Зул-хижжа айынын артыкчылыктары

Зул-хижжа айынын артыкчылыктары
Ай санагы боюнча айлардын он экинчиси болгон Зул-хижжа мусулмандар үчүн өзгөчө берекелүү мүмкүнчүлүктөрдүн айы болуп эсептелет. Анткени бул айда Исламдын беш түркүгүнүн бири болгон ажылык ибадаты (Каабага ажылык зыяраты) аткарылат. Бул айда Аллах Тааланын ырайымы Анын пенделерине төгүлөт. Зул-хижжа айынын улуулугу – ажылык, курмандык жана ибадат аркылуу Аллахка жакын болууга аракеттенүүдө.
«Таңга ант! Он түнгө ант! Жуп жана такка ант! Жана да өтүп жаткан түнгө ант! Чын эле ушул айтылып жаткан анттар акыл ээлерине жетишсизби?». (Фажр сүрөсү, 89:1–5).
Аллах Тааланын алдында эң улуу күндөр – Курман айт жана «ал-Карр» күнү болуп эсептелет. «Ал-Карр күнү» – Зул-хижжа айынын үч күнү болуп эсептелет. Бул күндөрдө мусулман пенделердин дубалары кабыл болот. Тактап айтканда, бул күндөр: Зул-хижжанын 10, 11 жана 12 күндөрү. Өзгөчө 11-күн өзгөчө улуу орунда турат. Абу Муса ал-Ашъари (разияллаху анху) Курман айт күнүндөгү кутбасында мындай деген:
«Курман айт күнүнөн кийин үч күн келет. Бул күндөрдү Аллах Куранда «саналуу күндөр» деп атаган. Бул күндөрдө дуба кабыл болот. Ошондуктан Аллахтан дуба менен каалаган нерселериңерди сурагыла!».
Бул күндөрдөгү амалдардын даражасы жогору болуп, сооптору чоң болот. Бул күндөрдө эң маанилүү ибадаттар бирге келет: ажылык, орозо, садака, зикр, курмандык чалуу жана башкалар. Зул-хижжанын алгачкы он күнүндө миллиондогон ажылар ыйык жерде Аллахтын ысымын улуулап, тальбия айтышат:
«Лаббайк, Аллахумма лаббайк! Ла шарика лака лаббайк! Иннал-хамда ван-нимата лака вал-мулк! Ла шарика лак!»
Ар жылы ажылык ибадатын аткара албаган адам да ушул күндөрдө үйүндө туруп эле ажылыктан да көбүрөөк соопторду ала турган амалдарды кылса болот. Анткени бул он күндөгү амалдар жада калса жихаддан да жогору бааланат.
Ибн Аббас (разияллаху анху) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (соллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
«Аллах Таалага эң сүйүктүү болгон күндөр — бул он күн. Бул күндөрдө кылынган жакшылык иштер Аллахка эң сүйүктүү болуп эсептелет». Сахабалар сурашты: «Жада калса жихаддан дагыбы?». Ал (с.а.в) айтты: «Ооба, жихаддан да артык. Болгону адам өзүнүн жанын жана мал-мүлкүн Аллах жолуна арнап, кайра эч нерсе менен кайтпаса гана жихад артык болот». (Бухари)
Ад-Дарими риваят кылат: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты:
«Аллахтын алдында эң таза жана эң көп сооптуу амалдар — бул Курман айтка чейинки он күн ичинде кылынган амалдар». «Арафа күнүндөгү орозо (Зул-хижжанын 9-күнү) мурдагы жана кийинки жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот». (Муслим)
Рамазан айы сыяктуу эле, Зул-хижжанын алгачкы 10 күнү — бул өзгөчө мүмкүнчүлүк мезгили. Бул күндөрдө мусулмандар орозо кармап, намаз окуп, зикр кылып, дуба кылып, садака берип, Исламга чакырып, түндөрдү ибадат, Куран окуу жана анын маанисин терең түшүнүүгө аракет кылуу менен өткөрүшү керек.
Эгер мүмкүнчүлүк болсо, Зул-хижжанын алгачкы 9 күнүндө орозо кармоо керек. Айрыкча Тарвия (8-күн) жана Арафа (9-күн) күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп, чоң соопко ээ кылат.
