Ислам өлкөлөрүнө карата Американын энергетика жаатындагы стратегиялык көз карашы

Ислам өлкөлөрүнө карата Американын энергетика жаатындагы стратегиялык көз карашы
Ислам өлкөлөрүнө карата Американын стратегиялык көз карашындагы өзгөрүүлөрдү жана майда-чүйдөсүнө чейинки жагдайларды түшүнүү Ислам өлкөлөрүндө саясатка багыт берген жана коомдук пикирди калыптандырган адамдар үчүн өтө маанилүү. Мындан тышкары, акыркы убактарда Трамптын «Америка биринчи» саясатынын натыйжасында маанилүү өзгөрүүлөр болду. Трамп Американын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк полициянын ролун аткаруу жүгүн биздин өлкөлөрдөн түзүлгөн регионалдык уюшмаларга өткөрүп берүүдө. Айрыкча, Жакынкы Чыгыштагы Американын аскерий базаларына соккулар урулгандан кийин бул саясат күчөдү.
Америка — толук маанидеги колонизатор мамлекет. Ал өзүнүн жамандыгы жана ырайымсыздыгы жагынан Европанын колонизатор мамлекеттеринен эч кем калбайт. Экинчи дүйнөлүк согуштан жеңүүчү болуп чыгып, европалык союздаштарына салыштырмалуу алда канча жакшы абалда болгондон тартып, Америка дүйнө мамлекеттерин өзүнө көз каранды кылууну же өз эркине баш ийдирүүнү, буйруктарына моюн сундурууну жана алардын өз пландарынан четтебешин каалады. Бул үчүн ал Түндүк Американы басып алып, жергиликтүү калктын сөөктөрү үстүнө өз өкүмдарлыгын орноткон негиздөөчү ата–бабаларынын жолун карманды. Голливуд ошол жергиликтүү калкты жаманатты кылып, аларды томагавк балталарын көтөрүп жүргөн «кызыл терилүү индейлер» катары сүрөттөгөн.
Батыштык баскынчылар жергиликтүү калкты саясий келишимдер аркылуу алдап, экономикалык блокада менен муунтуп, күйгөн жер тактикасын колдонуу аркылуу алардын эбегейсиз көп бөлүгүн кырып салышкан. Жергиликтүү калкка каршы жетишкен ийгиликтеринен шыктанган америкалыктар Монро доктринасын Борбордук жана Түштүк Американын элдерине каршы өздөрүнүн жырткычтык ыкмаларын колдонуу үчүн шылтоо кылып алышты. Муну менен алар өздөрүнүн жамандыгын бүткүл дүйнө элдерине жайылтууга жол ачышты.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү калктын резервацияларда жашап жаткан аянычтуу абалы — америкалыктардын амалкөй жылмаюуларына жана куру убадаларына алданып калган дүйнөдөгү ар кандай эл үчүн коркунучтуу эскертүү. Анткени Американын капиталисттик элитасы элдерди алардын бут алдындагы байлыктардан ажыратууга тоскоол боло турган эч кандай моралдык чектөөнү көрбөйт.
Энергия ресурстарын жана алардын деңиз жолдорун көзөмөлдөө
Эң маанилүүсү, Америкадагы терең мамлекет дүйнөлүк энергия ресурстарын жана алардын маанилүү деңиз жолдорун көзөмөлгө алууга умтулган. Ал тургай, Американын Экинчи дүйнөлүк согушка киришинин себептеринин бири Перс булуңундагы мунай аймагын Британиядан тартып алуу болгон.
Мусулмандардын мунайын көзөмөлдөө үчүн Британия менен Американын ортосундагы күрөш күчөп жаткан учурда, америкалык стратег Эдвард Люттвактын маанилүү макаласы жарыяланган. Ал «Мамлекеттик төңкөрүш: практикалык колдонмо» (Coup d’État: A Practical Handbook) аттуу белгилүү китептин автору болгон. 1975-жылдын март айында Люттвак «Араб мунайын басып алуу» деген аталыштагы макаласын «Харперс» журналында латынча «Майлз Игнотус» деген каймана ат менен жарыялаган. Бул ат «белгисиз жоокер» деген маанини билдирет. Ал бул макаласында Ислам өлкөлөрүнө карата Американын стратегиялык көз карашын багыттоо үчүн Американын Перс булуңундагы мунай казынасына болгон ач көздүгүн козгогон.
