Оо мусулмандар! Ак Үйдү эмес, өз башыңардагы өкүмдарлардын сарайларын карагыла!

Басма сөз баянаты
Оо мусулмандар! Ак Үйдү эмес, өз башыңардагы өкүмдарлардын сарайларын карагыла!
Жалпысынан мусулмандар, айрыкча журналисттер, талдоочулар, байкоочулар жана кызыккан тараптар ар дайым Ак Үйдү карап турушат. Алар АКШ президенти Дональд Трамп менен яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жолугушуусунан эмне чыгаарын, Трамп Нетаньяхуну Газага жасаган согушун токтотууга мажбурлайбы же жокпу деген суроолорго жооп издеп жатышат.
Газага каршы согуштун токтошун эң көп каалагандар дал ошол Газа калкы. Анткени алар бул согуштун отунда күйүп, өлтүрүлүп, жараланып, ачка калып, жер которуп жатышат. Ошондой эле согуштун токтошун каалаган башка бир чоң топ бул жасалма чек аралар жана заалим, коррупцияга баткан режимдер менен кысылган мусулмандар. Бул режимдерди болсо сойку мүнөздөгү, саткын башкаруучулар жетектеп, алар Газаны жана бүтүндөй Палестинаны коргоо үчүн жихад кылуу үчүн мусулмандарга тоскоолдук кылып жатышат.
Бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндөгү спутниктик телеканалдар жана жаңылык сайттары саясий аналитиктерди жана ойчулдарды чакырып, окуяларды, позицияларды, билдирүүлөрдү талдатып жатышат. Муну менен алар “медиада жеңишке жеттик” же “эксклюзив алдык” деп сыймыктанышат!
Мусулмандар ушундай абалга жеттиби? Окуялар алардын үстүнөн өтүп, аларга каршы кутумдар ишке ашырылып жатса да, алар карап гана турушабы? Бир туугандары өлтүрүлүп, ачка калып, көчүрүлүп жатса да, алар карап тура беришеби? Алардын “эң жакшы иши” окуяларды талдап, мониторинг кылып отуруубу?!
Мусулмандардын армиялары жокпу? Аларга миллиондогон долларлар жумшалып, акыркы үлгүдөгү курал-жарактар сатылып алынбайбы? Алардын катарында үммөттүн эң мыкты уулдары, үммөттү жана анын ыйыктыктарын коргоо үчүн жанын, мүлкүн аябаган кутман жоокерлери жокпу?! Силерге эмне болду, мусулмандар? Миңдеген жылдар бою дүйнөгө өкүмдарлык кылган улуу эл силер эмес белеңер?! Эл аралык саясатты силер калыптандырып, ага таасир эткен эл силер эмес белеңер?! Силердин аскерлериңер «женилбес армия» деп аталарын унуттуңарбы?!
Бүгүн болсо, дүйнөнүн эң төмөнкү, эң коркок, жер жүзүндөгү жексур калктын бир ууч тобу силердин ыйык жериңерди басып алып, бир туугандарыңарды өлтүрүп, жер котортуп, ачка калтырып жатышат. Алар учактары менен силердин өлкөлөрүңөрдүн асманында эркин учуп жүрүшөт, эч кандай ок атылышынан коркушпайт!
Эй мусулмандар! Бүгүнкү окуяларга талдоо деле кереги жок, анткени баары ашкере болду. Душмандарыңар кастыгын ачык айтып, эч нерседен тартынбай, ар бир мүмкүнчүлүктө аны жарыя кылып жатышат. Силердин башкаруучуларыңар болсо эки көзү бар адам күндү көргөндөй, ар бир адамга алардын саткын экендиги белгилүү болду. Алар колонизатор каапыр мамлекеттерге жан тартып, өзүбүздүн элди бөлүп-жаруу, биримдиктен ажыратуу, душмандын пайдасына саткындык кылуу аркылуу тактыларын сактап жатышат. Ошондуктан алар силерди Палестинадагы жана башка жерлердеги бир туугандарыңарга жардам берүүңөрдөн тосуп жатканы таң калычтуу эмес. Ошондуктан, биз кайра-кайра баса белгилеп, белгилүү нерсени кайталоону улантабыз. Эми силердин көз карашыңар Ак Үйгө эмес, өз башыңардагы өкүмдарлардын сарайларына бурулушу керек. Трамп силерге “ырайым кылып” Нетаньяхудан согушту токтотууну талап кылат деп күтүп отурууну токтоткула! Эми көз карашыңарды армияларыңардын казармаларына буруп, аларды ыйык жерди бошотууга, яхудий түзүмүнөн тазалоого жана анын артындагы каапыр мамлекеттерди коркутууга үндөөгө убакыт келди.
Мына, Хизб ут-Тахрир чынчыл, калп айтпаган лидер. Үммөттү ойготуучу долбоордун ээси. Силерди жеңишке, урмат-сыйга жана улуулукка жеткирүү үчүн аракет кылууга чакырып жатат. Аны колдогула, ошондо Аллах силерге жардам берет.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
10.07.2025