Аллахтын жардамы качан келет?

Аллахтын жардамы качан келет?
Биз тарыхка, жаратылыш жана адам турмушунун мыйзам ченемдерине назар салсак, улам-улам кайталанган бир көрүнүшкө туш болобуз. Олуттуу өзгөрүүлөр жакындаган сайын туруксуздук күчөйт. Бул учурду “алмашуу кризиси” же “чоң силкинүү” деп атасак болот. Бул учур эски түзүмдөр кыйрап, жаңы түзүмдөр пайда боло электеги өтө туруксуз абал. Бул учур көбүнчө коркунуч, күмөн, ички жана тышкы каршылыктар менен коштолот. Бирок дал ушул чыңалуу учурларында өзгөрүүлөр, жаңылануу мезгили келет жана болуп жаткан окуяларга Жараткандын белгилери көрүнө баштайт.
Мунун мисалы, жээкке урулуп жаткан деңиз толкуну сыяктуу. Деңизде тынч аккан толкундар шамалдан улам жээкке айдалганда, толкундар ойрон болуп, бири-бирине урулуп, таштарга кабылып айланасын силкинүүгө салган коркунучтуу абал жаралат. Дал ушул учурда, тереңдиктен жээке карай жүрүп бара жаткан кеме үчүн эң кооптуу абал пайда болот. Кемелердин эң күчтүүлөрү денизден эмес, жээктеги катуу толкундан, тайыздыктан суу астында бекилген таштардан жана күтүүсүз агымдардан чочулашат. Анткени булардын бардыгы кемени заматта оодарып салууга кудуреттүү.
Бул жаратылыштагы көрүнүш, адамзаттын жашоо турмушундагы өзгөрүүлөрдөн мурун боло турган силкинүүлөрдүн күчтүү мисалы (метафорасы). Эң чоң коркунучтар жолдун ортосунда эмес, башка жолго улана турган кесилиште же жолдун аяктап калган жайында болот. Кеме жээке жакындаганда оорчулукка кабыл болгондой эле, адам же коом да чоң өзгөрүүлөрдүн алдында ички жана сырткы сыноолорго, кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ыйман менен жеңиштин, кысым менен эркиндиктин, сыноо менен жеңилдиктин ортосунда эң чоң сыноолорду башынан өткөрөт.
Бул көрүнүштү пайгамбарлардын тарыхынан так көрүүгө болот. Кайсы бир коомго Аллахтын жардамы жакындап калганда, кырдаал абдан курчуп, сыноолор күч алат.
Куранда бул мыйзамдуулук ачык айтылган:
أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِن قَبْلِكُم ۖ مَّسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّىٰ يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَىٰ نَصْرُ اللَّهِ ۗ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ (214)
“Эй, момундар!) силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп Бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана кайгы касыреттер катар-катар келе бергендиктен ыргылжың болуп калышты. Ал тургай, пайгамбар жана ыймандуу кишилер: «Акыры Алланын жардамы качан келет» – дей башташты. (Ошондо аларга) мындай жооп болду: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын” (Бакара сүрөсү: 214).
Бул аят бизге Аллахтын жардамы эң оор учурларда келерин баяндайт. Пайгамбарлар жана момундар бул суроону шектенүү менен эмес, жүрөктөгү чыныгы муктаждыктан келип чыгып айтышкан. Дал ошол кезде Аллахтын жардамы, дениз ташкынынан жаралган толкун сымал, Аллахтын жардамы тоскоолдукту жарып өтүп келген. Бул толкундар өзүнөн кийин ар түрдүү тосмо жана тоскоолдуктарды сүрүп, өзүнөн кийин туруктуу жер жээкти калтырып кетет. Андан соң, анын үстүнө жаңы мыйзамченемдүүлүк жана адилеттүү түзүм орнотулат. Аллах Таала бул тууралуу дагы бир жолу эскертет:
فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
Ошентип, албетте ар бир оорлук – машакат менен бирге бир жеңилдик да бар. Албетте ар бир оорлук – машакат менен бирге бир жеңилдик да бар.
(аш-Шарх сүрөсү, 94:5–6).
Бул аят ар бир сыноо жок дегенде бир жеңилдик менен коштолооруна үмүт берген аят. Толкун ташкын болуп, урулганын жээкке чыгарып да коёт. Ошол сыяктуу, кыйынчылык адамды тазалайт, күчтөндүрөт жана кийинки баскычка даярдайт.
Пайгамбар ﷺ Мединага хижрат кылган учурда дал ушундай кооптуу кырдаал эле. Анын ﷺ аркасынан куугун түшкөн, аны колдоочулар азайган. Бирок дал ошол учурда Аллахтын нусраты жана жардамы келди.
Аллах Таала бул тууралуу мындай деген:
“إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدْ نَصَرَهُ اللَّهُ إِذْ أَخْرَجَهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ثَانِيَ اثْنَيْنِ إِذْ هُمَا فِي الْغَارِ إِذْ يَقُولُ لِصَاحِبِهِ لَا تَحْزَنْ إِنَّ اللَّهَ مَعَنَا فَأَنزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَيْهِ وَأَيَّدَهُ بِجُنُودٍ لَّمْ تَرَوْهَا
“Эгер силер ага (пайгамбарга) жардам кылбасаңар Алланын Өзү ага жардам кылды. Аны каапырлар ал эки адамдын бири болгон абалында (тагыраак айтканда, бир жолдошу менен Меккеден) айдап чыгышканда (ага Алла жардам берди). Ошондо алар экөө үңкүрдө турган чактарында жолдошуна: «Кейибе, албетге Алла биз менен бирге», дегенде, Алла ага көнүл токтук түшүрдү жана аны силер көрбөгөн аскерлер (периштелер) менен колдоп- кубаттады
(ат-Тауба сүрөсү, 9:40).
