Пакистанда жаңы коопсуздук күчү түзүлдү

Пакистанда жаңы коопсуздук күчү түзүлдү
2025-жылы 14-июлда, дүйшөмбү күнү Пакистан жаңы коопсуздук күчүн түзгөнүн жарыялады. Анын милдеттеринин катарында баш аламандыктарды токтотуу да бар. Бул чечим оппозициядагы партиялар менен адам укуктарын коргоочу уюмдар арасында тынчсызданууларды жаратты. Алар бул күч саясатчыларды кысымга алуу үчүн колдонулушу мүмкүн деп кооптонушууда. Бул “Адилеттүүлүк кыймылы” партиясынын абактагы лидери Имран Хандын тарапташтары анын камакка алынган күнүнүн экинчи жылдыгына карата нааразычылык акциясын даярдап жаткан учурга туш келди. Пакистандын Ички иштер министри Талал Чоудри мындай деди: “Бул жаңы күч, ал мурдагыга караганда катуураак болот. Бизге ички коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мындай күч керек”.
Бул жаңылык бир нече саат ичинде эле дүйнөлүк жана араб маалымат каражаттарында кеңири тарап кетти. Мындай көңүл буруу таң калычтуу эмес, анткени Пакистан дүйнөдөгү эң ири жети аскер күчүнүн бирине ээ өлкө. Бул күчтү түзүүдөгү расмий максат да таң калычтуу эмес, себеби мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин элдик каршылыкка туш болуусу бүгүн нормалдуу көрүнүшкө айланган. Алар элдин турмушун камсыздай албай жаткандыгы жана мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде колонизаторлорго кызмат кылып жатканы үчүн бул каршылык күчөгөн. Бул халифалык кулатылгандан бери болуп көрбөгөн көрүнүш (1342-хижра / 1924-мил).
Бул режимдер бүгүн өз элине таянуунун ордуна Батыштын тышкы колдоосуна үмүт артып калган. Мунун айынан алардын туруктуулугу солгундап, баары тең туруксуз абалда. Алар мусулмандардын ыраазылыгын таба алышпады, анткени алар Исламды колдонбой жатышат, жана мусулмандарды душмандарына каршы коргой алышпайт. Өздөрүнүн чыккынчылыкка негизделген позицияларын актай турган канааттандыраарлык далилдери жок болгондуктан, алар калкты коркутуу, кысым көрсөтүү, камоо, уурдоо, керек болсо өлтүрүү ыкмаларын колдонуу менен гана бийликте калууну көздөшөт.
Пакистан өзгөчө ушул жагдайда мусулман өлкөлөрүндөгү туруксуз режимдердин айкын мисалы болуп саналат жана эч кандай өзгөчөлүккө ээ эмес. Пакистандан чыккан мусулмандар азыркы режимге карата бир нече олуттуу себептерден улам ачык ачууланышууда. Алардын катарына, режимдин Газаны коргоо үчүн күчтүү пакистандык армияны жөнөтүүдөн баш тартуусу, экономикалык чөйрөдөгү ийгиликсиздиги, мунун айынан өлкөдө ар түрдүү байлыктар болгонуна карабастан, эл жапырт жакырланып жатканы, жаңы муунду бузуучу чөйрөлөрдү түзүүгө болгон ачык аракеттери, анын ичинде билим берүү мекемелери жана электрондук байланыш каражаттары аркылуу жүргүзүлүп жаткан аракеттер кирет.
Исламий революцияга муктаждык тууралуу талкуу бүгүнкү күндө эл ичинде кеңири жайылды, эми бул тема мурдагыдай бир гана аң-сезимдүү же таасирдүү адамдардын деңгээлинде эмес.
Адам укугун коргоочу уюмдарга суроо: эмне үчүн Батыш мусулман өлкөлөрүнүн заалим башкаруучуларына мындай катаал саясаттарды жүргүзүүгө уруксат берип жатат, ошол эле учурда элдин пикир айтуусуна, саясий катышуусуна жана жыйын өткөрүү укугуна чакырып келет?