Ал мунай уюшмасынын күчүн талкалоо зарылдыгы жөнүндө сөз кылып, ачык эле мындай деген: «Он жылга, балким, андан кыйла кыска мөөнөткө созулган басып алуу жетиштүү болот. Анткени басып кирүүнүн чаңы басылып, биротоло калуу ниетинин бардык белгилери көрүнгөндөн кийин, ОПЕКтин калган мүчөлөрү акылына келип, Американын чыгып кетишинин ордуна мунай жеткирүүнү макулдашылган баалар боюнча сактап туруу тууралуу милдеттүү келишимди кабыл алышат».
Албетте, бул Британияны тынчсыздандырган. Анткени Британия 1960-жылдан бери ОПЕКти пайдаланып, мунай тармагын, анын ичинде мунай өндүрүүнү, сатууну жана бааларды белгилөөнү көзөмөлдөөгө жетишкен эле. Бирок Америка мунайды долларга байлап, долларды негизги валютага айландырууга жетишти. Муну менен эле чектелбестен, башкаларды өзүнө баш ийдирип, аларды өзүнүн малайларына айландыруу баскычына жетүүгө умтулду.
Америка ушул жол менен жүрүп отуруп, кичүү Жорж Буштун доорунда Ислам өлкөлөрүнө басып кирүү жана аларды кайрадан аскерий жол менен колониялаштыруу баскычына жетти. Бул Франция менен Британиянын аскерлери ал өлкөлөрдөн чыгып кеткенден ондогон жылдар өткөндөн кийин болду.
Перс булуңундагы мамлекеттердин энергетикалык абалына тар көз караштан караганда, Американын Афганистан менен Пакистанды көзөмөлдөшү бул эки өлкөдө Россия менен Кытайдын таасирине тоскоолдук жаратат. Ошондуктан Америка 2001-жылы Афганистанга басып кирип, аны оккупациялады жана өзү менен кошо Түндүк Атлантика келишими уюмун (НАТО) алып келди. Ал эми Жакынкы Чыгышты көзөмөлдөө боюнча кеңири көз караштан алганда, Ирак тарыхый жактан стратегиялык мааниге ээ болгон Месопотамиянын негизги бөлүгүн түзөт. Ошондуктан Америка аны 2003-жылы оккупациялады. Ал тургай, Пакистандан да аскерлерди жөнөтүүгө аракет кылды, бирок ал жердеги Исламдын жакшы перзенттери буга жол беришкен жок.
Түздөн-түз кийлигишүүдөн региондогу армияларды пайдаланууга өтүү
Мусулмандарга мамиле кылуу Американын жергиликтүү калкына же Борбордук жана Түштүк Американын элдерине, анын ичинде Венесуэла сыяктуу ири мамлекеттерине мамиле кылгандай эмес. Анткени Афганистан менен Ирактын мусулмандары Американы оор жоготууларга учуратып, аны региондогу өз малайларына жана тарапкерлерине көбүрөөк таянууга мажбур кылганда, Америка катуу соккуга кабылды.
Афганистан менен Ирактагы беш триллион доллардан ашкан эбегейсиз экономикалык жоготуулардан жана чоң аскерий жоготуулардан кийин Америка согуштарга түздөн-түз катышуу өз кызыкчылыгына туура келбей турганын түшүндү. Ошондуктан ал мусулман акимдери менен союздарды түзүүгө көңүл буруп, алардын армияларынан толук пайдаланууга басым жасады. Трамп мусулмандарга каршы кеңири масштабдагы согуштарга катышууну каалабайт. Ал Ирандын сазына батып калгандан кийин оор сабак алды. Анткени ал Ирандагы иш Венесуэладагыдай эле жеңил сейилдөө болот деп ойлогон эле.
Ошого карабастан, Иранга байланыштуу анын каргашалуу жаңылыш баа берүүсүн эске албаганда, Трамптын улуттук коопсуздук стратегиясы Американын Жакынкы Чыгышта эч кандай кеңири масштабдагы же түздөн-түз согуштарга кирбөө милдеттенмесин тастыктайт. 2025-жылдын 5-декабрында, жума күнү жарыяланган Улуттук коопсуздук стратегиясы Американын мунайга бай Перс булуңуна, мусулман өлкөлөрүндөгү маанилүү деңиз жолдоруна жана биздин өлкөлөрдөгү өзүнүн алдыңкы аскерий базасына, башкача айтканда, яхудий түзүмүнө байланыштуу кызыкчылыктарын кайрадан тастыктады. Анда мындай деп айтылган:
«Америка үчүн Перс булуңундагы энергия ресурстарынын жеткирилиши күчтүү душмандын колуна өтпөшүн, Ормуз кысыгынын ачык бойдон калышын, Кызыл деңизде кеме каттамдарынын жүрүшүн, регион Американын кызыкчылыктарына же аймагына каршы терроризмдин уюгуна же аны экспорттоочу аймакка айланбашын жана (израилдин) коопсуз бойдон калышын камсыз кылуу ар дайым негизги кызыкчылыктардан болуп кала берет».
