Дүйнөлүк экономика туруктуулугун сактап жатабы же туруктуулугу аяктап калдыбы?

Дүйнөлүк экономика туруктуулугун сактап жатабы же туруктуулугу аяктап калдыбы?
Эл аралык валюта фондунун 2026-жылдын октябрь айындагы отчётуна сереп:
Эл аралык валюта фонду 2026-жылдын октябрь айындагы дүйнөлүк экономиканын келечеги тууралуу отчётуна «Басым астындагы туруктуулук жана кечиктирилгис чечимдер» деген аталышты тандады. Бул бир караганда, базарларга жана мамлекеттерге тынчтандыруучу билдирүү жөнөткөндөй көрүндү. Анын мазмуну мындай эле: дүйнөлүк экономика согуштарга, энергетикалык кризистерге, инфляцияга жана соода чыңалууларына туш болду, бирок ошого карабастан жалпы дүйнөлүк рецессияга дуушар болгон жок. Бирок, Фонд дүйнөлүк экономиканын абалы жакшы деп айткан жок. Тескерисинче, ал мындан да так жана кооптуу нерсени айтууда: дүйнөлүк экономика дагы эле туруктуулугун сактап турат, бирок анын бул туруктуулукту улантуу мүмкүнчүлүгү түгөнө баштады.
Фонддун божомолу боюнча, дүйнөлүк экономиканын өсүшү 2026-жылы 3,1 пайызды түзүп, андан соң 2027-жылы 3,4 пайызга чейин жогорулайт. Бирок бул өсүш 2026-жылы дүйнөлүк инфляциянын 4,7 пайызга чейин жогорулашы, ал эми 2027-жылы 4,1 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жаткан шартта жүрөт. Ошол эле учурда фонд тобокелдиктер терс жагына көбүрөөк ооп турганын баса белгилейт.
Демек, маселе сандын өзүндө эмес. Дүйнөлүк экономика чындыгында өсүп жатат. Бирок маселе «өсүш» деген сөздү кандай түшүндүрүүдө жатат. Анткени өсүш сөзсүз түрдө экономиканын абалы жакшырганын билдирбейт. Экономика өсүп жаткан учурда да карыздар топтолушу, насыя алуунун наркы жогорулашы, сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөшү жана мамлекеттердин финансылык резервдери түгөнүшү мүмкүн. Фонд дал ушул нерсени моюнга алууда. Анын директору Кристалина Георгиева дүйнөлүк экономика кайталанган соккуларга карабастан дагы эле туруктуулугун сактап жатканын, бирок бул туруктуулук өз чегине жете баштаганын айтты. Ошондой эле финансылык мүмкүнчүлүктөр менен энергетикалык резервдер азайып бара жатканын, ошол эле учурда көптөгөн жерлерде инфляция дагы эле жогору бойдон калып жатканын билдирди.
Дүйнөлүк экономиканын өсүшү терең экономикалык бөлүнүүнү жашырууда
Дүйнөлүк экономиканын өсүшүн көрсөтүү үчүн бир гана санды колдонуунун эң кооптуу жагы бар т.а. сандар бардык мамлекеттер бирдей шартта жашап жаткандай түшүнүк жаратат. Бирок Эл аралык валюта фонду туруктуулук бирдей болбой калганын жана анын наркы барган сайын кымбаттап жатканын ачык айтууда. Анткени жасалма интеллекттин камсыздоо чынжырларына кирген же ыңгайлуу соода шарттарынан пайда көргөн мамлекеттер жакшыраак натыйжаларга жетишүүдө. Ал эми кирешеси төмөн мамлекеттер жана энергияны импорттоочу өлкөлөр, айрыкча технологиялык өнүгүү толкунунан сыртта калган мамлекеттер алда канча оор шарттарга туш болууда. Бул «дүйнөлүк экономика өсүп жатат» деген сөз статистикалык жактан туура болушу мүмкүн, бирок саясий жактан жетишсиз экенин билдирет.
Эң чоң карама-каршылык: жасалма интеллект экономикалык өсүштү сактап калууда… бирок өзү коркунучтун булагына айланышы мүмкүн
Учурдагы дүйнөлүк экономикалык өсүштүн маанилүү бөлүгү жасалма интеллектке жана ага байланыштуу инфраструктурага салынган инвестициялардын эсебинен камсыздалууда. Бул дүйнөлүк экономиканын энергия бааларынын жогорулашынан келип чыккан терс таасирдин бир бөлүгүн компенсациялай алышы мүмкүн. Фонд технологиялык өнүгүүнүн кескин жогорулашын суроо-талапка, инвестицияларга жана соодага оң таасир тийгизген фактор катары сыпаттайт. Бирок ошол эле учурда анын экинчи жагынан да эскертет. Анткени жасалма интеллекттин камсыздоо чынжырлары чектелүү сандагы мамлекеттерде, тармактарда жана компанияларда топтолгон. Бул болсо тоскоолдуктар жаралуучу алсыз түйүндөрдү пайда кылат. Ошондой эле жасалма интеллекттен күтүлгөн киреше тууралуу божомолдордун кайрадан бааланышы финансылык коррекцияга жана базарлардагы туруксуздукка алып келиши мүмкүн.
