Америка өзүнүн эл аралык геосаясий максаттарына жетиш үчүн Өзбекстанды пайдаланууда

Америка өзүнүн эл аралык геосаясий максаттарына жетиш үчүн Өзбекстанды пайдаланууда
«Дуния» маалымат агенттигинин кабарчысы билдиргенине караганда, яхудий түзүмүнүн алдыңкы медиалары Өзбекстан менен болгон экономикалык мамилелерди бекемдөөгө туруктуу түрдө чоң маани берүүдө. Айрыкча, «Израил»деги алдыңкы интернет-басылма Bhol.co.il Наманган аймагында инвестициялык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган яхудий ишкери тууралуу журналисттик иликтөө жарыялады.
Наманган облусундагы текстил өнөр-жайындагы инвестициялык долбоордун мисалы көрсөтүп турат, баскынчы яхудий түзүмү Газадагы бүтпөгөн согуш кылмыштарын улантып жатып, Өзбекстанда активдүү түрдө соода жана бизнес жүргүзүп жатат. Инвестор Абрахам Хайимдин айтымында, ал өз долбоорун Өзбекстандагы карапайым элдин коопсуздугуна, тынчтыгына жана ак ниет мамилесине шыктанып баштаган. Анын жетекчилиги астындагы «Meleh Tex» компаниясы Наманганда жайгашкан бир нече текстил фабрикаларында жүздөгөн жергиликтүү жумушчуларды пайдаланып, жылына 20 миллион долларлык продукция чыгарууну максат кылууда.
Макалада мындай долбоорлор эки тараптуу сооданын көлөмүн арттырары жана башка яхудий ишкерлерге Борбор Азия рыногуна кирүүдө үлгү болору белгиленет. Мындан тышкары, жакында социалдык түйүндөрдө тараган видеодо Хатирчи район акиминин милдетин аткаруучу Умиджон Адизов чет өлкөдө жашаган бухаралык яхудийлерди расмий түрдө тосуп алып, аларга эшиктер ар дайым ачык экенин жана алар дайыма бааланарын бир нече ирет кайталады. Ал туризм жана экономика сыяктуу тармактарда алар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн билдирди.
Мындай дипломатиялык билдирүүлөр диаспорадагы яхудийлер аркылуу яхудий түзүмү менен мамилелерди чыңдап гана тим болбостон, өзбек бийлигинин расмий саясаты жергиликтүү деңгээлде да координацияланып жатканын көрсөтөт. Анткени облустардын, райондордун жана шаарлардын башчыларын чындыгында президенттик администрация дайындайт жана алар президенттин саясатын жана жарлыктарын аймактарда ишке ашырышат. Демек, Өзбекстандын режими туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу деген шылтоо менен, Газадагы баскынчы яхудий түзүмүнүн кылмыштарын сындаганы менен, иш жүзүндө аны колдоп жатат десек болот.
Мындан тышкары, Өзбекстан калкынын 96–97 %ы мусулмандар экенин эске алганда, өзбек режими Газадагы геноцид жана кыргынга карабастан, яхудий түзүмү менен экономикалык мамилелерди күчөтүү эл арасында күчтүү нааразылыкка алып келиши мүмкүн экенинен коркпой турганы байкалууда. Ошондой эле яхудий түзүмү Газадагы чыңалуудан алыс өлкөлөрдүн эсебинен өзүнүн экономикалык таасирин кеңейтүүгө жана «каржылык база» түзүүгө кызыкдар. Америка болсо Өзбекстанды Азербайжан аркылуу өзүнүн эл аралык геосаясий максаттары үчүн жаңы фронтко айландырууда. Анткени Өзбекстан Азербайжан менен күчөп бара жаткан байланыштардын шартында яхудийлерге өз жергесинде туризм жана экономика жаатында артыкчылыктарды камсыздап берүүдө. Азербайжан яхудий түзүмүнүн аймактагы эң жакын стратегиялык союздаштарынын бири экени белгилүү. Эки тарап аскердик-техникалык кызматташтык, чалгын маалыматтарын алмашуу жана энергетика тармагында кеңири байланышка ээ.
Трамп администрациясы Түштүк Кавказ менен Борбор Азиядагы режимдерди «Абрахам келишимдеринин» алкагында яхудий түзүмү менен мамиле түзүүгө үндөп келет. Өзбекстан бул келишимдерге расмий түрдө кол коё элек болгону менен, Азербайжан менен биргеликте бул түзүмдүн айланасындагы союздашка айланышы мүмкүн.
2025-жылдын 18-февралында, Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Хаджиев менен яхудий түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иерусалимде жолугушуп, стратегиялык мамилелерди кеңейтүү жана Абрахам келишими боюнча пикир алышышкан. Ошол эле күнү “Иерусалим Пост” гезитине яхудий түзүмүнүн жогорку даражалуу өкүлү мындай деген: “Азербайжан акыркы отуз жыл ичинде мусулман өлкөлөрүнүн ичинен (Израилдин) эң ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда… Анын аймактык коопсуздук түзүмүндөгү стратегиялык маанисине жогору баа берилүүгө тийиш”.
Ошол эле учурда Бегин–Садат атындагы стратегиялык изилдөө борбору «Азербайжанды Трамптын аймактык пландарына жана (Израилдин) кызыкчылыктарына натыйжалуу ишмердик кылуу: практикалык сунуштар» деген атайын аналитикалык отчет жарыялады. Отчетто мындай деп жазылат: «АКШ менен (Израил) Азербайжандын потенциалын “Чоң Жакынкы Чыгыш” долбоорунун жаңы түзүмүндө толук пайдалануу үчүн расмий тоскоолдуктарды алып салуу керек».
Кийинчерээк яхудий түзүмүндөгү Азербайжан элчиси Мухтар Маммадов Кнессеттеги Абрахам келишимдери тобунун теңтөрагалары менен жолугушту. Кнессеттин жыйынында депутаттар Азербайжанды Абрахам келишимдерине тартуу жана бул өлкөнү АКШга жакындатуу идеясын колдошту.
Белгилей кетсек, Түркия башында турган Түрк тилдүү мамлекеттер уюму аркылуу Борбор Азиядагы режимдерди, айрыкча Өзбекстан менен Казакстанды яхудий түзүмү менен энергетика, коргонуу жана башка маанилүү тармактарда кызматташууга тартуу аракети жүрүп жатат. АКШ Азербайжан аркылуу бул өлкөлөрдү өзүнүн жана яхудий түзүмүнүн кызыкчылыгына кызмат кылууга активдүү түрдө киргизүүдө.
Ислам өлкөлөрүндө орноп калган кыянатчы режимдер Америка сыяктуу колонизатор кафир мамлекеттери менен кызматташып, Газа, Кашмир жана Чыгыш Түркстандагы мусулмандардын каны, жаны жана мал-мүлкү менен соода кылышууда. Бул болсо өтө чоң кыянат. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ يَوْمَ القِيَامَةِ، يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ، أَلَا وَلَا غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْراً مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ».
«Ар бир кыянатчынын Кыямат күнү кыянатына жараша желеги көтөрүлөт. Билип койгула калктын башчысынын кыянатынчалык чоң кыянатчы болбойт».
Устаз Абдулазиз Аль Өзбекий
Роя гезити