Кышында электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн

Кышында электр жарыгы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн
Кыргызстанда алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөө көбөйгөн маалда жарыкты кыска убакытка чектөө учурлары болушу ыктымал. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсант Өмүрбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, энергетиктер электр жарыгынын авариялык өчүрүлүшүнө толук бөгөт коюуга кепилдик бере албайт. Себеби жабдуулар күтүүсүз бузулушу мүмкүн. Ошондой эле электр энергиясына суроо-талап эң жогору болгон эртең мененки жана кечки сааттарда убактылуу чектөөлөр киргизилиши ыктымал.
Министрдин орун басары белгилегендей, дал ушул убактарда калк электр энергиясын бир учурда көп колдонуп, тармактарга оордук келтирет. Натыйжада электр кубаттуулугу жетишсиз болуп, жабдуулардын ишине кошумча басым болот. Ушуга байланыштуу ал жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга жана зарыл болбосо, көп кубат талап кылган электр шаймандарын иштетпөөгө чакырды.
Өмүрбековдун пикиринде, электр тартыштыгын азайтуу үчүн өндүрүш көлөмүн көбөйтүү менен катар керектөөнү да кыскартуу маанилүү. Ошол эле учурда мүмкүн болгон чектөөлөрдүн канча убакытка созулары жана кайсы убактарда киргизилери боюнча так график азырынча жарыялана элек.




