БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга эмне берет?

БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу Кыргызстанга эмне берет?
3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы добуш берүүдө Кыргызстан 142 добуш менен Коопсуздук кеңешине эки жылдык мөөнөткө туруктуу эмес мүчө болуп шайланды. Өлкө Коопсуздук Кеңешиндеги ишмердигин 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстан БУУга бир катар сунуштар менен барарын билдирди. Анын айтымында, БУУнун чечимдерин кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек. БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким тоготпой калган. Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат.
Комментарий:
Бириккен Улуттар Уюмун Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин согушта жеңип чыккан ири мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүшкөн. АКШ, Кытай, Россия, Франция жана Британия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгына каршы кандай гана резолюция сунушталбасын, аларга бөгөт (вето) коюу укугуна ээ. Демек, аларга каршы же алардын кылмыштарына каршы резолюция кабыл алуу таптакыр мүмкүн эмес. Маселен, Газадагы кыргындардан улам баскынчы яхудий вужудунун аракетин геноцид деп таануу сунушуна АКШ вето коюп, резолюция кабыл алынган жок. Демек, “Израил” кандай гана кылмыштарды жасабасын, БУУ тарабынан ага эч кандай чектөө коюлбайт. Мындай көрүнүш жаңы эле пайда болгон жок. Америка миллиондогон адамдардын өмүрүн алган 2001-жылдагы Афганистанга, кийин 2003-жылы Иракка болгон кол салуусунда да БУУ өзүнүн чечкинсиздигин көрсөткөн. Үстүбүздөгү жылы Америка Иранга каршы кол салганда да БУУ менен эч кандай эсептешкен жок.
Ошондой эле, Россияны алып карасак, ал да өзүнө каршы резолюцияларга бөгөт коёт. Мисалы, Украина маселесине байланыштуу Россияны сындаган же кандайдыр бир аракеттерин чектеген резолюция сунушталса, Россия Коопсуздук Кеңешиндеги өз укугунан пайдаланып, ага бөгөт коё алат. Коопсуздук Кеңешинин башка туруктуу мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү да ушундай. Бул болсо, аталган уюмдун өлүккө айланганын билдирет. Демек, колонизатор державалар Коопсуздук Кеңешинен пайдаланып, керек болгондо ага кайрылып олтурбастан бир тараптуу аракеттерди, согуштарды тутанта беришет.
Дал ушундай эч бир чечимге таасирин тийгизе албаган уюмдун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу Кыргызстан үчүн эч бир пайда алып келбейт. Ага кубануу бери жагы аңкоолук. Айрыкча, бул мүчөлүк Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн миссиясын аткара албай, каржылык жактан да оор абалга кептелген учурга туш келүүдө. Америка президенттигине келген Трамп БУУну каржылоону токтотуу менен коркутуп келет. Буга кошумча, Кытай дагы БУУга бөлө турган каражатты создуктурууда. Мындан улам, уюмдун гуманитардык бөлүмдөрү оор кризисти башынан кечирүүдө. Бул болсо экинчи дүйнөлүк согуш башталышынан мурун колонизатор мамлекеттер өз чек араларына батпай, жаңы аймактарды басып алуу үчүн согушка кирген учурга окшойт. Учурда да Америка баштаган колонизаторлор өз таасирин кеңейтип, эски колонизаторлорду аймактан кууп чыгуу аракеттерин күчөтүүдө. Буга карабастан, Американын өзү да ички жана тышкы саясатында оор кризисти башынан кечирүүдө.
Жыйынтыктап айтканда, дүйнө мурунку абалда сакталбашы айкын болуп калды. Мындан ары эл аралык мыйзамдар сакталбашы, эл аралык уюмдардын чечимдери тан алынбашы кадимки көрүнүшкө айланып бара берет. Айрыкча, дүйнө бир уюлдуулуктан көп уюлдуу формага өтүп жаткан шартта мындай көрүнүш табигый. Андыктан, биз мусулмандар Аллах Таала кушкабар кылган, бүткүл үммөттү бириктирип, алардын намысын, канын, жанын коргогон Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек. Мына ушул мамлекет дүйнөгө адилеттикти орнотуп, алсыздардын укугун коргоп, дүйнөгө бакубат жашоонун үлгүсүн көрсөтөт! Аллах Таала айтат:
یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ یَنصُرۡكُمۡ وَیُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ
«Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат”. [47:7].
Нурдин Асаналиев




