Макала

Шэньчжэньдеги жолугушуу: үч тараптуу кооз сүрөттөр жана көшөгө артындагы соода

Шэньчжэньдеги жолугушуу: үч тараптуу кооз сүрөттөр жана көшөгө артындагы соода

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында АТЭС (Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы) саммитин утурлай, тарыхта биринчи жолу үч тараптуу жолугушуу — Владимир Путин, Дональд Трамп жана Си Цзиньпиндин кездешүүсү — болуп өттү. Бул өз кезегинде, басма сөз үчүн тартылган кооз сүрөттөр менен жабык эшик артындагы чыныгы макулдашуулардын ортосундагы айырманы даана көрсөттү. Бир жарым саатка созулган сүйлөшүүнүн артынан лидерлер тынчтык тууралуу биргелешкен декларация кабыл алышты. Бирок курал-жаракты көзөмөлдөө жаатында да, негизги жаңжалдарды, анын ичинде Украинадагы согушту жана Ирандын айланасындагы чыңалууну жөнгө салууда да жылыш болгон жок. Үч тараптуу жолугушуу көбүнчө кооз символикалык сүрөттөр жана «сааттарды тууралоо» үчүн кызмат кылды. Ал эми чыныгы сүйлөшүүлөр жеке жолугушууларда талкууланып, декабрь айында Майамиде өтө турган «Чоң жыйырмалык» (G20) саммитине көз чаптыруу менен жүрдү.

Кооз сөздөр, көшөгө артындагы оюндар жана ким канча упай топтоду

Жолугушуунун коомчулукка ачык бөлүгү көбүнчө салттуу мүнөздө өттү: ядролук согуш болбошу керектиги, «туруктуулук», «БУУну реформалоо» жана эл аралык соттун басымынан коргонуу тууралуу айтылды. Бул сүйлөмдөр эч кимдин колу-бутун байлабай тургандай кылып жазылган. Эң курч маселелер жыйынтыктоочу текстке киргизилген жок. Бул Пекиндин өзүнүн ядролук арсеналын чектөөнү каалабаганынан тартып, Украинадагы жана Ирандын айланасындагы согуштар менен кризистерге чейинки темаларды камтыйт. Ал эми лидерлердин сүйлөгөн сөздөрүнөн ар ким көмөчтү өз тарабына тартып жатканы байкалып турду.

Си Цзиньпин эң көп практикалык упай топтоду: ал конокторду тосуп алды, жыйындын маанайын аныктады, ядролук курал боюнча артка чегинген жок, технологиялар, чиптер жана жасалма интеллект боюнча АКШ менен жумушчу диалогду сактап калды жана Кытайдын кысымга алынышына жол берген жок.

Владимир Путин саясий беделин сактап калууга көбүрөөк кам көрүп, максималдуу түрдө имидждик упай алууга аракет кылды. Анын АКШ жана Кытай лидерлери менен бир столдо отургандыгынын өзү эле обочолонтуу аракеттери жокко чыкканына ишара кылат. Анын үстүнө декларацияда Москвага ыңгайлуу формулировкалар пайда болду. Бирок Украина маселеси боюнча реалдуу бурулуш жок. Ал эми Кытайдан болгон көз карандылыгы азайбады.

Дональд Трамп «башкы сүйлөшүүчүнүн» таасирдүү кадрларын жана Майамиде өтө турган жолугушуунун алдында кепилдик алды. Бирок узак мөөнөттүү (стратегиялык) планда анын абалы кыйла татаал: чуулгандуу келишимдер жок, басым жасоо рычагдары азайды. Ал эми АКШнын союздаштары алардын артынан жашыруун макулдашуулар болуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

Киссинджердин «эки досту кайраштыруу» деген эски идеясы кандай абалда?

Шэньчжэньдеги жолугушуу АКШнын эски тактикалык ыкмасы — Орусия менен Кытайды карама-каршылыкка алып баруу, Орусияны Кытайга каршы салмак катары колдонуу идеясы — эбак эле аксап калганын ачыктады. О.э бул жолу өзүнүн негизсиздигин көбүрөөк көрсөткөнүн даана далилдеди.

Москванын Пекин менен болгон өзгөчө достук тууралуу катуу сөздөрүнө карабастан, оюнчулардын реалдуу салмагы ар башка: Си Цзиньпин үчүн дүйнөдөгү башкы өнөктөш жана атаандаш — бул АКШ. Ал эми Орусия стратегиялык жактан жөн гана Кытайдан Америкага «бурулуп» кете албайт. Анткени ал Кытайдын экономикасына, технологияларына жана соодасына өтө катуу байланган.

Экөөнү уруштуруп, бирин экинчисине каршы курал кылуунун ордуна, Шэньчжэньде башка схема түзүлүүдө: АКШ Кытай менен түздөн-түз жана катаал соодалашып, ошол эле учурда Орусия менен өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүүдө. Мындай жагдайда Орусия баары бир тобокелдикке салууда жана АКШ үчүн «башкы каршы оюнчу» эмес. Кагаз жүзүндө жана камера алдында баары «тең укуктуу диалог» жүргүзүп жаткан сыяктуу көрүнгөн менен Орусия бир тараптын чоң оюнундагы кенже өнөктөш бойдон калууда.

Жыйынтыктап айтканда, Майамидеги G20 саммитине чейин жана келечекте үч тараптуу жолугушуулар лидерлер үчүн туруктуу жумушчу форматка айланышы күмөн. Бул өтө ыңгайсыз жана маселелерди АКШ менен жекеме-жеке чечүүгө ыктаган Кытай үчүн пайдасыз. Сыягы, алдыда АКШ менен Кытайдын ортосунда (технологиялар, соода жана дүйнөдөгү таасир талашуу боюнча) катаал соодалашуунун уланышы күтүлөт. Ошол эле учурда, Вашингтон менен Москванын ортосунда тез жана чоң бурулуштар камтылбаган, сактык негизиндеги өзүнчө байланыштар сакталат.

Ал эми, АКШнын батыш союздаштары көз каранды абалда калууда жана алар Вашингтонго кооптонуу менен көбүрөөк кулак салууга аргасыз болушат.

Россияга болсо өз алдынчалыгын Кытайдын колдоосуна таянуу менен айкалыштырууга туура келет.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button