Кабар

Өзбекстандын залим режими хижабга каршы аракетин улантууда

Өзбекстандын залим режими хижабга каршы аракетин улантууда

Өзбекстанда хижаб кийген студент кыздардын жогорку окуу жайларына киргизилбей жатканы коомчулукта нааразычылык жаратууда. Хижабга каршы мурунку чектөөлөр жоюлганына карабастан, айрым университеттерде студент кыздарга жоолук менен сабакка кирүүгө тоскоолдуктар коюлууда.

Социалдык тармактарда тараган видеолорго караганда, Мирзо Улугбек атындагы Улуттук университетти кошкондо, бир катар жогорку окуу жайлардын күзөт кызматкерлери жана администрация өкүлдөрү хижаб кийген студенттерди окуу жайдын ичине киргизбей жатышат.

Алар мындай аракеттерин ички тартип эрежелери жана дресс-код менен түшүндүрүп, кыздарга жоолугун чечүүнү, моюнун ачык калтырып, «улуттук үлгүдө» байлоону же парик кийүүнү сунушташууда.

Back to top button