Эгер үммөт Газаны коргоо үчүн кыймылга келбесе, ал жакында өтө катуу кыргынга жана күчөгөн курчоого туш болот.

بسم الله الرحمن الرحيم
Эгер үммөт Газаны коргоо үчүн кыймылга келбесе, ал жакында өтө катуу кыргынга жана күчөгөн курчоого туш болот.
Газа бүгүн, жума күнү, 2025-жылдын 8-августунда, кылмышкер түзүмдүн министрлер кабинети шаарды толугу менен көзөмөлгө алуу үчүн операцияларын кеңейтүү чечимин кабыл алгандан кийин, өлтүрүү жана кыйроонун жаңы этабына кирди. Бул чечим АКШнын колдоосу астында, Трамп, Рубио жана “кара үйдүн” башка мүчөлөрүнүн сөздөрү аркылуу жарыяланды.
Оккупациянын бул жаңы чечими мындан ары дагы көбүрөөк кыргын, көбүрөөк ачарчылык жана көбүрөөк көчүрүүлөрдү билдирет. Бул Газага жашоо мүмкүнчүлүгү бар болсо да аны түп-тамырынан жок кылууга багытталган. Муну менен Газа элин эки гана тандоого мажбур кылууда: өлүм же көчүрүлүү, бирок алар өлүмгө жакыныраак.
Ал эми туткун Палестинанын башка тарабында кылмышкер түзүм сөз жана иш жүзүндө Батыш Иорданга толук үстөмдүгүн орнотууну чечип, өлтүрүп, камап, үйлөрдү бузуп, жерлерди тартып алып, баскынчылар отурукташкан жерлерди рак сыяктуу кеңейтип жатат. Шаарлар менен айылдардын кире бериштерине тосмолорду коюп, аларды Америкадагы кара терилүүлөрдүн жана Батыш колонизаторлорунун Африкадагы резервацияларына айландырууда.
Эй мусулмандар!
Аллахтын каарына калган ал пенделер өз кылмыштарын АКШнын, Батыш мамлекеттеринин жана алардын кожоюндарын колдогон мусулман өкүмдарларынын «арканысыз» ишке ашыра алышмак эмес. Газа элине болгон жалган «боор ооруларын» же жардам киргизүү тууралуу шалаакы чакырыктарын айтуу, бул элдерди адаштырып, алаксытуу гана. Себеби дал ушул мамлекеттер яхудий түзүмүнө курал-жарак берип, анын кылмыштарына калкан болуп турушат. Ал эми АКШ түзгөн «жардам борборлору» өлүм жана кыргын тузагына айланып, элдин нанын кандын даамы жана кордук менен аралаштырып коюшту.
Мына ушул кыргында Палестина бийлигинин ролу ачык көрүнүүдө. Алар яхудийлердин Газага кылган кылмыштары үчүн мужахиддерди айыптап, алардын куралдарын тапшырууга чакырууну эч токтотпойт. Балким, ушул кордук жана маскара менен кагаз жүзүндөгү мамлекет катары таанылууну үмүт кылып жатышса керек. Бирок бул мамлекетти АКШ сөз жүзүндө тебелесе, яхудийлер болсо жер үстүндө өзүнүн «суверенитет» чечимдери менен майдалап жатат. Ошентсе да, Палестина бийлигинин башчысы Газанын бир бөлүгүн башкарууну кыялданып келет, ал да болсо шаардык мэрия же жергиликтүү бийлик деңгээлинде; яхудий түзүмүнүн максаттарына кызмат кылган жалданма күчкө көбүрөөк окшош формада.
Палестина жана Газа маселесинде күмөн жок, себеби да айкын, чечими да түшүнүктүү. Бирок үммөткө каршы жүргүзүлүп жаткан адаштыруучу үгүттүн астында, ислам үммөтү Газа элине азык-түлүк киргизүүнү бир чоң жетишкендик катары көрө баштады. Анын алдында болсо, ок атышууну токтотуу жетишкендик деп эсептеди. Ошондой эле кол салууну токтотууну да ийгилик катары көрдү. Балким, яхудий түзүмү, дүйнө жана анын куралы болгон саткын өкүмдарлар, ислам үммөтүн «көчүрүлүп кетүү менен багынтуу Газа элин толугу менен жок болушунан жакшыраак», же «алардын жартысынын кырылышы бардыгынын кырылышынан артык» – деген жыйынтыкка жеткиргиси келип жатат.