Башкача айтканда, бул жерде бир карама-каршылык бар: бүгүн дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун сактоого жардам берип жаткан кыймылдаткыч эртең анын алсыздык булактарынын бирине айланышы мүмкүн. Бул толугу менен теориялык божомол эмес. Анткени жакында Азия базарларында жасалма интеллект тармагындагы кескин өсүштүн туруктуулугуна байланыштуу кооптонуулар күчөгөндүктөн, олуттуу олку-солкулуктар байкалды.
Согуш жана энергетика: эң кооптуу сыноо
Фонд согуштун натыйжасында энергиянын жана товарлардын бааларынын жогорулашын сунуш тарапка терс сокку катары баалайт. Башкача айтканда, бул бааларды жогорулатып, ошол эле учурда экономикалык активдүүлүккө басым жасайт. Бул өтө сезимтал чынжырлуу байланыш болуп саналат: энергия баасынын жогорулашы, андан соң инфляциянын өсүшү, андан кийин акча-кредит саясатынын катаалдашы, насыя алуунун наркынын жогорулашы, инвестициялар менен керектөөнүн азайышы жана акырында экономикалык өсүштүн басаңдашы.
Ошондуктан согуштун уланышы же кеңейиши геосаясий көйгөй гана болуп калбастан, дүйнөлүк экономикалык кризиске айланышы мүмкүн. Эң маанилүүсү, фонддун 2027-жылга карата айрым божомолдору белгилүү геосаясий божомолдорго таянат. Алардын арасында Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын акырындык менен кадимки абалына кайтышы да бар. Рейтер агенттигинин талдоосуна ылайык, 2027-жылдын биринчи чейрегинде мунайдын баасы бир баррелине 130 доллардан жогору бойдон кала берсе, кийинки жылдагы экономикалык өсүштү болжол менен жарым пайыздык пунктка төмөндөтүшү мүмкүн.
Бүгүнкү күндө насыя алуунун чыгымдары жогорулап, риба төлөмдөрү көбөйүп, мамлекеттер жаңы кризис пайда болгондо пайдалана ала турган финансылык мүмкүнчүлүктөр кыскарууда. Ошондуктан фонд карызы жана бюджеттик тартыштыгы жогору мамлекеттерден финансылык тартипке келтирүү чараларын баштоону, карыз менен тартыштыкты төмөндөө багытына салууну талап кылууда. Ошондой эле финансылык резервдерди жана мүмкүнчүлүктөрдү кечиктирбестен кайра калыбына келтирүүгө чакырууда. Башкача айтканда, дүйнөлүк экономика кыйроого учураган жок. Анткени мамлекеттер менен мекемелер соккулардын таасирин жумшартуу үчүн системанын астында турган коргоочу жаздыкчаларды пайдаланышты. Бирок бир жолу колдонулган ар бир коргоочу жаздыкча кийинки жолу системаны коргоо жөндөмүнөн көбүрөөк ажырайт. Отчётто камтылган эскертүүнүн негизги маңызы дал ушунда.
Фонд тобокелдиктер терс жагына көбүрөөк ооп турганын ачык билдирип, согуш, энергетика, карыздар, соода, жасалма интеллект жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн кыскарышы тууралуу эскертүүдө. Эгер анын отчётун техникалык терминдерден арылтсак, анда анын билдирүүсүнүн мааниси төмөнкүдөй болуп көрүнөт: дүйнөлүк экономика биринин артынан бири келген бир катар соккулардан ийгиликтүү өттү. Бирок мунун наркы жогорулады жана мамлекеттерге соккулардын таасирин жумшартууга мүмкүнчүлүк берген финансылык резервдер менен мүмкүнчүлүктөр кыскарууда. Ошондуктан кийинки сокку келгенге чейин резервдерди кайрадан калыбына келтирүү зарыл. Бул толугу менен тынчтандыруучу билдирүү эмес.
Фонддун божомолдорунун канчалык туура экенин алдыдагы айларда беш көрсөткүч аркылуу текшерүүгө болот:
Биринчиден: инфляция. Ал төмөндөөнү улантабы же энергия менен азык-түлүктүн баалары аны кайрадан жогорулатабы?
Экинчиден: облигациялардын кирешелүүлүгү. Эгер алардын кирешелүүлүгү жогорулай берсе, бул базарлар мамлекеттерден карыздарын каржылоо үчүн көбүрөөк акы талап кылып жатканын билдирет.
