Сакофат

Консенсус

Саясий сөздүк: Консенсус

Консенсус – бул саясий түзүлүшкө катышкан тараптардын ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан, бирдиктүү чечимге же орток позицияга келиши. Эл аралык саясатта бул өзгөчө мааниге ээ. Анткени дүйнөдө «бирдиктүү өкмөт» жок жана мамлекеттер эгемендүү деп эсептелет. Демек, ар кандай жамааттык иш-аракеттер, тараптардын макулдугу менен гана натыйжалуу ишке ашат.

Жөнөкөй тил менен айтканда: Консенсус – бул дайыма эле «баары ыраазы болду» же иш жүзүндө, “чечимге баары макул болуп, аны бөгөттөшпөйт” дегенди билдирбейт.

Эл аралык мамилелерде, консенсус көбүнчө диалогду сактап калууну жана чыңалуунун күчөшүн алдын алуу үчүн бардык тараптар макул боло ала турган эң төмөнкү чекти билдирет.

Мисалы:

Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал. АКШ, биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы, тагыраагы, JCPOA – өзөктүк келишиминен чыгып кеткен соң, ортодогу консенсус да жок болуп кетти. Учурда АКШ, Иран жана Европа өлкөлөрүнүн позициялары бири-биринен кескин айырмаланып турат. Ошону менен бирге, бардык тараптар маал-маал менен – уранды байытууну чектөө же санкциялардын бир бөлүгүн алып салуу боюнча жарым-жартылай болсо да, консенсуска келүү аракеттерин көрүшүүдө. Бирок, бул толук кандуу консенсус эмес, тагыраагы, минималдуу макулдашуу чегин кайра калыбына келтирүү аракеттери болуп саналат.

Украинадагы согуш, буга дагы бир мисал болуп бере алат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында бул маселе боюнча толук консенсус жок: ар кайсы өлкөлөр кагылыштын себептерин жана кесепеттерин ар кандай баалашат. Ошол эле учурда, НАТО сыяктуу батыштык союздардын ичинде Украинаны колдоо боюнча салыштырмалуу консенсус бар болгону менен, жардам көлөмү тууралуу дагы деле талаш пикирде.

Дагы бир ачык мисал катары, климат боюнча сүйлөшүүлөрдү алсак болот. Аба-ырайына тийиштүү чечимдер, БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясы сыяктуу жыйындарда кабыл алынат. Бул жада калса, бири-бирине карама-каршы кызыкчылыктары бар өлкөлөр эч ким бөгөт коё албай турган ыңгайлуу айла-арга издөөгө мажбур дегенди билдирет. Ошол себептен, жыйынтыктагы келишимдер көбүнчө бүдөмүк, же так эмес болуп калат. Бирок жалпынын макулдугуна жетишүү үчүн дал ушундай курбандык талап кылынат.

Акыркы мисал катары Кытай менен АКШны алсак болот. Алардын ортосундагы мамилелер, стратегиялык консенсустун жоктугун айкын көрсөтүп турат. Тараптар айрым маселелер боюнча – мисалы, соода-сатык, же климат боюнча “бир пикирге” келиши мүмкүн, бирок алар бири-биринин дүйнөлүк ролу тууралуу жалпы түшүнүктө карама-каршы. Бул жалпы терең пикир келишпестиктерге карабастан, айрым тармактарда «жарым-жартылай консенсус» бар болуусуна мисал.

Жыйынтыктоочу пикир:

Эл аралык саясатта консенсус – бул сейрек кездешүүчү жана өтө назик ресурс. Капитализм жана ач көздүк менен пайда табуу заманында, консенсус эч качан «толук» болбойт. Кеп көбүнчө убактылуу жана чектелген макулдашуулар тууралуу болот. Бирок, жада калса толук эмес консенсус дагы туруктуулук үчүн маанилүү ролду ойнойт. Ансыз эл аралык түзүм, тез эле ачык кагылышууларга кирип кетет.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button