Бирок үммөт өз аң-сезиминин түпкүрүндө билип турат: бул оорунун себеби баскынчы түзүмдүн болушу жана аны коргоп, бүтүндөй үммөттү Газаны колдоодон тоскон режимдердин болушу. Ошондой эле үммөт, Палестинанын дабаасы – бүтүндөй аймагын, деңизинен дарыясына чейин, толук азат кылуу экенин жакшы билет. Ислам үммөтү өзүнүн кошуундарын бир туугандарын коргоо үчүн кыймылга келтирүүгө милдеттүү. Ошондой эле үммөттү алсыздык иллюзиясы менен тарбиялап, демин суутуп, аны жасалма чек аралар менен бөлүп, ар тараптан талкалагандарды тепсеп өтүүгө милдеттүү.
Эй Мухаммад ﷺ дын үммөтү, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт!
Бүгүн Палестина маселеси мурда болуп көрбөгөн деңгээлге жетти: Масжид аль-Аксада яхудийлер өздөрүнүн ибадаттарын жана ырым-жырымдарын өткөрүп жатышат, Газадагы эл кыргынга учурап, ачарчылыкка туш болууда, Батыш Иордандагы эл геттолордо курчоодо жашап, эгер Аллах Өз мээрими жана жеңиши менен жардам бербесе, азыр болуп жаткан кыргындан да оор кырдаалга туш болушат.
Бүгүн ислам үммөтү тактарды кулатуу, чек араларды ачуу, андан соң Аллах жолунда жихадга чыгып Масжид аль-Аксаны азат кылуу үчүн жасалбаган ар бир кадамы менен Газа элинин каны, ачарчылыгы жана курчоосу үчүн мойнундагы күнөөлөрүнө жаңы күнөөлөрдү кошот.
Эгер үммөт аалымдары, карапайым калкы, ойчулдары, алдыңкы инсандары жана аскерлери менен бир туугандык сөзүн бириктирип, бир гана
لا إله إلا الله محمد رسول الله роясы астында, динди тикелей турган жана Аллах жолунда жихад кыла турган Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелебесе, анда Газа элине, айрыкча жалпы Палестинага карата кыргын мындан ары да күчөйт. Ошондо силер кылган ишиңер тууралуу сөзсүз суракка тартыласыңар.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَا لَكُمْ إِذَا قِيلَ لَكُمُ انْفِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ اثَّاقَلْتُمْ إِلَى الْأَرْضِ أَرَضِيتُمْ بِالْحَيَاةِ الدُّنْيَا مِنَ الْآخِرَةِ فَمَا مَتَاعُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا فِي الْآخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ (38) إِلَّا تَنْفِرُوا يُعَذِّبْكُمْ عَذَاباً أَلِيماً وَيَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيْئاً وَاللَّهُ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾
«Эй момундар, силерге эмне болду, Алла жолуна (согушка) чыккыла, делинсе өз жериңерге (тактап айтканда, журтуңарга) жабышып алдынар?! Акырет (нематтары)нан жүз үйрүп, дүйнө турмушунун (жыргалдарына) ыраазы болосуңарбы?! Акырет алдында бул дунүйө нерселери абдан аз нерсе го?! Эгер (согушка) чькпасаңар, (Алла) силерди жан чыдагыс азап менен азаптайт жана ордуңарга башка бир коомду келтирет. Силер болсо Ал Затка бир да зыян жеткизе албайсьңар. Алла бардык нерсеге кудуретгүү». (Тообо сүрөсү, 38-39-аяттар).
Хизб ут-Тахрир 14-сафар 1417-хижрий жыл
Берекелүү Палестина жери 08.08.2025-миладий жыл