Үчүнчүдөн: мунайдын жана энергиянын баалары. Эгер соккунун таасири улана берсе, бул экономикалык өсүш жана инфляция боюнча божомолдорду оор сыноого салат.
Төртүнчүдөн: жасалма интеллект. Учурдагы инвестициялар чыныгы өндүрүмдүүлүккө жана кирешеге айланабы же активдердин бааланышында оңдоого күбө болобузбу?
Бешинчиден: мамлекеттик карыз. Карыздын көрсөткүчтөрү турукташып, төмөндөй баштайбы же жогорулашын улантабы?
Эгер бул көрсөткүчтөр жакшырса, анда «туруктуулук» чыныгы стабилдүүлүктүн башталышы болгон деп айтууга мүмкүн болот. Ал эми бул көрсөткүчтөрдүн баары бир учурда начарласа, анда «туруктуулук» деген сөз система көйгөйдү чечпестен, аны убактылуу кийинкиге жылдырууга жетишкен мезгилди сыпаттаган түшүнүккө көбүрөөк окшоп калат.
Эл аралык валюта фонду бизге саламат абалдагы дүйнөлүк экономиканы эмес, тескерисинче, алган жаракаттарына карабастан дагы эле бутунда турган экономиканы көрсөтүүдө. Бул олуттуу айырма. Анткени дүйнөлүк экономиканын күтүлүп жаткан 3,1 пайыздык өсүшү тобокелдиктер жоголду дегенди билдирбейт. Жасалма интеллектке салынган инвестициялардын көбөйүшү экономиканын туруктуулугу бекемделди дегенди билдирбейт. Ошондой эле финансылык кыйроонун болбогону мамлекеттердин соккуларга каршы туруу мүмкүнчүлүгү алсырабаганын билдирбейт. Мунун эң ачык далили — фонддун өзү ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрү кыскарып жатканын, тобокелдиктер терс жагына көбүрөөк ооп турганын, финансылык резервдер менен энергетикалык запастар түгөнүп баратканын айтууда. Анткени 2026-жылдын октябрь айындагы отчёттун дүйнөлүк экономиканын туруктуулугу жөнүндө айткандары эң кооптуу жагы эмес, кийинки соккуга канчалык туруштук бере алары тууралуу саптардын ортосунда кыйыр түрдө билдиргендери эң баарынан коптуу.
Мына ушул жерде маселенин экономикалык эмес, биринчи кезекте саясий жагы жатат. Анткени туруктуу көрүнүү үчүн өз резервдерин сарптаган система кризисти кийинкиге жылдырууга жетишиши мүмкүн, бирок бул анын кризисти сөзсүз түрдө чечкенин билдирбейт.
Мына ушул жерде негизги бир акыйкат жатат: капитализм өзүнүн түзүмүндө камтылган карама-каршылыктары менен системаны кайрадан ичинен алсыратуучу кризистердин уруктарын өзү пайда кылат. Бүгүнкү күндө бул системадагы кемчиликтердин көрүнүштөрү дагы даана байкалууда. Алар экономикалык теңсиздиктин кеңейишинен, байлыктын топтолушунан тартып, адамдын жана коомдун кызыкчылыктарынын эсебинен пайда менен жеке кызыкчылыктын логикасы үстөмдүк кылышына чейин жетет. Ошондуктан дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бул системанын натыйжаларына жана кесепеттерине, ошондой эле анын кризистерин түп-тамырынан чече албагандыгына карата нааразычылыктын күчөп жатканына күбө болуудабыз. Анткени кризистерди пайда кылган ошол эле каражаттарды алардан чыгуу үчүн колдонуу көздөлүп жаткан учурда, бул кризистерди түп-тамырынан чечүү мүмкүн болбой жатат.
Ислам кризистин белгилерин жоюу үчүн гана айрым жарым-жартылай чечимдерди сунуштабайт. Тескерисинче, ал адам, мал-мүлк, экономика жана коом тууралуу таптакыр башкача түшүнүктү сунуштайт. Ошондой эле адилеттүүлүктү ишке ашырууга, адамдын кадыр-баркын коргоого, анын муктаждыктарын жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн эксплуатациялоого жол бербөөгө багытталган баалуулуктар менен өкүмдөрдү белгилейт.
Ушул негизден алып караганда, башкача келечекти издөө учурдагы моделдин кыйрашын күтүп отуруу менен гана чектелбеши керек. Анткени чыныгы өзгөрүү аң-сезимди, эркти жана жоопкерчиликти талап кылат. Ошондуктан биз үммөтүбүздүн күч-кубат жана коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон адамдарынан Исламды азиз кылып, аны кайрадан эл аралык майданга алып чыга турган позицияны ээлөөнү талап кылабыз. Бул болсо Хизб ут-Тахрирге нусрат берүү аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө менен ишке ашат.
Роя гезити
Набил Абдулкарим