Бул инсаний эсеп менен караганда баардык нерседе утулган учур эле. Бирок дал ушул “силкинүү чекитинде” Кудайдын кийлигишүүсү менен кереметтүү жардам келди. Ошентип, жаратылыш мисалынан да, Куран баяндарынан да биз үчүн бир үлгү ачыкталат. Кыйынчылыктар чегине жетсе демек өзгөрүүлөр жакындаган болот. Кимде ким бул учурда сабырдуулукту, туруктуулукту жана ыйманын көрсөткөн болсо, демек алар ташкындарды кесип өтүп жээке чыккан кеме сыяктуу болушат. Жаңы жээк бул дагы бир башаламандыктын жайы эмес, жаны мүмкүнчүлүк, жаңы максат жана жаңы күрөш майданынын жайы.
Римдин кулашы болобу же СССРдин тарашыбы, Франциядагы революция, араб жазы болбосун, баардык саясий жана коомдук өзгөрүүлөрдө, дал ушундай мыйзамдуулук көрунот. Булардын баары туруксуздук жана силкинүүлөр менен коштолгон. Экономикалык төмөндөө, бийликтин легитимдүүлүгүн жоготуусу, коомдук чыр-чатак, радикал добуштардын күч алышы, мунун баары эски системанын кыйроо алдында тургандыгынын белгиси. Өзгөрүүлөр бир караганда кыйроо сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок башка тараптан караганда бул жаңы нерсенин туулушу.
Жеке адамдын да жалпы коомдун да руханий жолу дал ушундай түзүлгөн. Пайгамбар Мухаммад ﷺ турмушундагы чоң өзгөрүүлөр дайыма чоң сыноолор менен жетеленип келген. Пайгамбар ﷺ, рисалатынын бир баскычынан башка баскычына өтүшү тынч болгон эмес. Бул учур өтө курч абалдарда болуп өткөн. Меккеден куулуп чыкканы, өлтүрүлүү коркунучу, үммөттөгү жарака, душмандардын сырдуу келишимдери дал ушундай учурларда Аллахтын жардамы жана нусраты келген. Мусулмандардын саны аз болуп турган Бадр согушунда периштелер аркылуу Аллах момундарга өз жеңишин берген. Хандак согушунда, Медина душмандар менен курчалып калган абалда, Аллах шамал менен коркуу сезимин душмандарга жиберип өзү ал согушту утту. Мекке, мусулмандар көп жылдар бою чеккен азап жана кемсинтүүлөрдөн соң, кан төгүлүүсүз ачылды. Бул “Фатх” (ачылыш) момундарга Аллахтан алардын тайманбастыгы үчүн белек болду.
Мындай көрүнүш бир гана Мухаммадﷺдын жашоосунда эмес балким жалпы пайгамбарлардын басып өткөн турмушунда көрүнөт.
Нух (алейхи салам) миң жыл бою даават жолунда болду, ошончо жыл бою шылдың көрдү жана мунун акыбети тазалай турган суу ташкыны болду.
Ибрахим (алейхи салам) отко киргизилди бирок от ал үчүн салкын кылынды.
Юсуф (алейхи салам) зынданга ташталып унутулду, бирок Аллах ага дөөлөт жана бийлик берди. Юнус (алейхи салам)дын дубасы кабыл болушунан мурун, ал балыктын ичинде калды. Муса (алейхи салам) Фараондун аскеринин карама каршысында корккон абалында туруп калды. Андан соң деңиз ачылып жол болду. Иса (алейхи салам) өлтүрүлүшү керек эле, бирок ал асманга көтөрүлүп Аллах аны өзү асырады.
Демек, Аллахтын жардамы эч качан бейпилдик учурунда келген эмес, тескерисинче, баардык мүмкүнчүлүктөр түгөнгөндө аргасыздык адамдардын жүрөктөрүн каптап алганда келет. Бул кокустук эмес, Алланын мыйзамы. Жеңилдик кыйынчылык менен, жарык караңгылык каптаганда туулат. Бул силкинүүлөр ыймандын алсыздыгы эмес, тескерисинче, жолдун аягына жакындаганынын белгиси. Сыноо акыйкатты жалгандан бөлөт. Ыкластууларды алдыңкы сапка өткөрөт. Адам колунан келген нерсени кылып аргасыз болгондо, бир гана Аллахка таянып калганда, Жараткандын жардамы түшөт. Ошондуктан жашоодо, тарыхта, коомдо басым күчөп, жүрөк тынчсызданып, көнүмүш нерселер кыйрап жатса, бул иштин аягы эмес, башталышы болушу мүмкүн.
Өзгөрүүнүн алдындагы толкундоолор, диний куугунтуктар, бийлик түзүмүнүн чачырашы, система өзүнүн кыйроосуна келип калгандыгынын белгилери. Эгерде ушул учурда адам ыйманын сактап, сабыр кылса, өзүнүн ыкластуулугун коркпой көрсөтө алса, бул нерсе ага кыйроо эмес, жаңы тепкичке көтөрүлүү болот. Ислам да дал ушинтип жаралган. Пайгамбарлар да ушул жол менен өтүшкөн. Аллах жеңишти анын жардамы экени билиниши үчүн, биз аргасыз, жардамга муктаж болуп, үмүт үзүлгөндө жиберет.
Бурана