Жооп төмөнкүдөй, Батыштын башкаруучулары жана саясий стратегдери мусулмандар арасындагы өсүп жаткан жалпы аң-сезимден улам өздөрүнүн агент режимдеринин келечегине коркунуч туулуп жатканын сезишүүдө. Батыш мындай коркунучту ошол эле системанын ичинде ойноп жаткан кадимки оппозициялык партиялардан сезбейт. Тескерисинче, аларды колдоп, айрым учурларда бийликке алып келүүнү буйруйт. Максат колониалдык системанын өзүн сактап калуу. Бирок Батыш чыныгы коркунучту “исламчылар” же “экстремисттер” деп атап жүргөн топтордон сезет. Анткени бул топтор бүгүнкү түзүмдөрдү тамырынан жок кылып, алардын ордуна Аллах түшүргөн мыйзамдар менен башкарууну талап кылып жатышат.
Аллах Тааланын шариатын орнотуу каалоосу бар экенинин белгилери мусулмандардын эркин саясий пикир айтуусунан ачык байкалат. Бул билдирүүлөр темирдей кысымдан жана бийликтин көзөмөлүнөн алыс чөйрөлөрдө байма-бай айтылып келет. Ушундай жакшы пикирлердин мисалдары жеке топтордо, социалдык тармактарда, үйлөрдөгү жыйындарда, эл менен түз байланыштарда, көчөлөрдө жана мечиттерде болгон сүйлөшүүлөрдө көрүнүп турат. Мусулмандар саясат тууралуу сүйлөшкөндө куттуу аяттарды, хадистерди жана халифалардын (разияллаху анхум) нурлуу мисалдарын эскеришет. Бул билдирүүлөр келечекте тикелене турган экинчи рашид Халифалык үчүн жаралып жаткан жаңы саясий чөйрөнү көрсөтөт. Ал Халифалык, иншааАллах, жакында кайра орнойт.
Эй, ихластуу Пакистан мусулмандары! Аллах Таала мындай деген:
﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللهُ إِلَيْكَ﴾
«(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол!» (Маида сүрөсү, 49-аят).
Силер колонизатор агенттеринин тоскоолдуктарына карабастан, Аллах Тааланын Китеби жана Анын Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү менен башкарууну талап кылууну улантышыңар керек. Исламга чакырып, экинчи рашид Халифалыкты Пайгамбарлык жолунда курууга аракет кылып жаткан ихластуу жана аң-сезимдүү кишилер менен байланышыңарды үзбөгүлө. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«أَلَا لَا يَمْنَعَنَّ أَحَدَكُمْ رَهْبَةُ النَّاسِ أَنْ يَقُولَ بِحَقٍّ إِذَا رَآهُ أَوْ شَهِدَهُ فَإِنَّهُ لَا يُقَرِّبُ مِنْ أَجَلٍ وَلَا يُبَاعِدُ مِنْ رِزْقٍ».
«Эч бириңерди адамдардан коркуу, көрүп же угуп туруп, чындыкты айтуудан тыйбасын. Чындыкты айтуу ажалды жакындатпайт жана ырыскыны алыстатпайт» (Ахмад, Баяхаки, Табарани, сахих).
Аскерлер арасындагы туугандарыңар жана досторуңар менен байланышып, аларды бул бузук түзүмдү кулатып, Ислам өкүмүн орнотууга үндөгүлө. Муну Мединада ансарлар (разияллаху анхум) кандай жасашкан болсо, ошондой кылып жасашсын.
Эй, Пакистан куралдуу күчтөрүнүн офицерлери!
Силер мусулман эл менен бирге туруп, зулум башкаруучуларга каршы чыгышыңар керек. Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты орнотуу үчүн нусрат бергиле! Бул саясий жана аскердик жетекчилердин тактарын кулатып, Саад бин Муаз (разияллаху анху) жана Медина ансарларынын жолу менен Ислам хазаратын кайра жандандыруунун пайдубалын түптөгүлө. Пакистанды Ислам өкүмүнүн кайра кайтуусунун тиреги кылып, Аллахтын шариаты менен башкарууну орнотуу жана үммөттү кайрадан адамзаттын кожоюну кылуу шексиз эң улуу иштерден. Аллах Таала силер аркылуу жеңиш берсин! Аллах Таала мындай деген:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾
«Ал (Алла) өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин менен, мушрикгер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». (Тообо сүрөсү, 33-аят).
Устаз Мусаб Умайр – Пакистан вилаяты
Роя гезити