолор да жалпы эрежеден четтеген жок. Демократиялык партия Өкүлдөр палатасында, Сенатта жана штаттардын губернаторлорунун арасында көпчүлүккө жетишти. Эң көрүнүктүү ийгиликтер Канзас штатында болду. Ал жерде Демократиялык партия Сенаттан бир орунга ээ болду. Бул орунду 1932-жылдан бери бир да демократ жеңип алган эмес. Ал эми Республикалык партиянын таажысындагы асыл таш болуп эсептелген, байлыгы, аймагынын кеңдиги жана калкынын саны боюнча ири штаттардын бири болгон Техаста республикачылар губернаторлук кызматтан жана Сенаттагы бир орундан ажырашты. Республикачылардын жеңилүүсүн эң таасирдүү чагылдырган сөздөрдүн бири Техас штатынан шайланган эки сенатордун бири Тед Круздун айтканы болду: «Техас көк түскө боёлду деген сөздү айтуу кыйын, бирок бүгүн Техас, жок дегенде, көк түскө айланды». Анткени көк түс Демократиялык партияны, ал эми кызыл түс Республикалык партияны билдирет. Ал өкүнүч менен штаттын жалпы деңгээлинде шайлоо аркылуу кызматка келген республикачылардын ичинен жалгыз өзү гана калганын белгиледи. Бирок быйылкы шайлоолор мурдагы шайлоолордон айырмаланып, өлкө ичинде да, дүйнөлүк деңгээлде да чоң резонанс жаратты. Көпчүлүк адамдар Американын ички жана тышкы саясатында өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнүп жатышат. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы карапайым адамдардын, атүгүл бүткүл дүйнөдөгү саясатчылардын арасында да жалпы кубаныч байкалып жатканын айтсак, аша чапкан болбойбуз. Бул кубаныч Трампка жана зулумдукка, зомбулукка, согуштарга, ошондой эле адамдардын муктаждыктарынан пайдаланууга негизделген Американын тышкы саясатына каршы реакциядан башка нерсе эмес.
Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулат: бул шайлоолордун жыйынтыгында демократтардын көпчүлүк орундарга ээ болушу Трамптын бийликте калган эки жылында ага тоскоолдуктарды жаратабы? Бул суроого жооп берүү үчүн биз Трамптын Кытайга, Европага жана Ислам өлкөлөрүнө карата тышкы саясатын, ошондой эле анын ички саясатын карап чыгабыз.
Трамптын тышкы саясатына келсек, анда кандайдыр бир өзгөрүү болушу күтүлбөйт. Ошондой эле Демократиялык партиянын да олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылышы күтүлбөйт. Балким, айрым услубдарда гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Анткени Американын тышкы саясаты анын өзүнүн жана ири компаниялардын кызыкчылыктарына негизделет. Анын Кытайга карата саясаты өзгөрбөйт. Себеби бул саясат азыр эле пайда болгон эмес жана ал боюнча Америкада жалпы бир пикир бар.
Ошондой эле Европага карата саясат боюнча да эки партиянын ортосунда бирдиктүү пикир бар. Анткени демократ болгон Байдендин администрациясы Европаны Украинадагы согушка аралаштырган. Трамп бийликке келгенде болсо бул согушту токтоткон жок. А бирок ал шайлоо өнөктүгүндө Путин менен болгон мамилеси жана бул согушту бир күндүн ичинде токтото алары менен мактанып келген.
Ислам өлкөлөрүнө карата саясатта да эки партиянын ортосунда бирдиктүү пикир бар. Бул эки партия бири-биринен сөз жүзүндө гана айырмаланат. Газанын абалы эки администрациянын алдында тең өзгөргөн жок. Анткени геноцид дагы эле уланып жатат, ачарчылыкка дуушар кылуу жана блокада дагы эле уланууда. Ирактын да абалы Америка администрациялары алмашкан сайын өзгөргөн жок. Калган Ислам өлкөлөрүнүн абалы да ушундай.
Ал эми Иран менен болгон согушта болуп жаткан окуяларга келсек, Америка Ормуз кысыгында болуп жаткан окуялардан пайдаланып, энергиянын тартыштыгы жана анын баасынын кымбатташы аркылуу Европага экономикалык басым көрсөттү. Мунун натыйжасында өндүрүштүн чыгымдары көбөйүп, көптөгөн компаниялар банкротко учурады. Демократтар Трампка Америка кызыкчылыктарын кепилдеген Иран менен келишим түзүү үчүн басым көрсөтүшү мүмкүн. Мунун максаты — Иран менен согушка кирүүдөн баш тартуу. Анткени бул согуш алардын шайлоодогу ийгилигине себеп болгон маселелердин бири эле. Себеби согуш баалардын өтө кескин кымбатташына алып келди. Ошондой эле Америка эли өз уулдарынын өлүмүнө алып келе турган тышкы согуштарга кирүүгө каршы.
Ал эми ички саясат деңгээлинде айрым тоскоолдуктар жана пикир келишпестиктер болот. Анткени ар бир партия өз мүчөлөрүн же тарапкерлерин судьялар, элчилер сыяктуу мамлекеттик кызматтарга дайындоого жана өздөрү каалабаган адамдарды мамлекеттик мекемелерден четтетүүгө умтулат. Ошондой эле өлкө ичинде энергиянын баасын төмөндөтүү жана Трамп дүйнө өлкөлөрүнө каршы киргизген, Американын ичиндеги бааларга терс таасирин тийгизген бажы тарифтери согушун токтотуу үчүн басым көрсөтүлөт. Эл нааразы болуп жаткан миграция саясатында да айрым тоскоолдуктар жаралат. Демократтар болсо бузукуларга жана гомосексуалдарга байланыштуу өздөрүнүн күн тартибин таңуулоо аракетине кайрадан кайтышат.
Ал эми Американын ичиндеги мусулмандарга карата саясатта услубдардын өзгөрүшүнөн жана сөздөрдүн жумшарышынан башка чоң айырмачылык болбойт. Ошондой эле мусулмандарды өз кучагына алуу жана аларга айрым кызматтарды берүү аркылуу Америка баалуулуктарына сиңирүү аракети көрүлөт. Бул жакында сенатор болуп шайланган Абдуррахман ас-Саид менен болгон окуя сыяктуу иштер түркүмүнөн.
Акырында, Американын президенти вето коюу укугуна ээ экенин унутпайлы. Трамп шайлоонун жыйынтыктары чыккандан бери бул укугун колдонорун айтып коркутуп, атүгүл президенттик кабинетиндеги жаңы кепкасына да ушул сөздү жаздырган. Ошондой эле ал Конгресске кайрылбастан эле президенттик аткаруу жарлыктарын чыгара алат.
Роя гезити
Устаз Мухаммад Ибрахим – Америка




