Роя гезити

Аз-Зайдинин Сирияга сапарынын мааниси жана аймактагы саясий күчтөрдүн кайрадан бөлүштүрүлүшү

Аз-Зайдинин Сирияга сапарынын мааниси жана аймактагы саясий күчтөрдүн кайрадан бөлүштүрүлүшү

Ирактын премьер-министри Али Фалих аз-Зайдинин өткөн октябрь айынын аягында Сирияга жасаган сапары Асад режими кулагандан кийин эки өлкөнүн ортосунда өкүм сүргөн чыңалуудан соң, алардын мамилелерин кайрадан жөнгө салуу жолундагы маанилүү баскыч болду. Бул сапарды аймактагы өзгөрүүлөрдөн, аймакта таасир талашуу боюнча эл аралык күрөштөн, ошондой эле Американын мусулман өлкөлөрүндөгү альянстардын, саясий, коопсуздук жана экономикалык мамилелердин картасын кайрадан түзүүгө багытталган аракеттеринен бөлүп кароого болбойт. Америка бул аракеттери аркылуу аймактагы үстөмдүгүн улантууну, анын мүмкүнчүлүктөрүн, байлыктарын жана географиялык жайгашуусун көзөмөлдөөнү камсыз кылууну көздөйт.

Байкоочулардын пикиринде, бул сапар негизинен үч негизги маселеге т.а. саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерине багытталган. «Ал-Хурра» телеканалы жана башка маалымат каражаттары Координациялык алкактагы жетекчилик булактарга жана аз-Зайдиге жакын адамдарга таянып, Американын Ирак жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак бул сапарды уюштурууну жана координациялоону түздөн-түз өз мойнуна алганын кабарлашты. Эгер бул маалыматтар туура болсо, анда бул Америка аймактагы мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди багыттоого канчалык деңгээлде кийлигишип жатканын ачык көрсөтөт. Ошондой эле бул мамлекеттердин саясий чечимдери чындыгында канчалык көз карандысыз экени жана алардын иш-аракеттери Американын эсептери жана пландарына канчалык деңгээлде моюн сунаары тууралуу олуттуу суроолорду жаратат.

Саясий жактан алганда, Америка аймактагы күчтөрдүн тең салмактуулугун кайрадан түзүүгө, Ирандын обочолонуусун күчөтүүгө, анын Ирактагы жана Шам өлкөлөрүндөгү таасирин жана ага караштуу күчтөрдүн таасирин азайтууга аракет кылууда. Ошондой эле Ирак, Сирия жана Иорданияны, мындан тышкары Ливандагы өзүнө байланышкан күчтөрдү камтыган, Батыш менен байланышы бар аймактык блокту түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Муну менен Америка Ирандын аймактагы окуялардын жүрүшүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөйт.

Ошентип, бул аракеттер коңшу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жакшыртууга багытталган жөн гана аракет эмес. Тескерисинче, алар эл аралык жана аймактык күчтөрдүн ортосундагы таасир талашуу күрөшүнүн алкагында жүрүп жатат. Анткени Америка аймактагы абалды өз кызыкчылыктарына кызмат кыла тургандай кылып кайрадан түзүүнүн үстүндө иштеп, өз саясатын ишке ашырууда учурдагы режимдерди пайдаланууда. Бул саясий келишимдер, экономикалык өнөктөштүктөр же коопсуздук жаатындагы чаралар аркылуу ишке ашырылууда. Натыйжада, мусулман өлкөлөрү өз ара эсептешүүлөрдүн жана таасир бөлүшүүнүн майданы бойдон калып жатат. Ал эми үммөттүн өз чечимине өзү ээ болуу жана өз тагдырын өзү аныктоо укугу четке кагылууда.

Экономикалык жактан алганда, Америка Ирак жана Перс булуңундагы мунайды Сириянын аймагы аркылуу ташуу үчүн альтернативдүү жолдорду ачууну көздөп жатат. Муну менен энергия ресурстарынын үзгүлтүксүз жеткирилишин камсыз кылууга жана Ирандын эң маанилүү басым көрсөтүү каражаттарынын бири болгон Ормуз кысыгына көз карандылыкты азайтууга аракет кылууда. Американын Иранга каршы согушунан улам деңиз каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы жана энергетикалык кризистин келип чыгышы, ошондой эле мунун натыйжасында кеңири экономикалык кесепеттердин жаралышы шартында бул жолдордун мааниси дагы да артты.