Көңүл бурарлык жагдай, бул стратегия Американын армиясын алсыратуучу түздөн-түз согуштарга кирбөө милдеттенмесин баса белгилеген. Анда мындай деп айтылган:
«Биз бул коркунучка каршы фикрий жана аскерий жактан күрөшө алабыз жана күрөшүшүбүз керек. Бирок бул үчүн мамлекет курууга багытталган, натыйжасыз жана ондогон жылдарга созулган согуштарга кирүүнүн зарылдыгы жок».
Ошентип, бул стратегия союздар аркылуу биздин армияларыбызды пайдалануунун негизин түздү. Анда мындай деп айтылган:
«Ошондой эле Ибрахим келишимдерин региондогу дагы башка мамлекеттерди жана Ислам өлкөлөрүндөгү башка мамлекеттерди камтый тургандай кеңейтүүдө биздин ачык кызыкчылыгыбыз бар».
Ушул алкакта Трамп өзүнүн бардык малайларын жана тарапкерлерин Американын стратегиялык көз карашына бекем байлоо үчүн союздардын тармагын кызуу түзүүдө. Бул 2026-жылдын 22-январында кол коюлган «Тынчтык кеңеши» аркылуу болобу же 2026-жылдын 7-августундагы Мекке биргелешкен коргонуу келишими аркылуу болобу, айырмасы жок.
Ошентип, Америка мусулмандардын өз армияларын жана куралдарын өздөрүнө каршы пайдалануу аркылуу аларды өз өлкөлөрүнүн байлыктарынан ажыратат. Бул Америка өзүнүн жергиликтүү калкына каршы да жетише албаган, кордоочу жетишкендик.
Эй, мусулмандар жана алардын армиялары!
Аллах Субханаху ва Таала бизди Өзүнүн төмөнкү сөзү менен эскерткен:
﴿مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَن يُنَزَّلَ عَلَيْكُم مِّنْ خَيْرٍ مِّن رَّبِّكُمْ﴾
«Китеп ээлеринен (жөөт жана христиандар) болгон каапырлар да, мушриктер да силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык түшүүсүн жактырышпайт. Алла Өз Жакшылыгын каалаган кишисине берет. Алла улуу ырайымдуулуктун Ээси». (Бакара: 105).
Аллах Субханаху ва Таала бизге эң баалуу ресурстарды мол кылып бергенине карабастан, Америка колонизаторлугу бизди жакырчылыкка кептеди.
Энергетика тармагын алганда, бизге мунай гана берилген эмес, электр энергиясынын негизин түзгөн сейрек кездешүүчү элементтердин да мол запастарына ээбиз. Электр транспорт каражаттарынын кыймылдаткычтары негизинен неодим, диспрозий, празеодим жана тербийден жасалган күчтүү туруктуу магниттерге таянат. Лантан жана ага байланыштуу лантаноиддер аккумуляторлордун жана суутекти сактоонун айрым технологияларында колдонулат. Ал эми аккумуляторлордун негизги химиялык курамы литийге таянат. Ошондой эле иттрий, лантан жана церий күн энергиясынын инверторлорундагы керамикалык конденсаторлордо жана ички сенсорлордо колдонулат. Бирок ушунча байлыгыбызга карабастан, азыркы акимдердин өздөрүнүн азыркы жолун улантуусуна жол берүүбүз — Америкадагы жергиликтүү калктын тагдырына окшош тагдырга карай бара жатканыбызды билдирет. Натыйжада биз өтө оор жакырчылыкта жана кордукта жашайбыз, ал эми колонизаторлор байлыктарыбызды талап-тоноп, иштерибизге үстөмдүк кылышат. Бирок биз мындан тышкары дагы бир кордукка дуушар болуудабыз т.а. биздин аскерлерибиздин өздөрү союздар аркылуу душмандарыбыздын кызыкчылыктарына кызмат кылып жатышат.
Аллах бизге важиб кылган ишти аткарып, Исламга даъват кылуу жолунда күнү-түнү тынымсыз аракет кыла турган убакыт келбедиби? Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кыла турган убакыт келбедиби? Армияларыбыздан азыркы акимдерди бийликтен кулатууну, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Раштага нусрат берүүнү жана аны Ислам үммөтүн биздин өлкөлөрдөн Батыш колонизаторлугунун тамырын биротоло кыркуу жолундагы улуу күрөштө жетектей турган халифа катары байъат кылууну талап кыла турган убакыт келбедиби?
Роя гезити
Мусъаб Умайр – Пакистан вилаяты