Момундардын энеси Хафса (разияллаху анха) айтты: Пайгамбар (с.а.в.) төмөнкү төрт нерсени калтырган эмес:
«Ашура күнү орозо кармоону, Зул-хижжанын он күнүндө орозо кармоону, айына үч күн орозо кармоону жана таңкы (фажр) намаздын эки ракат сүннөтүн окууну» («Рамуз ал-ахадис»).
Бул он күн — Аллахты зикир кылуу күндөрү. Пенделердин жүрөгү «Субханаллах, альхамдулиллах, Аллаху Акбар, Ла илаха иллаллах» деп зикир кылуу менен тынчтык табат.
Пайгамбарыбыз (с.а.с.) айтты:
«Бул күндөрдө тасбих (Субханаллах), тахмид (Альхамдулиллах), тахлил (Ла илаха иллаллах) жана такбир (Аллаху Акбар) зикирлерин көп айткыла!» (Табарани)
Бул күндөрдө кошумча ибадаттар көп аткарылат жана Аллах Таала Өз пенделерин дагы да көбүрөөк жакшы көрөт. Бул төмөнкү хадисте айтылат:
«Менин пендем Мага нафил ибадаттар (кошумча ибадаттар) менен жакындай берет. Жана Мен аны жакшы көрүп калам…»
Бул он күн — күнөөлөрдөн арылуу, зулумдуктан жана арам иштерден качуу күндөрү. Бул иш Аллахты улуулоо аркылуу ишке ашат.
Бул күндөрдө эң көп кулдар тозоктон азат болушат. Бул төмөнкү хадисте келген:
«Арафа күнүндө Аллах Таала көптөгөн кулдарын тозоктон бошотот».
Бул күндөрдө мусулмандар курмандык чалуу менен Аллахка жакындайт. Бул тууралуу төмөнкү аяттарда айтылат:
«Эми Раббиңе (сыйынып) намаз оку жана курмандык чал» (108: 2),
«Биз аны (Ибрахимдин уулун) чоң курмандык менен алмаштырдык.» (Саффат, 37:107).
Бул күндөрдө ибадат менен гана эмес, Ислам үммөтүнүн биримдигин калыбына келтирүү үчүн саясий, аскердик, экономикалык жана социалдык тармактарда да аракеттер көрүлүшү керек. Ажылык маалында улутчулдук, расизм жана патриотизм артта калат жана үммөт биримдикте болот.
Бул күндөр — Аллахтын ыраазылыгын издөө мезгили. Бул күндөр — Ибрахим (а.с.) сыяктуу Аллахтын буйругуна баш ийип, өз убадасына бекем туруу аркылуу Аллахтын кулу экендигибизди аңдоо мезгили. Бул күндөр — Исмаил (а.с.) сыяктуу – Аллах жолуна багышталган өмүр акыры майрам менен аяктаарын далилдей турган күндөр.
Бул он күн — мусулмандар үчүн мүмкүнчүлүк күндөрү. Акыры биздин максатыбыз Аллахтын ыраазылыгы эмеспи? Биз күнөөлөрүбүз кечирилишине үмүт кылбайбызбы? Биз тозоктон сак болууну каалабайбызбы? Биз Жаннат бакчаларына кирүүнү суранбайбызбы?
Ар бир мусулман бул күндөрдүн даражасын түшүнүп, убакытты текке кетирбей, мүмкүн болушунча көп сооптуу амалдарды кылууга умтулушу керек. Анткени бул күндөр өтүп кетет.
Өтмүштө салих мусулмандар бул күндөрдө өзгөчө күч-аракеттерди жумшашкан. Ад-Дарими билдиргендей, Саид ибн Жубайр Зул-хижжанын алгачкы он күнү киргенде, ибадатта ушунчалык аракет кылчу, аны менен эч ким тең келе албайт эле дейт.
Ошондуктан, Зул-хижжа айынын алгачкы он күнүнүн улуулугун эсиңизден чыгарбаңыз жана аны туура пайдаланып калууга аракет кылыңыз. Бул күндөргө жеткирген Аллахка сансыз шүгүрлөр болсун! Жана Аллахтан жалбарып сурайбыз — бизди бул күндөрдө жакшы амалдарда бекем кыла көр! Шексиз, Аллах — бизге Кам көрүүчү жана Жардам берүүчү!
Туркистон