Комментарий

Кабул суусуз калган борборго айланабы?!

Кабул суусуз калган борборго айланабы?!

Афганистандын Улуттук айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Бразилияда өтө турган 30-конференцияга (COP30) Афганистандын расмий өкүлү катары чакырылды. Ал Афганистандын байкоочу макамын жоюу зарыл экенин, бул конференцияларга толук кандуу катышууга жана климаттын өзгөрүү кесепеттери боюнча үнүн жеткирүүгө укугу бар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкө кургакчылыкка, суу тартыштыгына, капысынан болгон ташкындарга жана айдоо аянттарынын кыскаруусуна туш болуп жатканын баса белгиледи.

Комментарий:

“Мерси Корпс” уюмунун жакында жарык көргөн баяндамасында Кабул дүйнөдөгү алгачкы заманбап борбор катары толук көлөмдөгү суу кризисине кабылышы мүмкүн экендиги эскертилди. Бул кризис климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын туура эмес башкаруу, калктын тез өсүшү жана шаарлардын кеңейиши сыяктуу бир катар себептерден улам күчөдү.

Афганистандагы катуу кургакчылык суу булактарын жок кылып, айыл жерлеринен элди көчүрүп, аймактардын 75%дан ашыгын чөлгө айлантты. Бул экологиялык кризис миллиондогон адамдарды ачарчылыкка, азык-түлүк жетишсиздигине жана катуу жакырчылыкка кабылуу коркунучуна кептеп, алардын жашоо булактарына олуттуу зыян келтирди. Климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Афганистандын чыгыш жана түндүк-чыгыш аймактарында, ошондой эле Дюранд сызыгынын ары жагындагы аймактарда да катуу сел каптады. Бул табигый кырсыктар себептүү бүтүндөй үй-бүлөлөр кырылып, кыйроолор жана үрөй учурган көрүнүштөр жүз берди.

Эл аралык экологиялык түзүмдөрдүн, анын ичинде БУУнун, COP30 жыйынынын жана “Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун рамкалык конвенциясы” сыяктуу институттар сырткы көрүнүштө дүйнөлүк кызматташуу катары көрүнгөнү менен, чындыгында ири державалардын жана капиталисттик түзүмдүн кызыкчылыктарына баш ийет. Дүйнөнүн эң ири климат булгоочулары жана климаттын өзгөрүшүнүн башкы себепчилери болгон АКШ, Кытай жана өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр климат боюнча өз убадаларын аткарууда жана климаттык адилеттүүлүккө каражат бөлүүдө эң аз жоопкерчилик көрсөтүп келишет. АКШнын Париж келишиминен чыгып кайра кириши жана каржылык милдеттенмелерин аткара албай жатышы — бул түзүмдүк туруксуздуктун мисалдары.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнүн түпкү себептери капитализмдин мабдаий жана экономикалык негиздеринен келип чыгат. Бул түзүм материалдык баалуулуктарды руханий, инсаний жана ахлакый баалуулуктардан жогору коёт. Казылып алынуучу отунду ашыкча колдонуу, табигый ресурстарды тынымсыз эксплуатациялоо, токойлорду кыюу жана керектөөнүн ашыкча болушу — мунун баары дал ушул дүйнө караштан келип чыккан көрүнүштөр. Бул системалуу бузулуу тууралуу Аллах Таала Куранда мындай деп айткан:

﴿ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ﴾

«Адамдардын өздөрү кылган кылмыштары себептүү кургактыкта да, деңизде да, (түрдүү) апаат – балээлер пайда болду». (Рум сүрөсү, 41-аят).

Башка жагынан алганда, бул маселелер жана табигый кырсыктарга жооп кайтаруу үчүн институттарды түзүү боюнча ички саясатта Афганистан өкмөтүнүн позициясы канааттандырарлык эмес. Андан да терең маселе, “Талибан” тышкы саясатта бейтарап экенин айтканы менен, бул позиция азыркы татаал дүйнөлүк вакыйлыкта жетишсиз жана дин же акылга негизделген эмес. Саясий, экономикалык, сакафий, а түгүл экологиялык жактан да дүйнөгө үстөмдүк кылган бузук түзүмдүн алдында бейтарап болуу мүмкүн эмес, натыйжалуу да эмес. Афганистан парник газдарынын чыгышында бейтарап өлкө болуп, булгап чыгарууларга эч кандай салым кошпогону менен, климаттын өзгөрүшүнөн эң катуу жабыркаган он өлкөнүн бири болуп эсептелет.

Дүйнө бизге зыян келтирүүдө бейтарап эмес. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин баяндамасына ылайык, Афганистан кургакчылык, сел, жер титирөө жана бороон-чапкындарды кошо алганда, табигый кырсыктар менен климаттын өзгөрүшүнөн эң катуу жабыркаган он өлкөнүн катарына кирет. INFORM 2023-жылкы коркунуч индекси боюнча Афганистан төртүнчү орунда, ал эми Нотр-Дам университетинин дүйнөлүк ыңгайлашуу индекси боюнча сегизинчи орунда турат. Мунун баарына карабастан, өлкөнүн парник газдарынын чыгышына салымы өтө аз. Демек, дүйнөлүк деңгээлдеги негизги маселе бул жашоонун бардык тармагына сиңип кеткен, адамдардын аң-сезимин жана жашоо образын да калыптандырган тамыры терең, бузук түзүм. Бул түзүмдүн ичинде интеграция болуу кризистин чечими эмес, тескерисинче, ал кризисти алсыз жана көбүрөөк көзкарандылык формасында кайра жаратуу болуп саналат.

Бул кризистин чыныгы чечими – исламий чечимдерге кайтуу жана Пайгамбарлык минхажындагы рашид Халифалыкты орнотуу. Дал ушул илахий түзүмгө кайтуу жана исламий өкүмдөрдү бийлик деңгээлинде колдонуу аркылуу гана дүйнөлүк бузук түзүмгө чакырык таштап, адамзатты жана табиятты өзүнүн фитраттагы абалына кайтарууга болот. Капиталисттик түзүмдөргө таянуу, адамзатка да, планетага да кутулуу эмес чыныгы жолу жок, натыйжасыз айлампага кул болууга алып келет.

Арслан Юсуф

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button