Иордания режими Иордания элин алдоону улантууда жана Газа менен Батыш Жээктеги элге кыянат кылууда

Иордания режими Иордания элин алдоону улантууда жана Газа менен Батыш Жээктеги элге кыянат кылууда
Иордания режими Палестинада яхудий түзүмүн бекемдөө үчүн берилген кызматтык ролун канчалык аткарбасын, өз максатына жете албайт. Иордания элин дининен ажыратуу, аларды Ислам үммөтүнүн тарыхынан обочолонтуп, аны жалган улутчулдук жана колонизаторлор белгилеп кеткен чек аралар менен алмаштыруу аракетиндеги чоң кызматтары натыйжа бербейт. Бул ролду Америка колго алып, яхудий түзүмүн багып келүүдө.
Ар бир Иордания режими үчүн коркунуч жаралган бурулушта ал өзүнүн калпычы, азгыруучу, элди адаштыруучу билдирүүлөрүнө кайрылат. Бул ыкмалар ага бийликте калып, аймактагы колониалдык күчтөрдүн күрөшүндө өз ордун сактап калуу үчүн анын кожоюну Британия тарабынан үйрөтүлгөн. Ошондой эле, Газа элин кырууга жана ачкалыктан өлтүрүүгө чейин жеткен зулумдуктарга карабастан, Иордания режими Батыштын яхудий түзүмүн аскерий жана коопсуздук жактан сактоо стратегиясына толук шайкеш аракет кылууда.
Яхудийлердин кол салуулары уланып жатканда, айрыкча Газа элинин күн сайын кайталанган кыйкырыгы, кыргындар, шейит болуулар, кыйроолор, дене бөлүктөрүнүн чачырашы, тирүүлөй көмүүлөр жана акырында чек аралардын жабылышы жана жардамдардын токтотулушу аркылуу ачарчылыкка алып келүү мунун баары Мисир жана Иордания режимдеринин көмөгү жана кыянаттыгы менен ишке ашууда. Бул болсо элдин ачуусун келтирип, Иордания эли көчөгө чыгып, Газаны чыныгы жардам – эркектерди жана армияларды жиберүү менен – колдоого чакырды.
Иордания режими адаттагыдай эле өзүнүн жашоосуна коркунуч туулганда, элдин ачуусун басуу үчүн ар кандай формада жаман дипломатиясын колдонууга өтөт. Ал элдин көңүлүн өзүнүн коркунучтуу шалаакылыгынан гана эмес, палестин маселесин жок кылуу боюнча кылып жаткан иш-аракетинен да алагды кылуу аракетин көрөт. Бул аракеттери яхудий түзүмүнүн жана Американын Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган. Ал бул үчүн төмөнкү иштерди аткарды:
- Иордания режими азык-түлүк жардам кербендерин уюштуруп, аларды элге жарыялап көрсөтүү менен элдик нааразылыктын басаңдашына аракет кылды. Бул жардамдардын максаты Газаны колдоону шектүү гумжардам менен чектеп, армияларды жөнөтүү сыяктуу чыныгы жардамдан элдин көңүлүн буруу экенин эл билбейт деп ойлошот. Анан бул жардамдарды Карам Абу Салем өткөрмө бекети аркылуу, яхудийлер көзөмөлдөгөн жол менен киргенине коюлган дооматтарга жооп берүү үчүн саясий, медиа жана интернеттеги жалданма армиясы аркылуу актоо иштерин жүргүздү. Бул болсо Иордания медиасына өз режимин мактап, кылган ишин актай турган жаман шылтоолорду таратууга жол ачты. Бирок бул шылтоолор Иордания элин да, Газа элин да алдай албайт. Эмне, Вади Араба келишимин улантып, анын негизинде жардам киргизүү менен Газага каршы жүргүзүлүп жаткан геноциддин ордун толтурду дейби? Бир күндүк азык менен ачарчылыктын себептери чечилеби?
- Иордания режими Газаны колдоп чыккан демонстрацияларда жана кыйкырыктарда, өзгөчө армияларды жөнөтүүнү талап кылгандарга каршы масштабдуу кармоолорду жана зомбулук акцияларын баштады. Коопсуздук күчтөрүнүн репрессиялары айрым учурда адамдарды өлтүрүүгө, көздөрдү көр кылууга жана камалгандарды кыйноого чейин жетти. Мунун айынан коомдук нааразылыкты басаңдатуу үчүн айрым полиция кызматкерлери убактылуу кызматтан четтетилип, териштирүүгө алынды.