Аз-Зайди менен Ахмад аш-Шара Киркук–Банияс мунай куурун калыбына келтирүү долбоорун, ошондой эле соода коридорлорун өнүктүрүү жана аймактык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты. Бул Иракка өз мунайын Жер Ортолук деңизи аркылуу экспорттоо үчүн кошумча жолдорду ачууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө соода, айыл чарба, транспорт жана инвестиция тармактарындагы кызматташтык маселелери каралды.

Бул жерде төмөнкүдөй суроо туулбай койбойт: бул долбоорлор мусулман өлкөлөрүнүн чыныгы экономикалык көз карандысыздыгына жетишүүнү көздөйбү же алар эл аралык күчтөрдүн, биринчи кезекте Американын кызыкчылыктарына кызмат кыла тургандай кылып энергетика жана соода жолдорун кайрадан бөлүштүрүүнүн алкагында ишке ашырылып жатабы? Анткени Аллах мусулман өлкөлөрүнө берген байлыктар үммөткө жана анын кызыкчылыктарына кызмат кылышы керек. Алар ири мамлекеттердин ортосундагы күрөштүн куралына же бул мамлекеттердин аймактагы мүмкүнчүлүктөргө болгон таасирин жана үстөмдүгүн күчөтүүчү каражаттарга айланбашы керек. Ошондой эле мунай экспорттоо жолдорун өзгөртүү убактылуу экономикалык пайдаларды алып келсе да, экономикалык жана саясий чечимдер тышкы таасирге баш ийип турган шартта, бул сөзсүз түрдө көз карандылыктан кутулууну билдирбейт.

Коопсуздук жаатында болсо, Сириядагы өткөөл бийлик терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык коалицияга кошулду. Ошондой эле Америка көзөмөлдөгөн коопсуздук чараларынын алкагында «Ислам мамлекети» уюмунун миңдеген туткунга алынган мүчөлөрү «Касад» күчтөрү (Сирия демократиялык күчтөрү) башкарган түрмөлөрдөн Иракка которулду. Америка кечээ эле бири-бирине карама-каршы тараптарда турган күчтөрдүн ортосундагы коопсуздук кызматташтыгын кеңейтүүгө аракет кылууда. Алардын арасында Асад режимин колдогон эң көрүнүктүү күчтөрдүн жана куралдуу топтордун бири болгон «Хашд аш-Шааби» да бар.

Бул жагдай Дамаскта аз-Зайди менен Ахмад аш-Шаранын ортосунда өткөн расмий сүйлөшүүлөрдө даана көрүндү. Анда чек ара коопсуздугуна байланыштуу маселелерди көзөмөлдөө, кызматташтык жана координация механизмдерин өнүктүрүү үчүн коопсуздук органдарынын жана «Хашд аш-Шаабинин» өкүлдөрүн камтыган Ирактын жогорку деңгээлдеги коопсуздук делегациясынын Сирияга сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бул өзгөрүү көз жаздымда калтырууга болбой турган суроолорду жаратат: кантип мурда кагылышуунун тараптары болгон күчтөр эми биргелешкен коопсуздук чараларынын катышуучуларына айланууда?! Бул өз ара түшүнүшүүлөрдүн мүнөзүн жана максаттарын ким аныктайт? Бул иштер аймак калкынын кызыкчылыктарынан жана коопсуздугунан келип чыгып жүргүзүлүп жатабы же Американын кагылышууларды көзөмөлгө алууга жана учурдагы күчтөрдү өз стратегиясына кызмат кыла тургандай кылып кайрадан пайдаланууга багытталган эсептерине ылайык ишке ашырылып жатабы?

