Басма сөз

Газанын курчоого алынышы Мисир режиминин чыккынчылыгынын далили

Басма сөз баянаты

Газанын курчоого алынышы Мисир режиминин чыккынчылыгынын далили

БУУнун баяндамасына ылайык, Газа ачарчылыктын бешинчи этабына (катастрофалык ачарчылык стадиясына) кирди. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы мусулмандар боордошторун колдоо үчүн жардам топтоп, курчоону бузуучу кербендерди уюштурганы менен, коңшу мамлекеттер, айрыкча Газа менен түз чек арасы бар Мисир режими жардам берүү үчүн эч кандай чара көрбөй, ачарчылыкты көрбөгөн кишидей болуп отурат. Ал тургай Мисир бийлиги «биздин колубуздан эч нерсе келбейт» деп, болгону ортомчулук ролу менен эле чектелүүдө. Чындап эле Мисирдин Газа элин колдоого чамасы жетпейби?!

Яхудийлер Газага каршы чабуул баштаган күндөн тартып эле Мисир режими Газа элине ар тараптуу жардам берип жатабыз деп келди жана чек ара өткөрмөлөрүнүн жабылышына, Газанын курчоого алынышына эч кандай тиешебиз жок деп актанып келди. Бирок далилдер бул калпты төгүндөп, бүгүнкү абал Мисир режими менен яхудийлердин согуш баштала электеги эле кылмыштуу келишимдеринин натыйжасы экенин көрсөтүүдө. Чабуул башталганда үммөт Мисирди аралашууга, яхудий түзүмүнө биздин ракеталар менен аткылаганга жол бербөөгө чакырды. Бирок баары тескерисинче болду: Мисир режими Газадагы мусулмандарды эле эмес, Мисир аймагындагы Рафах чек арасын, Ажра аймагын жана Синайдын айрым жерлерин да бомбалоосуна көз жумду. Мисир аскерлери өз көздөрү менен яхудийлердин ракеталары Газадагы боордошторун же чек арадагы кызматташтарын өлтүргөнүн көрүп турушса да, мамлекет тарабынан эч кандай жооп болгон жок. Ушундайча бул согуш Мисирдин чыккынчылыгы жана баш ийүүсү менен башталды.

Мисир режими мусулмандардын каны төгүлүшүнө гана жол берип тим болбостон, Рафах чек арасын яхудий түзүмүнүн колуна өткөрүп берди. Бул болсо анын узак убакыттан бери «тынчтык келишими» деп аталган келишимди калкан кылып, Палестина элин колдобой келаткан актанууларын толук жокко чыгарат. Себеби бул кадам Мисир армиясынын алсыздыгынан эмес, чыккынчылыгы себеп болгон иш. Мисир режиминин чек араны басып алууну айыптабашы, аны токтотуу үчүн күч колдонбошу, жок дегенде басым көрсөтүүгө аракет кылбашы мунун далили. Болгону ал өзүн «чек араны жабууга күнөөлүү эмеспиз» деп актанып, бүтүндөй жоопкерчиликти яхудий түзүмүнө оодарды. Бул болсо анын баскынчылык менен түзүлгөн бул түзүмдүн чек араны көзөмөлдөөгө акысы бар экенин моюндаганы сыяктуу болуп калды!

Албетте, бул тема тууралуу Суэц каналы жөнүндө айтпай коюу мүмкүн эмес. Анткени ал яхудий түзүмүнө жана Америкага басым көрсөтүүчү эң маанилүү куралдардын бири. Ошондой эле Мисир бул мүмкүнчүлүктү эң жаман жол менен пайдаланганы да талашсыз. Интернетке тараган видеолордо Америка менен яхудий түзүмүнүн желектерин көтөргөн аскерий кемелердин канал аркылуу өткөнү көрсөтүлөт. Мисир болсо, бул кемелердин өтүшүнө тыюу сала албайбыз, анткени эл аралык мыйзамдар жол берет, деп актанып чыкты. Бирок бул «мыйзамдар» Батыштагы каапыр колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кыла турган учурларда гана иштейт!

Биз Мисирде бүгүн эң жаман чыккынчылык жана саткынчылыктын көрүнүштөрүнө күбө болуудабыз. Бул режим исламий түзүмдүн ордуна колонизаторлор орноткон режим. Азыр ал Газадагы боордошторубузду курчап, аларга жардам киргизүүгө тоскоол болуп, курчоону бузууну көздөгөн аракеттердин баарын токтотуп, яхудийлердин буйруктарын так аткарып жатат. Жардам чогулткандарды же чек арага жардам жеткирүүгө аракет кылгандарды камап жатат. Натыйжада өтө таң калычтуу көрүнүштөр орун алууда: мусулман эмес активисттер Мисир аскерлерине ыйлап жалынып, «бизди өткөргүлө, биз Газадагы элге жардам бергибиз келет» деп жалбарып жатышат! Биз кандай акыбалга кептелдик?!

Эй Мисирдин жоокерлери! Биз Мисир эли Газадагы боордошторубуз кыргынга учурап жатканын көрүп, кайгыга чөккөн абалда турабыз. Силерде Газаны жана бүтүндөй Палестинаны бошотуучу курал-жарак да, күч-кубат да бар экенин билебиз. Бул улуу шарапатка шашылгыла! Аллах силер менен! Ал силерге жардам берет жана иштериңерди текке кетирбейт.

﴿إِن يَنصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُم مِّن بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

“Эгер силерге Алла жар болсо эч ким силерди жеңе албайт. Эгер Ал силерди жардамсыз койсо, Андан Өзгө эч бир зат жардамчы боло албайт. Ыйман келтирген заттар Алланын Өзүнө гана сүйөнүшсүн!” (Али Имран сүрөсү, 160-аят).

Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү

26.07.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button