- Газа ачарчылыкта жана дарыя болуп аккан бомбалоонун астында азап чегип жаткан учурда, Иорданиянын премьер-министри элдин намысына тийген билдирүү жасап, анын режими жалган айтып келаткан “Газа элине колдоо” деген доосун ачык айкын кыянаттык менен жокко чыгарды. Ал мындай деди: «Жараш фестивалы аймактын экономикасы жана туризм тармагы үчүн маанилүү, өкмөт аны бардык күчү менен колдоп жатат». Фестивалдын аткаруучу директору Айман Самави болсо: «Биз иорданиялыктар да сүйүнүүгө укуктуубуз, анткени Палестина жүрөгүбүздө», — деди. Бул билдирүүлөр бир туугандыкты да, кайраттуулукту да билдирбейт. Газадагы элге жардам жөнөтүү жөнүндө сөз болсо да, бул билдирүүлөр Иордания элинин ачуусун жараткан чоң күнөөнү жабуу үчүн айтылды. Ага байланыштуу эл арасында мындай сөз тарады: Газа кан жутуп жатат, ал эми режим музыка угуп, ойноп жатат!
- Газадагы геноциддик согуштун, Батыш Жээктеги тынымсыз кол салуулардын жана элди сүргүнгө айдоонун, ошондой эле Палестина маселесин түп-тамырынан жок кылуу процессинин алкагында, 2025-жылдын 23-июлунда (шаршемби күнү) Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү иорданиялыктар боюнча башкармалыгы “кнессеттин Батыш Жээкти жана Иордан дарыясы өрөөнүн яхудий түзүмүнө кошуу тууралуу чечимин эл аралык укукту одоно бузуу жана эки мамлекеттүү чечимди жокко чыгаруу” деп катуу айыптады. Ал эми бул эки мамлекет чечими Иордания режими тышкы иштер министри жана араб өлкөлөрүнүн тобу менен биргеликте жылдар бою кайталап келген ураан. Бирок бул ураандын өзү иш жүзүндө эч качан болбогон, ал Европа жана Американын акылсыздарды алаксытууга багытталган жалган үмүтү гана. Мындай чечимдер “альтернативдүү мекен” же “конфедерация” сыяктуу коркунучтардан тышкары дагы, баскынчылыкты мыйзамдаштырып, яхудийлердин чыныгы ниеттерин, тагыраагы, аймакты толук басып алууга болгон ашкере умтулуусун ашкерелеп турат. Муну тынчтык сүйлөшүүлөрүн жактагандар да эми көрүп жатышат. Ал арада Америка болсо Газадагы кырдаалдан кийинки баскычка даярдык көрүүдө.
Мындай олуттуу маселеге карата Иордания режими болгону “айыптоо” менен гана чектелип, аскерий чараларды ойлоп да койбостон, бул режим Палестина маселесин жок кылуу боюнча иштеп жаткан планга толук катышып жатканын билдирет. Демек, Батыш Жээктеги элдин Иорданияга мажбур же ыктыярдуу көчүрүлүшү ага тоскоол болбойт. Же болбосо, Батыш Жээк Иорданиянын мурдагы бир бөлүгү болгонун шылтоо кылып, конфедерациялык башкаруу аркылуу элди ага “тапшыруу” да жарай берет. Бул болсо Иорданиянын өзүнө, анын коопсуздугуна жана эгемендүүлүгүнө анча маани берилбей калганын, жана яхудий түзүмүнүн чыныгы максатына жетүүсүнө эч тоскоолдук болбосун ачык көрсөтөт. Бул максаттарга жетүүдө Трамп да алардын тарабында болуп, Америка үчүн Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктарын яхудий түзүмү кандай кааласа, ошондой ишке ашырууга аракеттенүүдө.
Палестина маселесинин чечими мусулмандар үчүн баш ооруткан же белгисиз маселе эмес. Бул яхудийлер Палестинаны басып алгандан бери жана мусулман башкаруучулардын саткынчылыгы менен жеринин бөлүнүп-жутулушуна жол берилгенден бери, ар кандай жасалма согуштар аркылуу улам-улам берилген жеңилдиктер. Булардын баары Батыштагы каапыр колонизаторлордун колдоосу менен ишке ашты. Ал эми бул башкаруучулардын кыянатчылыгы жана яхудийлердин бирден-бир максаты бул аймакта Ислам халифалыгынын кайра түзүлүшүнө жол бербөө экенин ачык далилдеп турат. Себеби, Халифалык тикеленгенде, анын негизги маселеси Палестина маселесинин шаръий жана амалий чечими болот, ал чечим болсо яхудийлерден аны бошотуу жана тазалоо үчүн армияларды жөнөтүү аркылуу ишке ашат.
﴿يَوْمَ لَا يَنفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ﴾
“Ал Күндө заалим-каапыр кимселерге шылтоолору пайда бербейт жана аларга каргыш болот, алар үчүн эң жаман жай – тозок болот”. (Гафир сүрөсү, 52-аят).
Доктор Халид ал-Хаким
Роя гезити