Эл аралык коалицияны жетектеген, Ирак менен Сирияга аскерий жана саясий жактан кийлигишкен Америка, албетте, аймак элдеринин кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жаткан жок. Тескерисинче, ал өзүнүн колонизатордук кызыкчылыктарына ылайык иш алып барып, коопсуздук жана саясий чараларды аныктоодо чечүүчү сөз өзүнө таандык бойдон калышына умтулууда. Коопсуздук жаатындагы координацияны бул чындыктан бөлүп кароо же терроризмге каршы күрөштү чет элдик таасирди бекемдөөгө жана мусулман өлкөлөрүн эл аралык күчтөрдүн эркине баш ийдирүүгө шылтоо катары көрсөтүү жаңылыштык болуп саналат.

Албетте, сүйлөшүүлөр саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелери менен гана чектелген жок. Алар Сириядагы шииттердин ыйык деп эсептелген күмбөздөрүнө диний зыяраттарды кайрадан жандандыруу жана жеңилдетүү маселелерин да камтыды. Ошондой эле бул зыяраттарды жеңилдетүү жана зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды изилдей турган комитет түзүү маселеси талкууланды.

Бул маселени эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кайрадан нормалдаштырууга жана мурдагы режимдин тушунда өкүм сүргөн мамилелердин айрым түрлөрүн калыбына келтирүүгө багытталган кеңири процесстин бир бөлүгү катары кароого болот.

Ошондой эле бул багыт Сириядагы революциянын тарапкерлеринин арасында негиздүү кооптонууларды жаратууда. Анткени алар Асад режимин кулатуу үчүн эбегейсиз курмандыктарды беришкен жана өзгөрүүнү, зулумдуктан жана көз карандылыктан кутулууну талап кылып чыгышкан. Алардын курмандыктары жөн гана убактылуу бир баскычка айланып, андан соң жүздөр жана ураандар өзгөргөнү менен, өлкө кайрадан өздөрү каршы көтөрүлгөн ошол эле саясаттарга жана альянстарга кайтып келиши кабыл алынгыс нерсе.

Революциялар дуушар болушу мүмкүн болгон эң кооптуу нерсе — алардын көзөмөлгө алынышы, өз мазмунунан ажыратылышы жана алар каршы көтөрүлгөн саясий системанын кайрадан калыбына келтирилиши. Мында айрым адамдарды алмаштыруу жана жаңы ураандарды көтөрүү менен гана чектелишет. Революциянын тарапкерлери өткөөл бийликтин мурдагы режим менен байланышкан күчтөргө жана альянстарга кайрадан эшик ачып жатканын, ошондой эле мамилелерди ошол эле эл аралык күчтөрдүн тең салмактуулугуна ылайык кайрадан түзүп жатканын көрүшкөндө, бул алардын терең көңүл калуусуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле адамдардын өздөрү канын төгүп, курмандыктарга барган өзгөрүүнү ишке ашыра аларына болгон ишенимин алсыратат.

Үммөттүн маселеси колонизаторлор чек араларын белгилеп, бөлүп-жарып түзгөн мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жакшыртууда да, Американын таасири менен Ирандын же башка күчтөрдүн таасиринин бирин экинчисинен артык көрүүдө да эмес. Тескерисинче, маселе бардык колонизатор күчтөргө болгон көз карандылыктан кутулууда, үммөттүн бийлигин жана өз алдынча чечим кабыл алуу укугун кайрадан калыбына келтирүүдө турат. Буга мусулман өлкөлөрүн бириктирген, үммөткө өз ордун кайрадан кайтарып берген, Исламды башкаруунун, саясаттын жана мамилелердин негизи кылган, ошондой эле үммөттү бөлүнгөн абалда, байлыктары талап-тонолгон жана чечимдери башкаларга көз каранды бойдон калтырууну каалагандардын жолун тоскон чыныгы саясий биримдик аркылуу гана жетишүүгө болот.

Демек, революциялардын натыйжасы биздин өлкөлөрүбүздөгү колонизатордук таасирди кайрадан бөлүштүрүү болбошу керек. Тескерисинче, алар үммөттүн колонизатордук үстөмдүктөн кутулуусунун, өз биримдигин жана бийлигин кайрадан калыбына келтирүүсүнүн, ошондой эле Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөнүн башталышы болушу керек. Анткени ошол аркылуу үммөт өзүнүн иззатын кайрадан калыбына келтирет, өз чечимине өзү ээ болот жана өз байлыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн коргойт.

Роя гезити

Устаз Ахмад Ас-Сураний

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button